Лига Асаддын душмандарын ачык колдоду

Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин Сирия боюнча жыйыны. Каир, 12-ноябрь 2012

Араб лигасы жаңы түзүлгөн оппозициячыл коалицияны Сирия элинин мыйзамый өкүлү деп тааныды.
22 мүчөлүү уюмдун бул кадамы президент Башар Асаддын режимине болгон тышкы кысымды күчөтөт. Анткени араб өлкөлөрү Сириянын оппозициячыл коалициясын саясий жана материалдык жактан колдой баштайт. Бул жөнүндө Араб лигасынын Каирдеги жыйынынан кийин Катардын өкмөт башчысы шардана кылды. Перс булуңундагы алты мамлекет да жекшемби күнү түзүлгөн оппозициячыл коалицияны Сирия элинин бирден өкүлү деп тааныган.

Араб дүйнөсүндөгү соңку окуялар Сирия элин 42 жыл бою бөлүп-жарып бийлеген Асаддардын режимин эл аралык саясий камалоо жаңы баскычка өткөнүн жышааналайт.

Дүйшөмбү күнү Араб лигасы Сириянын оппозициячыл жана ыңкылапчыл күчтөрүнүн улуттук коалициясын 20 айдан бери президент Асаддын бийлигине каршы күрөшүп жаткан түрдүү оппозициячыл топтордун мыйзамый өкүлү деп тааныды.

Ал эми Катардын премьер-министри Араб лигасынын министрлер комитетинин атынан эл аралык коомчулукту да Сириянын оппозициячыл жана ыңкылапчыл күчтөрүнүн улуттук кеңешин тааныганга үндөдү.

“Биз регионалдык жана эл аралык уюмдарды Сириянын оппозициячыл коалициясын Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп тааныганга чакырабыз. Араб лигасы коалиция менен диалогго барат; аларга саясий жана материалдык колдоо көрсөтөт”, - деп кайрылды шейх Хамад бин Калифа ал-Тани 12-ноябрда Каирдеги саммиттен соң.

Араб лигасына 22 мамлекет мүчө. Бирок жыл башында өлкөдөгү жарандык согушка байланыштуу Сириянын мүчөлүгү убактылуу токтотулган.

Түркиянын чек арасына жакын жердеги Рас ал-Айн шаарчасы Сириянын аба күчтөрүнүн бомбалоосунан кийин. 13-ноябрь 2012

Катар өкмөтү ар кошкон Сирия оппозициясын кеңири платформага бириктирген Дохадагы жыйынга арачы түшкөн. Жаңы коалицияны түзүүнүн демилгечилери АКШ жана Араб мамлекеттери болду.

Улуттук коалицияга буга чейин оппозициянын жетектөөчү органы болуп турган Сирия улуттук кеңеши да кошулду. Андан айырмаланып, жаңы бирикмеге Асаддын режимине каршы өлкө ичинде согушуп жаткан түрдүү топтордун да өкүлдөрү кирди.

Сирия оппозициясынын улуттук коалициясын Араб лигасынын таануусу 11-ноябрда гана түзүлгөн уюшманын эл аралык деңгээлде таанылуусундагы алгачкы маанилүү кадам.

Европа биримдиги да Асаддын режимине каршы күчтөрдүн биригүүсүн колдоду. Ал жөнүндө Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча баш комиссары Кэтрин Эштон шейшемби күнү Каирде болгон Араб лигасы менен Евробиримдиктин кездешүүсүндө жар салды. Эштон айым Сириядагы алаамат коңшу өлкөлөр түгүл, бүтүндөй Жакынкы Чыгыштагы жагдайды осолдотуп жатканына да токтолду:

- Сириянын трагедиясы өлкөдөн башка да жалпы регионго таасир этүүдө. Бул жыйынга катышып жаткан өлкөлөр - баш паанек издеген бозгундар, ээ-жаа бербеген зобун-зордук эмне экенин, абалдын региондогу туруктуулукка жараткан коркунучун билишет жана тынчы кетүүдө. Биз жалпы Сирия элин колдоону токтотпойбуз жана андай аракетибизди дагы күчөтөбүз.

Бирок Франциянын коргоо министри Жан Ив Ле Дриан шейшемби күнү Парижде жасаган билдирүүсүндө жаңы коалиция Сириядагы бардык куралдуу топторду көзөмөлгө алмайын, аны таанууга эрте экенин эскертти.

Башар Асаддын ишенимдүү союздашы Орусия болсо, Муаз Хатиб башындагы коалиция Сириядагы кризисти сүйлөшүү аркылуу жөнгө салыш керек жана тышкы интервенцияга таянбаш керек деген көз карашта.

Сирияда 20 ай мурда тынч демонстрациядан башталган козголуш эбак жарандык согушка айланган. Эсептөөлөр боюнча, чатак кеминде 36 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Түркия, Иордания, Ливан жана Иракка 400 миңден ашуун сириялык качып өтүп, бозгун болуп жүрөт.