Орусия Сирияда ИМ тобун бутага алдыбы же оппозицияныбы?

Сириянын Хомс провинциясындагы урандылар жана талкаланган имараттар. 30-сентябрь, 2015-жыл

Орусиянын Сириянын аймагында кечээ баштаган аба соккулары ал чын эле “Ислам мамлекети” тобунун турумдарын бутага алдыбы же оппозициянынбы деген күмөн саноолорду жаратты.

Москва аба соккуларына Сирияда бир нече апта бою аскердик турумун чыңдаган соң киришип олтурат. Буга чейин эле Орусия Сирия президенти Асаддын оппозиция менен күрөшүн колдойбу деген тынчсыздануулар да айтылган.

Орусиянын аскер учактары Сириянын аймагында аба соккуларын жасоого киришкени Федерация Кеңеши кечээ президент Путиндин чет өлкөдө аскер күчүн колдонуу өтүнүчүн канааттандыргандан көп өтпөй эле белгилүү болду.

Бул тууралуу алгач америкалык расмий өкүлдөр маалымдап, орус Коргоо министрлиги аба соккулар башталганын андан кийин гана ырасташты.

Президент Владимир Путин өзү Коопсуздук кеңешинин отурумунда сүйлөп жатып, Москванын Сириядагы аскерий чарасын толук мыйзамдуу деп мүнөздөдү:

Владимир Путиндин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушуусу. 30-сентябрь, 2015-жыл

- Орусиянын Сириядагы антитеррордук операцияга катышуусу эл аралык укуктун негизинде ишке ашырылууда. Бул Сирия Араб Республикасынын президентинин расмий кайрылуусунан улам болду. Биздин аракеттер мерчемделген чектин алкагында гана кетет. Биринчиден, биз Сирия аскерлеринин террористтик уюмдар менен мыйзамдуу күрөшүн колдойбуз. Экичинден, колдоо абадан гана көргөзүлөт, кургактагы операцияларга катышпайбыз. Үчүнчүдөн, бул колдоо мөөнөт жагынан Сирия аскерлери чабуул жүргүзгөн убакыт менен да чектелет.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун ырастоосунда, кечээ орусиялык учактар ИМ тобунун турумдарын, кампаларын, анын мүчөлөрүнө караштуу делген унааларды бутага алган.

Сириянын мамлекеттик телеканалы да орусиялык учактар сокку урган жети аймакты атады. Алардын арасында Хомс провинциясы жана анын түндүк тарабындагы Хама провинциясы да бар.

Орусияныкы делген аскердик учактар. Видео тасмадан алынган кадр

Орус учактары Сириянын батышында жайгашкан Хомс шаарынын жанындагы аймактарды бутага алганын америкалык расмий өкүлдөр да маалымдашкан.

Бирок Батыштагы расмий адамдар сокку “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бар жерлерге урулганынан күмөн санап жатышат. Маселен, француз тышкы иштер министри Лоран Фабиус Нью-Йорктон кабарчылар менен маегинде Орусиянын соккулары ДАИШти (“Ислам мамлекетинин” арабча аталышы) бутага албаганынын белгилери бар”,- деп айтты.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри БУУнун Коопсуздук кеңешинин Орусия төрагалык кылган жыйынында сүйлөп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Эгер Орусиянын соңку кадамдары жана азыркылары “Ислам мамлекети” тобун жеңүүнү чындап көздөсө, биз бул аракеттерди кубаттайбыз. “Ислам мамлекети” тобуна жана ага байланышы бар уюмдарга аскерий кысымды күчөтүү үчүн биздин операцияларды кагылыштырбоо жолдорун издейбиз. Бирок биздин “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүбүздү Асадды колдоо менен чаташтырбоо керек. Мындан сырткары биз Орусия эгер “Ислам мамлекети” тобу же “ал-Каидага” байланышы барлар аракеттенбеген аймактарга сокку урса, өтө терең тынчыздануу жараларын ачык айттык. Мындай соккулар Орусиянын чыныгы ниетинен күмөн санатат.

Орусия алгачкы аба соккулары учурунда бутага алган Хомс шаарынын айланасын "Ислам мамлекети" тобу көзөмөлдөбөй турганын айрым батыштык талдоочулар да белгилешүүдө.

Ал эми Сирия оппозициясындагы булактар Интернетке жана социалдык түйүндөргө орус аскерий учактары оппозициянын таянычы Талбиса шаарына сокку урганынын күбөсү деген видео тасмаларды чыгарышты.

Талбиса - президент Асадга каршы согушкерлердин жана Эркин Сирия аскерлеринин таянычы.

Бул шаар 2011-жылы Асаддын бийлигине каршы биринчи болуп көтөрүлгөн. Ошондон бери эле өкмөттүк күчтөрдүн соккусуна утур-утур кабылып келет.

Түркияда жайгашкан Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясынын жетекчиси Халид Хожа Twitter социалдык тармагына Орусиянын бомба чабуулдарынан кеминде 36 жайкын тургун мерт болгонун жазып чыкты.

Орусия Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Нью-Йорктон кабарчылар менен маегинде көңүл бургандай, Сирия оппозициясы жана Батыш өлкөлөрү орус учактарынын аба соккулары боюнча маалыматтарды бурмалап жатат.

Обама менен Путиндин БУУнун саммити алкагындагы жолугушуусу. 28-сентябрь, 2015-жыл

Орусиянын Сирияда аба соккуларын баштоосу президенттер Владимир Путин менен Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясында кайчы көз караштарын айтып, андан соң Сирия маселесин көзмө-көз талкуулагандан кийинки учурга туш келди.

Орусиялык аскерий талдоочу Александр Гольц мындай дейт:

- Менимче, Орусия деле АКШ баштаган коалициядагы өлкөлөрдүн жолу менен кетет. Көбүнесе демонстративдик мүнөздөгү аба соккуларды жасоо менен чектелет. Буга жарактуу күч ал жакта бар. Отуздай учак, негизиен чабуул койуучу жана бомба таштоочу учактар мурда эле алынып барылган. Бул аба соккуларын жасоо үчүн жетиштүү.

Москва аба соккуларына Сирияда бир нече апта бою аскерий турумун чыңдаган соң киришип олтурат.

Мындан улам Батыш өлкөлөрүндө буга чейин эле Орусия Сирия президенти Асаддын оппозиция менен күрөшүн колдойбу деген тынчыздануулар да айтылган.

Орус учактарынын Хомс жана Хама провинцияларына урду делген аба соккулары