АКШ Сирия боюнча Анкарага кысымын күчөттү

АКШ жана Түркия президенттери. Осака, 27-июнь 2019-жыл.

Кошмо Штаттар Түркияга каршы санкция киргизди. Бир нече күндөн бери Вашингтон Анкараны Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын токтотууга үндөп келатат.

Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп мурда убада бергендей эле Түркияга санкция киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. «Кара тизмеге» Коргоо жана Энергетика министрликтери жана ал мекемелердин жетекчилери Хулуси Акар менен Фатих Дөнмез, бийликтеги «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын төрагасынын орун басары Сулейман Сойлу киргизилди.

Буга чейин АКШ Түркиядан келген болотко тарифтерди 50 пайызга көтөрүүнү, 100 миллиард долларлык соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотууну көздөп жатканы маалымдалган.

Стивен Мнучин.

- Кошмо Штаттар түрк аскерлеринин зомбулукту күчөтүп жатканы, бейкүнөө карапайым адамдарды кооптуу абалга кептегени жана чөлкөмдөгү кырдаалды курчутканы үчүн жоопкерчиликти түрк өкмөтүнө жүктөйт, - деди финансы министри Стивен Мнучин.

Вашингтон жазалоочу чараларга туш болгон адамдардын тизмеси кеңейтилиши мүмкүн экенин эскертти.

Ошол эле күнү Трамп түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сириядагы аскердик аракеттерди дароо токтотууга үндөдү. Бул тууралуу 14-октябрда вице-президент Майк Пенс билдирди.

Майк Пенс. Флорида, 18-июнь 2019-жыл

- Президент Трамп Кошмо Штаттар зомбулукка чекит коюлмайынча Түркиянын экономикасына каршы чара көрүлөөрүн так айтты. Биз салгылашуулардын дароо токтотулушун, Түркия менен Сириянын коргонуу күчтөрүнүн сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурушун каалайбыз.

Маалыматка караганда, вице-президент жакын арада аймакка барып, кризисти жөнгө салуучу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө арачылык кылмакчы.

Пенс Трамп күрд лидерлери менен байланышканын да кошумчалады.

Ошол эле күнү Сириянын өкмөттүк аскерлери күрд кошуундары менен макулдашууга ылайык Түркия менен чек ара аймагына тартыла баштаган.

Сириядагы күрддөрдүн лидерлери Дамаск менен сүйлөшүүлөр Орусиянын ортомчулугу менен жүргүзүлгөнүн билдиришти.

Түркия колдогон сириялык козголоңчулар. Тел Абияд, 14-октябрь, 2019-жыл.

Ал ортодо Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Люксембургдагы жыйында Түркиянын аскердик операциясын «чөлкөмдөгү туруктуулукка жана коопсуздукка залакасын тийгизип жатат» деп айыпташты.

Шаркет Анкарага курал-жарак сатууну чектеп, бирок эмбарго киргизүүгө чейин барган жок. Европадагы бир нече өлкө, анын ичинде Германия менен Франция да Түркияга курал экспортун буга чейин токтотуп коюшкан. Шейшембиде аларга Италия кошулду.

14-октябрда Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жыйынында сүйлөгөн Эрдоган операция өтөсүнө чыкмайынча улантыла берерин билдирди:

Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 10-октябрь, 2019-жыл.

- Кечээ эле Сирияны Араб Лигасынан чыгарып салгандар операция башталгандан кийин өлкөнү кайра лигага алып кирүүгө аракет кылып жатышат. Бул эмне деген шумдук? Түркия НАТОнун мүчөсүбү? Ооба. Европа Биримдигинин көпчүлүгү НАТОнун мүчөлөрүбү? Ооба. Качантан бери террордук уюмдар НАТОнун мүчөсүнөн корголот?

Анкара кошуна өлкөнүн түндүгүндөгү жортуулун 9-октябрда баштап, ал жерде 2 миллиондой сириялык качкын жайгаштырылчу «коопсуз тилке» орнотууну көздөй турганын билдирип келатат. Ал эми аймактагы күрд кошуундарын террорчулар деп эсептейт. Күрддөр баштаган «Сириянын демократиялык күчтөрү» «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы күрөштө Вашингтондун өнөктөшү болчу. Түрк аскерлери кошуна өлкөгө басып кирерде АКШ ал жактагы контингентин чыгарып кеткен.

Уруш башталгандан бери 160 миңдей жайкын тургун үй-жайын таштап жер которууга аргасыз болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.