Судандагы тирештин бүтчүдөй түрү жок

Судандын ордо шаары Хартумда эки айдан бери демонстранттар бийликти убактылуу колго алган аскердик штабдын алдында нааразылык акцияларын улантууда.

Жекшембидеги акыркы кагылышта Суданда төрт киши өлдү.

Суданда аскердик өкмөт менен демонстранттардын тиреши токтой элек. Жекшембидеги акыркы кагылышта төрт киши өлгөнү кабарланды. Ал эми өткөн жумада аскерлер митингчилерди кууп тараткан окуядан жүздөй киши набыт болгон. Вашинтон ушул жумада Суданга тирешкен тараптарды тынчтыкка чакыруу максатында өз дипломатын жибере турганын жарыялады.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Африка иштери боюнча орун басары Тибор Над ушул жумада Судандагы аскердик өкмөт менен да, ага каршы чыгып жаткан демонстранттардын өкүлдөрү менен да жолугушмакчы. Ошондой эле аймактагы лидерлер менен Судандагы кризисти талкуулаш үчүн Эфиопияга да барат.

«Ал карапайым адамдарга коюлуп жаткан чабуулдарды токтотууга чакырат жана тараптарды тынчтыкка жетиш үчүн иш баштоого үндөйт», деп айтылат Мамлекеттик департамент тараткан маалыматта.

Судандын ордо шаары Хартумда эки айдан бери демонстранттар бийликти убактылуу колго алган аскердик штабдын алдында нааразылык акцияларын улантышууда. Алар айрым көчөлөргө тосмолорду коюп, лагерлерин да уюштурушкан. Аскерлер болсо «өлкөдөгү коопсуздукту начарлатып жатат» деп митинчилерди айыптап жатышат.

Хартум шаары. 5-июнь, 2019-жыл.

Демонстранттардын лидери Халид Омардын айтымында, Суданда декабрда башталган ыңкылап кыймылы уланып жатат. Ал революция бир айдан кийинби же бир жылдан кийинби, сөзсүз максатына жетет деп ишенерин айтты:

«Бул тосмолор чындыгында эле түрдүү куралдуу күчтөрдөн, анын ичинде армиянын, атайын даярдыктагы аскерлердин, ошондой эле Судан элин кыйнап, коркутуу үчүн Аскердик кеңеш жиберген күчтөрдөн коргонуш үчүн керек. Декабрдан бери каршылык көрсөтүп жаткан Судан эли тынчтык жана цивилизациялуу жолдор менен өзүн коргоого укуктуу».

Жекшембидеги акыркы кагылышта Суданда төрт киши өлдү. Аскерлер ушундан кийин коопсуздук чаралары дагы күчөтүлө турганын, шаарда жашоо өз нугуна түшүшү үчүн митингчилердин тосмолору алына турганын эскертип жатат. Акыркы кырдаалга байланыштуу шаарда айрым коомдук жайлар, дүкөндөр жабык турат.

«Биздин тилегенибиз эле коопсуздук. Бир кесим нан үчүн азап тарткыбыз келбейт. Өзүңдүн жана айдап жүргөн машинеңдин коопсуздугун ойлоп бушайман болуу эч кимге кереги жок. Жашоо оорлошуп кетти», - деди Хартумдун тургуну Абдулла Рахма.

Хартум шаары. 4-июнь, 2019-жыл.

​Нааразылыкка чыккандарды колдогон «Судандын дарыгерлер комитети» уюмунун маалыматына караганда, өткөн жумадагы кагылышта 118 адам өлдү. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги каза тапкандар 61 адам экенин, анын 49у Хартумда ок тийип өлгөнүн билдирген.

Суданда былтыр декабрда каршылык акциялары алгач азык-түлүктүн кымбатташына, накталай акчанын жетишсиздигине байланыштуу башталып, кийин президентти кетирүү тууралуу талаптарга өсүп жеткен. Апрелде өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар аль-Баширдин бийлиги кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылышууда. Суданда демонстранттардын лидерлери менен өткөөл аскердик өкмөт кризисти жөнгө салууда мунаса таба албай жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.