АКШ: Сирия режими химиялык курал колдонгон

Химиялык курал колдонгон деп азыр Сирияда өкмөт менен оппозиция бири-бирин күнөлөп жатышат

АКШнын бийлиги Сирияда өкмөттүк күчтөр оппозициялык козголоңчулар менен согушта бир канча жолу химиялык курал колдонгону тууралуу далилдери бар экенин билдирди. Ошондуктан Ак үй эми Сириядагы козголоңчуларга курал-жарактан жардамын мурдагыдан да көбөйтө турган болду.
Президент Барак Обама буга чейин Сириядагы согушта химиялык куралдын колдонулушу Вашингтон үчүн “кызыл чекти” ашкандык болоорун билдирген. Муну Сириядагы конфликтке АКШнын кийлигишүүсүн күчөтө турган фактор деп жатышат.

Вашингтондон айтылган жарыянын алдынан сириялык козголоңчулар бир топ жерлерде өкмөттүк күчтөр менен атышууларда жеңилип, мурдагыдан да күчтүүрөөк куралга муктаж экенин билдиришкен. Алардын артка чегинишине Ливандагы куралдуу “Хезболла” тобунун өкмөттүк аскерлерге көрсөткөн салымы да таасир этти.

АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родсдун айтымында, Американын чалгын кызматтарында Сирия өкмөтү оппозиция менен согушта бир нече жолу аз көлөмдө химиялык курал, анын ичинде, нерв системасын бузуп, адамды шал кылчу зарин заты колдонулганы тууралуу далилдерди топтой алышты. Алардын көрсөтмөлөрү куралдан жапа тарткандардын симптомдоруна, күбөлөрдүн маектерине жана лабораториялык анализдердин жыйынтыктарына негизделген.

Ак үйдүн өкүлү Сириядагы андай куралдан 100дөн 150гө чейин адам өлгөн деп билерин да кошумчалады. Ошол эле маалда, химиялык куралды оппозиция колдонгону жөнүндө бир да ишенимдүү далил жок деп айтты.

АКШ эми козголоңчуларга кандай аскерий колдоо көрсөтөөрү азырынча так эмес. Бирок жарыя болору менен америкалык бир топ конгрессмендер Вашингтон сириялык оппозицияга танкаларды жок кылчу жана асмандагы душманды атып түшүрчү ракеталарды, дагы башка күчтүү куралдарды берсе болоорун айтышты.

Буга чейин Кошмо Штаттары сириялык козголоңчуларга адамды өлтүрбөй турган гана жардам берип келген. Оппозицияны согуш куралдары менен Сауд Арабия, Катар жана Түркия камсыздап турушту.

Расмий Дамаскка болсо куралдарды өкмөттүн узактан берки союздашы Орусия жөнөтүп турган.

Президент Башар ал-Асаддын өкмөтү өз өлкөсүндөгү согушта химиялык курал колдонгону жөнүндө алгачкы жолу айтылып жаткан жок. Буга чейин Асадды бул үчүн Франция менен Британия күнөөлөгөн. Европа биримдигиндеги бул эки өлкө жакында сириялык оппозицияга курал берүүгө тыюу салган эмбаргону алдырып салганга да жетишти.

Обаманын администрациясында Сириядагы конфликтке аралашуу канчалык туура болоору буга чейин кызуу талаш-тартыштарды жаратып келген. Айрым америкалык расмий өкүлдөр азыр АКШдан жөнөтүлчү куралдар сириялык козголоңчуларды колдогон “ал-Каида” өңдүү террор уюмдардын колуна түшүп калышы да ажеп эмес деп чочулашат.

АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс маалымат жыйынында билдиргендей, Кошмо Штаттары эми козголоңчуларга буга чейин берип келген жардамынан “мүнөзү жана көлөмү” жагынан айырмаланган колдоо жөнөткөнгө даяр.

"Президент оппозицияга мурдагыдан да көп жардам беребиз деп чечти. Анын ичинде оппозициянын Жогорку аскерий кеңешине тикелей аскерий колдоо да болот, - деди кеңешчи. - Мен азыр сиздерге ал жардам жөнүндө кеңири айта албайм. Бирок бир нерсени айтканым жетиштүү – биз буга чейин оппозицияга берип келген жардамдын алкагы боюнча да, мүнөзү боюнча да өзгөчөлөнгөн жардам жөнөтөбүз".

Родс Сирияда өкмөт химиялык курал колдонгону жөнүндө Вашингтон өз тыянагын Орусияга да кабарлаганын билдирди. Анын айтымында, Сирияда мындай курал колдонулганы жөнүндө кабар Орусияны да, башка эл аралык коомчулукту да ойлондурушу керек.

Ал арада Бириккен улуттар уюму Сирияда 2011-жылдын мартынан бери уланып жаткан конфликтте өлгөндөрдүн саны азыр 93 миңге жеткенин билдирди.