БУУ Сирияда согушту Курман айтта токтотууга чакырды

Атышуулар өлкөнүн түндүгүндөгү Алепподо дале улантылып жатканы кабарланууда, 21-октябрь, 2012

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын өкмөтүн жана куралчан оппозицияны Курман айт майрамына байланыштуу төрт күндүк тынчтык келишимине келүүгө чакырды.
Сунушту Улуттар уюмунун жана Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими киргизген.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы абал боюнча буга чейин бир жактуу позицияга ээ боло албай келген. Бирок шаршембиде 15 өлкө мүчө болгон кеңеш бир добуштан Сирияда “бардык зомбулуктардын биротоло токтотулушун колдой тургандыгын” билдирип, бул боюнча жашыруун добуш берди.

Сунуш этилген план боюнча Сириянын өкмөтүнөн азырынча расмий билдирүү, жооп түшө элек. Козголоңчу топтордун кеминде бири ага каршы болду.

Бирок шаршембидеги жабык жыйында Брахими Сирия өкмөтү планды кабыл алууга даяр экенин, козголоңчу топтордун көбү ага макул болгонун билдирди.

Лахдар Брахими

"Биз Сирияда ар кайсыл топтор менен, ар түрдүү оппозициялык кыймылдардын лидерлери менен сүйлөштүк. Алардын көбү жарашуу планына макул болушту, - деди Брахими. - Эгер азыркы демилге ийгиликке алып келсе, муну биз узагыраак мөөнөттүү жарашуу келишимине пайдубал катары колдонолу деп жатабыз. Азыркы келишим кеңири саясий процесстин бир бөлүгү болуп калышы керек".

Улуттар уюмундагы Орусиянын өкүлү Виталий Чуркиндин айтымында, расмий Москвага түшкөн кабарлар Сирия өкмөтү ал план боюнча өзүнүн келишимин сунуш кылаарын көрсөтөт жана бул жөнүндө өкмөт бүгүн билдирүү жасашы мүмкүн.

Кыска мөөнөткө болсо да ок атууну токтотууга өкмөт макул экен деген кабарга козголоңчулар анча ишенбей турушканын билдиришүүдө. Козголоңчу армиянын аскерий кеңешинин башчысы Мустафа ал-Шейх “Президент Башар ал-Асаддын режими буга чейин да алдап, ишенимден чыкканын” айтты.

Азыр ыйык Курман айт майрамына карата ушул күндөрү куралдан баш тартуу келишими ишке ашат го деп үмүттөнүп жатканын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да билдирди. Орусиянын артынан ушундай эле билдирүүнү Кытай да колдоду.

Бээжинде тышкы иштер министри Хоң Лей бүгүнкү маалымат жыйынында сүйлөп жатып: "Биз Сириядагы бардык тараптар Улуттар уюмунун атайын чабарманы Лахдар Брахиминин тынчтык келишимин колдоп, өлкөдө зомбулукту токтотууга чын дилинен салымын кошот го деп үмүттөнөбүз, - деди. - Андан ары алар ушул учурду узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү үчүн колдонушат деп ишенгибиз келет".

Сирияда жаатташкан эки тараптын ортосунда тынчтыкка келүү боюнча Улуттар уюмунун буга чейинки элчиси Кофи Аннан сунуштаган план апрелде киргизилип, бирок бир нече күндөн кийин ал бузулган болчу.

Азыр болсо баш калаа Дамасктын четинде, өлкөнүн түндүгүндө дале ок атылып жатканы кабарланып жатат.

Ал арада Москвада орус аскерий күчтөрүнүн башкы штабынын төрагасы Николай Макаров сириялык козголоңчуларда чет мамлекеттерден алынып келген зениттик ракета комплекстери бар экенин, алардын айрымдары АКШда жасалганын билдирди.

Бул ракеталык компекстин жардамы менен душмандын асмандагы аскерий учагын же тик учагын атып түшүрсө болот.

Вашингтондогу расмий өкүлдөр Сириядагы козголоңчуларга зениттик ракета комплекстерин беришпегенин айтып жатышат. Кошмо Штаттардын Коргоо министри Леон Панетта мындан кабары жок экенин кошумчалады. Ал эми Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд: “Орусия Вашингтондун андай куралды оппозицияга бергенин кепилдеген далилдерин көрсөтсүн”, - деди.

Сирияда өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициялык топтордун атышуулары былтыр марттагы массалык демонстрациялардан кийин башталган.