Судан: аскердик төңкөрүштөн кийин кризис күч алды

Суданда аскердик төңкөрүшкө каршы чыккан демонстранттар. 25-октябрь, 2021-жыл. Хартум.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Судандын бийликтен кулатылган өкмөт башчысы Абдалла Хамдок менен сүйлөштү. Судандын бийлигин басып алган аскердик жетекчилер Хамдокту бир аз мурда гана бошотушкан.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын айтымында, Блинкен Хамдоктун бошотулушун кубаттап, Судандагы аскердик күчтөрүн «камактагы баардык жарандык лидерлерди эркиндикке чыгарып, алардын коопсуздугун сактоого дагы бир жолу чакырды.

Ошондой эле африкалык мамлекеттеги аскердик төңкөрүшкө «терең тынчсыздануусун» билдирди.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы аскердик төңкөрүшкө реакция жасоо боюнча экономикалык санкцияларды караштырып жатканын айткан:

"Биз аймактагы лидерлер менен, анын ичинде Перс булуңундагы мамлекет жетекчилери менен тыгыз байланыштабыз. Муну менен Судандагы аскерлерге белги берип, эң биринчи кезекте бейкүнөө жарандарга каршы зомбулукту токтотуп, кармалгандарды бошотуп, демократиялык жолго кайтышын талап кылып жатабыз".

Ошондой эле Байдендин администрациясы Суданга каралып жаткан 700 миллион долларлык чукул жардамды токтоконун жарыялады.

Бир катар Батыш мамлекеттери төңкөрүштү айыптап, кармалган министрлерди бошотууга чакырып, эгер аскерлер бийликти жарандык коомдун өкүлдөрү менен бөлүшпөсө, жардам берүүнү токтоторун билдиришти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Судан боюнча жыйын өткөрүп, бирок эч кандай билдирүү жасаган жок.

Судандын бийликтен кулатылган өкмөт башчысы Абдалла Хамдок. 14-декабрь, 2020-жыл. Хартум.

Судандагы аскердик төңкөрүш

25-октябрдын таңында аскерлер өкмөт башчы Абдалла Хамдукту жана башка министрлерди, штаттардын губернаторлорун жана саясий партиялардын жетекчилерин кармап кетишкени маалым болгон.

Хамдуктун тарапташтары жана демократиялык топтор жарандарды аскердик төңкөрүшкө каршы чыгууга үндөштү. Мындан улам эки күндөн бери баш калаа Хартумда миңдеген адамдар аскер лидерлерине каршы демонстрацияга чыгып жатышат.

Улуттук желектерди көтөргөн демонстранттар калаанын ар кайсы бөлүгүндө дөңгөлөктөрдү өрттөшүүдө. Аскерлер аларга каршы ок атып, бир нече адам каза болгону кабарланууда.

Судандын куралдуу күчтөрүнүн башчысы, мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган Абдель-Фаттах Бурхан 25-октябрда аскерлер «жарандык согушка жол бербөө» үчүн бийликти басып алышканын билдирди.

"Айрым адамдар расизмди козутуп, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, биримдигине бүлүк салып, өлкөнү жарандык согушка алып баратышкан. Мунун баары биздин көз алдыбызда болуп, мындай сөздөр жай тургундардын арасында да жайылып жаткан. Мындай маселелер улуттук коопсуздукка жана куралдуу күчтөргө түз таасирин тийгизет".

Бийликти басып алгандын кийин уюштурган маалымат жыйында Бурхан жарандык өкмөт таркатылганын, саясий лидерлердин баары камалганын жана саясий топтор жарандарды коопсуздук күчтөрүнө каршы козутуп жатканына байланыштуу өзгөчө абал киргизилгенин маалымдады.

Дагы караңыз

Судандагы тирештин бүтчүдөй түрү жокСуданда эл армияга каршы толкуду

Суданда эки жылдан бери уланып жаткан кризис

Эки жыл мурда Суданда өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар аль-Баширдин бийлиги кулатылган. Башир коррупцияга, чет элдик валютаны мыйзамсыз сактоого айыпталып эки жылга кесилди. Андан соң аскерлер жана жарандык лидерлер бийликти бөлүшүү боюнча орток пикириге келишкен. Жыйынтыгында 2023-жылдын аягында шайлоо өтүшү керек эле.

Бирок быйыл өлкөдө саясий кризис кайра күчөп, демократиялык күчтөргө каршылар көчөлөргө чыгып, армияны бийликти өз колуна алууга чакырышкан.

2021-жылдын сентябрь айында Судан бийлиги аскердик төңкөрүш аракетин алдын алганын билдиришкен. Анда бийликти басып алууга айыпталып, 21 офицер жана бир катар аскерлер кармалган. Өкмөт башчы Абдалла Хамдок аскердик төңкөрүш аракети коопсуздук органдарында реформалардын зарылдыгын көрсөткөнүн билдирген.

Бир айдан кийин Бурхан Көз карандысыз кеңештин жетекчилигин жарандык коомдун өкүлүнө өткөрүп бериши керек болчу. 26-октябрда ал аталган кеңеш таркатылганын билдирди.