Суудан табылган Аселдин өлүмүнүн сыры ачыла элек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

14нөн 15-февралга караган түнү Асель Жанарбек кызы дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Издөө иштери бир айдан ашып, 18-мартта Асел Жанарбек кызынын сөөгү табылган. Ысык-Ата РИИБси факт боюнча кылмыш жаза кодексинин (адам уурдоо) 165-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизаларды дайындаган. Башкы прокуратуранын маалыматында 2023-жылы 130 аял өз өмүрүнө кол салган. Эң көп (52 учур) учур Жалал-Абад облусунда катталган.