АКШ мамкатчысы Жон Керри белгилегендей, элдешүүнүн “Ислам мамлекети”, “Ан-Нусра” жана бир катар куралдуу экстремисттик топторго тиешеси жок.
Жон Керринин орусиялык кесиптеши Сергей Лавров жерден ИМге каршы чабуул жасоо, чыр-чатакты күчөтөт деген кооптонуусун билдирүүдө.
Бир жума ичинде мунаса табууга Мүнхендеги сүйлөшүүгө катышып жаткан тараптардын баары макул болду.
“Милдеттер кагазга жазылды, бирок аны бардык тараптын аткаруусу гана бекемдейт”, - деп белгиледи Керри.
- Биз бир жума ичинде аткарылчу иштерди дайындап, ок атышууну токтотуунун шарттарын белгилеп алуубуз керек. Бул учурда Сирия өкмөтү да, куралдуу топтор да урушту токтотууга зарыл чараларды көрүшү керек. Жаңжалды басуунун шарттарын башка бир топ иштеп чыгат. Ал топту АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү жетектешет, - деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Ал эми Керри менен Лавровдун британдык кесиптеши Филип Хэммонд эгер Орусия Башар Асаддын кол астындагы аскердик күчтөргө абадан колдоо көргөзбөсө гана элдешүү ишке ашарын белгиледи.
Дипломаттын айтуусунда, БУУнун тынчтык жарчылары жаңжал күчөгөн бардык аймакка гуманитардык жардам жетишин камсыздашы керек.
Шейшемби, 9-февралда сүйлөшүүнүн бардык катышуучулары бири-бирин конструктивдүү эмес позициясы үчүн сындашкан. Анда орус Тышкы иштер министрлиги жаңжалды басуу үчүн жүрүп аткан сүйлөшүүнүн токтошу үчүн Сирия оппозициясына жоопкерчилик жүктөп, Эр-Рияддан келген өкүлдөрдү сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды деп айыптаган.
Качкындардын абалы кыйындады
АКШ жана Түркия өз кезегинде сүйлөшүү орус бийлигинин Сириядагы чабуулдарынан жайкын тургундардын арасынан набыт болгондордун көптүгүнөн улам токтогонун айтышкан болчу.
Бул ирет Сирия кризиси боюнча сүйлөшүү бейшембинин кечинде Германиянын Мүнхен шаарында башталды.
Москва Сириядагы ок атышууну 1-марттан тарта токтотуу сунушун айтса, Вашингтон жаңжалды дароо токтотууну талап кылууда. АКШ үч аптада Орусиянын таштаган бомбалары Сириядагы байистүү оппозицияны түбү менен жок кылышы мүмкүн деп кооптонууда.
Орусия Мүнхендеги сүйлөшүү маалында Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча кеп козгоого даяр. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов жыйын алдында билдирди.
Ал тапта Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль 1-мартта Сириядагы ок атышууну токтотууну жарыялайт деген сөздөрдү четке какты.
- Мен азырынча бул боюнча эч нерсе дей албайм. Орусия башка бир катар өлкөлөр менен бирге кризисти кылдат чечүүнү көздөйт, - деди Песков.
Мүнхендеги жыйында Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер:
- Бүгүн биз буга чейин майнапсыз болгон талкууну улантып, дагы бир аракет кылалы деп турабыз. Эң негизгиси, Сирияда камоодо калып, азап чегип, ачка калган элге жардам беришибиз керек. Биринчи кадам - албетте, зордук-зомбулукту токтотуу. Анан акыры ок атышууну да токтотобуз деген ойдомун, - деп билдирди.
Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча Женевада январдын этегинде башталган сүйлөшүүгө 25-февралга чейин тыныгуу жарыяланган.
Сүйлөшүүлөр Орусиянын Алеппо шаарын бомбалоосун күчөткөнүнөн улам үзгүлтүккө учураган.
Алепподогу чабуулдар күчөгөндө шаардын он миңдеген тургундары Түркияны көздөй агылды.
Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хуссейн 11-февралда Алеппонун жака белинде жана Сириянын башка аймактарында качкындар оор абалда экенин айтып, кырдаал начарлап кеткенин билдирди.
51 миң тургун Алепподогу чабуул башталганы үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.
Ал тапта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган БУУ менен Евробиримдикти Анкараны качкындарга дарбазаны ачууну сунуш кылганы үчүн кескин сынга алды.
- Биз жардамга муктаж качкындарды кабыл алдык. 35 миңдей адам чек арада турат, аларга биздин гуманитардык уюмдар керектүү жардам көрсөтүп, азык-түлүк менен камсыздап жатышат. Эгер Орусия абадан, ал эми Сириянын өкмөттүк күчтөрү жер үстүндөгү операцияларын уланта берсе, качкындардын саны 600 миңге жетиши мүмкүн. Биз дал ушундай сценарийге да даяр болушубуз керек.
Буга чейин 2 жарым миллиондон ашуун качкынды кабыл алган Түркия Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүү демилгесин көтөрүп келе жатат. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини укуктук жактан болбосо да, моралдык жактан Түркия бозгундарга башпаанек берүүгө милдеттүү экенин эскертти.