Саммит алкагында 22 документ каралып, 7 келишимге кол коюлат. Макулдашуулардын көбү экономикалык багытта экенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Саммитке байланыштуу экономист жана серепчи Эмил Үмөталиев “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди.
“Азаттык”: КМШ өкмөт башчыларынын саммитинде карала турган документтердин көбү экономикалык багытта экен. Сиздин оюңузча, премьер-министрлер денгээлиндеги бул жыйында дагы кайсыл маселелер көтөрүлүшү мүмкүн?
Үмөталиев: Бул оор суроо. Анткени, КМШга кирген мамлекеттердин ымаласы, өлкөлөрдүн өзүндөгү экономикалык абал оорлоп баратат. Жакын арада оңолору да арсар. Бул уюмдун максаттары башынан эле дурус эмес болчу. Алгачкы жылдардан эле бир жеңден кол чыгарган бирдиктүү аракеттер байкалган эмес. Бул абал жылдан-жылга начарлап, экономикалык тосмолор көбөйүүдө. Соода согуштары күч алып жатат. Андыктан, саммитте негизги маселе эмнеге бурулушу керектиги тууралуу бир ой айтуу да кыйын маселе.
Мен орусиялык талдоочулардын пикирин ортого салайын. Алар фундаменталдык өзгөрүү, структуралык реформа болмоюнча, килейген Орусиянын экономикасы чөгөлөп, артка кете берерин белгилешүүдө. Мындай абал КМШдагы башка мамлекеттерге да таасирин тийгизет.
“Азаттык”: Саммитте мындан аркы ымаланы чыңдоонун жол-жоболору каралса максаттуу болмок деген пикирди билдиргиңиз келип турабы?
Үмөталиев: Бул саммит формалдуу эле жолугушуу. Анын жыйынтыгына ишеним арта албайм. Башынан эле ушундай болгон. Негизинен Орусиянын кызыкчылыктары каралып, башка мамлекеттердин талаптары толук кандуу аткарылбай келген. Ошондуктан КМШ барган сайын алсыз уюм болуп баратат. Саясатчылар деле көп талкуулабайт. Эл аралык кызыгуу деле жок. Мындайча айтканда бул уюмдун келечеги да күмөн. Саммит өткөрөбүз деп, убарадан башка пайдасын көрө элекпиз.
“Азаттык”: Бул саммитке Азербайжан, Армения, Өзбекстан жана Түркмөнстандан премьер-министрдин орун басарлары келет экен. Өкмөт башчылар деңгээлиндеги эл аралык саммит үчүн бул нормалдуу көрүнүшпү?
Үмөталиев: Жок, бул нормалдуу эмес. Уюмдун эл аралык абройу солгундап баратат деп айткан пикиримдин далили ушул. Уюмдун келечеги күмөн болгондуктан ич ара ынтымак жаралбай жатканынын белгиси. КМШ илгери эле “ажырашуу уюму” деп аталган. Аны зордоп эле кармап турушкандай.
“Азаттык”: Уюмду күчтөнтүүнүн кандай жолдору бар же такыр туңгуюкпу?
Үмөталиев: Мен орусиялык талдоочулардын пикирин ортого салайын. Алар фундаменталдык өзгөрүү, структуралык реформа болмоюнча, килейген Орусиянын экономикасы чөгөлөп, артка кете берерин белгилешүүдө. Мындай абал КМШдагы башка мамлекеттерге да таасирин тийгизет. Анын айынан биригүүгө умтулуу жоголот. Бул чындык. Тилекке каршы андай реформалар байкала элек. “Реформа болот” деген сөздөр куру убада. Бул Орусиядагы шайлоолор алдындагы жөн эле төш кагуу.
P.S.: Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин Бишкекте өтө турган саммитинде электр энергия объекттериндеги авариялар тууралуу маалымат алмашуу, билим берүү тармагындагы кызматташтык, радиоактивдүү булактарды жайгаштыруу маселелери талкууланат. Кол коюлчу документтер ичинде агробиотүрдүүлүктүү сактоо боюнча конвенция, мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери жана тартиптери тууралуу протокол да бар. Андан тышкары, социалдык тармактагы кызматташуу маселелери каралат. Саммит алкагындагы алгачкы жолугушуулар 6-июнда болот. Өкмөт башчылардын жыйыны 7-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Ага Беларус, Казакстан, Тажикстан, Молдова, Орусиянын премьер-министрлери катышат. Азербайжан, Армения, Өзбекстан жана Түркмөнстандан премьер-министрлердин орун басарлары келери күтүлүүдө. Кыргызстандагы Украина элчиси да чакырылган.