"Одинаны короосуна көөмп койгон". Зомбулуктан кыйылган өмүр
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сузакта аялын өлтүрдү деген шек менен кармалып, убактылуу абак жайында жаткан жаран кайын-журтун өлтүрөм деп коркутууда. 25 жаштагы келин Одинанын сөөгү үч-төрт жыл мурда ажырашып кеткен күйөөсүнүн короосунан 23-июнда табылган. Үй-бүлөдөгү зомбулук адам өмүрүн алып, эки баланы жетим калтырды.