Борбордук жана Чыгыш Европадагы суу ташкындын кесепети

Борбордук жана Чыгыш Европада селдин айынан өмүрү кыйылгандар соңку маалыматтарга караганда кеминде 15 адамга жетти. 

Суу ташкындаган Румыниянын Слобозия Коначи шаарында тургундар улгайган аялга жардам көрсөтүп жатат. 

Польша, Румынияда шаарлар жана үйлөрдү суу басты. Бир катар жерлерде эл жапырт эвакуацияланды.  

Дрондун алынган сүрөттөр.  Румыниянын Галати округу.

Борбордук жана Чыгыш Европадагы суу ташкыны, сел "Борис" циклонунан кийин болду. 

Вена, Братислава жана Прага шаарларында бир нече күн ичинде бир нече айлык жамгыр жаады. 

Румыниянын Галати шаары. Сел агызып бараткан адамды куткарууга аракеттенип жаткандар. 

Румыния. Итти куткарган куткаруучулар.

Румыния, Галати округундагы Слобозия Коначи шаары. Бул шаарда ташкындан 700дөн ашуун үйгө зыян келтирилди. 

Слобозия Коначи аймагынын 60 жаштагы тургуну Стефана Бодеа. Суу ташкыны учурунда чатырга чыгып, тартылгандан кийин түшкөн. 

Слобозия Коначи. Үйүн каптаган суу тартылгандан кийин буюмдарын чыгарып жаткан жаран. 

Польшанын түштүгүндөгү Бжеще шаары. 15-сентябрда дрон аркылуу тартылган сүрөттө көрүстөндү суу каптаганын көрүүгө болот.  

Премьер-министр Дональд Туск өлкөнүн түштүк-батышында суу ташкындан бир киши каза болгонун ырастады.
 

Дрон тарткан сүрөт. Польша, Глухолазы шаары

 




 

Ныса, Польша. Глебинов ГЭСинде суу көтөрүлгөн учур. Велосипедчен киши суунун боюнан өтүп баратат. 

Жергиликтүү бийлик аймакта эки дамба жарылганын билдирген. 

Словакиянын борбору Братислава. Дунай дарыясынын деңгээли көтөрүлгөндөн кийин дамба орнотуп жаткандар. Мындай тосмолор Венгриянын борбору Будапештте жана Влтава дарыясы нуктан ашкан Чехиянын борбору Прагада да орнотулган.

Чехия, Есеник щаары. Үйүн суу басканда эвакуацияланган аял жакынын кучактап турат. 

Чехия, Есеник. 16-сентябрь, 2024-жыл  

Чех премьер-министри Петр Фиала өлкө боюнча 12 миңден ашуун адам эвакуацияланганын билдирди. 

Тынымсыз жааган жамгырдан кийинки суу ташкындын кесепетинен Борбордук жана Чыгыш Европада каза болгондордун саны өсүп жатат.