Премьерди өлтүргөн киши 34 жылдан кийин аталды

Улоф Палме. 12-декабрь, 1983-жыл

Швециянын прокуратурасы мурдагы премьер-министр Улоф Палменин өлүмү боюнча иш жабылганын билдирди. 34 жылдан бери бул кылмыштын бети ачылбай келип, мындан кийин деле Швециянын жаңы тарыхындагы эң табышмактуу окуя бойдон калчудай.

Мындан 34 жыл илгери, 1986-жылы, 28-февралдын кечинде Швециянын ошол кездеги премьер-министри жубайы Лисбет менен кинодон чыгып Стокгольмдун борбордук көчөлөрүнүн бири - Свеавегенде кетип баратканда белгисиз бирөө артынан эки жолу аткан. 59 жаштагы Палме ошол жерде жан берген.

Кылмыш болгон жерде 357 Magnum деген тапанчанын октору табылып, бирок курал өзү ошол бойдон табылган жок. Премьерди аткан киши качып үлгүргөн. Ошондон бери тергөө ондогон жылдарга созулду. Ал аралыкта он миңдей киши суракка тартылып, кылмыш ишине 22 миңдей далил тиркелген.

Палмеге кол салуудан кийин. Стокголм, 28-февраль 1986-жыл

Бул ишти караган башкы прокурор Кристер Петерссон шаршемби күнкү пресс конференцияда билдиргендей, премьерди Стиг Энгстрөм аттуу дизайнер өлтүргөн болушу мүмкүн. Ал 2000-жылы өз жанын кыйып каза болгондуктан, айып такпоо чечими кабыл алынып, иш жабылды.

Энгстрөмду кол салуу болгон жерге жакын көчөдө байкап калып, күбө катары суракка алышкан. Пресс-конференцияда белгиленгендей, тергөө ага каршы чогулган далилдер сот үчүн жетиштүү болмокпу же жокпу так айта албайт.

"Кылмышка шектүү адам жалгыз же дагы бирөө менен аракеттенгенби деген маселени көп талкууладык. Ошол маалда айланада байкалган башка адамдарды, топторду аныктоого аракеттенгенбиз. Кызыгууну жараткан адамдар болгон, бирок кылмышты бир нече киши алдын ала сүйлөшүп алып жасаган деген версияны бекемдеген фактылар табылган жок. Бирок ал кылмыш бир чоңурак кутумдун бөлүгү болгон деген божомолду таптакыр четке кага албайбыз".

Премьерди өлтүрүп кетишкенде адегенде майда кылмышкер айыпталып, көп узабай акталган. Аны Палменин аялы таанып, күйөөсүн ошол киши өлтүргөнүн айткан. Ал шектүү да 2004-жылы өтүп кетти. Тергөөчүлөр бир топ версияларды карап чыгышкан, 100дөн ашуун киши кылмышты жасашканын мойнуна алган. Бирок бирөө да далилденген жок.

Энгстрөмдун аты бул жылдар аралыгында көп аталып жүрдү. 2018-жылы премьердин өлүмүн иликтөө менен алектенип жүргөн журналист Томас Петерсон "The New York Times" гезитине берген маегинде Энгстрөм Палмеге каршы маанайын жашырбаганын, аны кылмышка саясий себептер да түрткөн болушу мүмкүн экенин айтып берген.

Прокурор швед лидерин өлтүрүүгө шектүү кишинин таржымалын полиция жакшылап карап чыкканын пресс-конференцияда билдирди:

"Стиг Энгстрөм полициянын назарына илингенде анын буга ага чейинки жашоосу, кылган иштери менен таанышканбыз. Курал колдонгонду билгенин аныктаганбыз, себеби аскердик чөйрөдө иштеген жана тапанчадан атуу клубунун мүчөсү болгон. Палмени жана саясатын сындаган конушунда активдүүлүгү менен белгилүү болчу. Узак убакыт ал акчадан кыйналып келгенин, ичкенин, алкоголдон дарыланганын да аныктаганбыз".

Премьерге кол салуунун артында ЦРУ, Югославия же Түштүк Африканын атайын кызматтары, күрт жикчилери, уюшкан кылымштуу топтор турат деген түрдүү божомолдор да айтылып келди.

Палме киши колдуу болгон жер.

Социал-демократиялык партиянын лидери Палме швед өкмөтүн 1969-1976-жылдары жана 1982-1986-жылдары жетектеп турду. Маркум эл аралык кризистерди чечүүдө көп жолу падышалыктын арачылыгын сунуш кылган жигердүү саясатчы катары таанылган. Вьетнам согушун жана Түштүк Африкадагы апартеидди сындап, Куба жана Никарагуадагы коммунисттик режимдерге колдоосун билдирип келген. Жесири 2018-жылы өтүп кетти.

Швециянын азыркы өкмөт башчысы Стефан Лөвен Палменин киши колдуу болушун өлкөнүн «бүтөлбөгөн жарасы» деп мүнөздөдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​