Сузак: үлүш жерден топурак казган ишкер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 6-июлда өткөн нааразылык акциясынан кийин топурак казган карьердин иши токтоду. 2014-жылдан бери казылып жаткан карьер кеңейип, жергиликтүү тургундардын үлүш жерине чейин созулуп кеткен. Ишкер уруксаты жок, кошумча жерлерди да казып, айыл аралап ташып жаткан машинелердин чаңынан эл тажаганын айтышууда.