АКШ Сирия бийлигине эскертүү берди

Америка Кошмо Штаттары Сирия бийлиги өз элине каршы дагы химиялык курал колдонууга барса, жаңы сокку уруларын эскертти.

Орусия президенти болсо дагы сокку уруу "эл аралык мамилени башаламандыкка алып келет" деп билдирди. АКШнын, Британиянын жана Франциянын Сирияга урган ракеталык соккусун Москва "эгемен өлкөгө карата агрессия" деп атаган.

Орусия президенти Владимир Путин Батыш мамлекеттеринин Сирияга каршы кандай гана кошумча соккусу болсун "эл аралык мамилени башаламандыкка алып келет" деп эскертти. Бул тууралуу ал 15-апрелде Ирандын лидери Хасан Роухани менен телефондон сүйлөшкөндө айткан. Эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу Кремль кабарлады.

Маалыматта Владимир Путин менен Хасан Роухани АКШнын, Британиянын жана Франциянын Башар Асаддын өкмөтүнө каршы соккулары эл аралык укукту бузуу менен жасалып, Сирия чатагын саясий жол менен чечүү мүмкүнчүлүгүнө олуттуу залал келтирди деп белгилешкен.

Башар Асаддын өкмөтүнө 14-апрелдин таңында удаа-удаа урулган ракеталык соккулар Батыш мамлекеттеринин Сирияда болуп жаткан жети жылдык жарандык согуштагы эң чоң чабуулу болуп калды.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли 14-апрелдеги Коопсуздук кеңешинин жыйынында “эгер Сирия режими уулуу газды кайрадан колдонсо” АКШ дагы сокку урарын эскертти:

- Биз Сириянын химиялык курал программасын майып кылдык деген ишенимде турабыз. Эгер Сирия режими акылсыздыгын көргөзүп биздин эркибизди сынагысы келсе, биз бул басымды калтырууга даярбыз.

Никки Хейли соккулар "өзүн актаганын, мыйзамдуу жана ылайыктуу" болгонун кошумчалады. ​

14-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөсү аба соккулары эгемен өлкөгө карата жасалган агрессия болду деген Орусия тарабынан сунушталган резолюциянын долбоорун колдогон жок. Башар Асаддын негизги өнөктөшү болгон Орусиянын демилгеси менен өткөн кезексиз жыйында Москванын БУУдагы өкүлү Василий Небензя сокку уруу менен Батыш мамлекеттери эл аралык мамиленин эрежелерин бузганын айтты:

- Бул деген эл аралык мамиледеги бейбаштык. Бул майда нерсе эмес. Мында өзөктүк куралы бар негизги державалар жөнүндө сөз болуп жатат. БУУнун санкциясы жок эле, уюмдун уставын, эрежесин жана эл аралык укуктун таянычтарын бузуп, терроризм менен күрөштө алдыңкы сапта турган эгемен өлкөгө карата агрессия жасалды.

АКШ, Британия, Франция Сирияга 14-апрелдин таңында сокку урду. Пентагондун маалыматы боюнча Сирияны карай 100дөн ашуун ракета атылып, бутага режимдин “химиялык курал программасына конкреттүү байланышы бар” жайлар алынды.

Ракеталык чабуулга Сириянын Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулган химиялык чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылды деген окуя себеп болду. Сириянын БУУдагы өкүлү Башар Жафари бул окуяны козголоңчулар уюштурган “маскарад” деп атады.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсондун айтымында, азырынча Сирияга дагы сокку уруу планы жок. Ал Башар Асад дагы бир жолу чабуул жасоого мажбур кылбайт деген ишенимин билдирди:

- Биз америкалык жана франциялык досторубуз менен бирге Асаддын химиялык куралынын дараметин азайтуу үчүн иштедик. Бул абдан маанилүү учур.

Ал арада Сирия армиясынын өкүлү Чыгыш Гута аймагы, анын ичинде Дума шаары согушкерлерден толук тазаланганын кабарлады.

- Биз аба мейкиндигин коргогон өзүбүздүн каражаттар аркылуу АКШ, Франция жана Британиянын үч тараптуу агрессиясына каршы туруп жатабыз. Ошондой эле биздин күжүрмөн куралдуу күчтөрүбүздүн жана өнөктөштөрүбүздүн өткөн жумадагы так жана күчтүү аскердик операцияларынын жардамы менен Чыгыш Гутаны, жака белин жана аны курчаган айыл-кыштактарды акыркы таянычы болгон Дума шаарынан качып чыккан согушкерлерден тазалаганга жетиштик, - деп билдирди Сирия армиясынын өкүлү.

Сириянын Коргоо министрлигинин бул маалыматын орус армиясы да ырастады.

Сириядагы жарандык согушта 350 миңден ашык киши каза тапты. Алардын үчтөн бир бөлүгү карапайым адамдар. Бир миллиондон ашууну жарадар болду, дагы 12 миллиондой адам качкынга айланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.