Сирияга кеткен үй-бүлөсүн күтүп жүрүп үзүлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан Сирия менен Иракта калып кеткен кыз-келиндерди жана балдарды алып келүү аракетин көрүп жатканы менен аны ишке ашыра элек. Балдардын ата-энелери менен жакындары бул боюнча бийликтен байма-бай жардам сурап жатышат. Ал арада Сирияга кеткен аялын жана эки кызын алты жыл күткөн Рамаз Сариев 13-декабрда инфаркт оорусунан каза болду.