Тоталитардык мамлекеттердин адамзатка каршы кылмыштарынын бири – этностук тегине карап кыргынга учуратуу, депортациялоо жана сүргүнгө айдоо болгон. Сталинизм доорунда жүз миңдеген советтик немистер “эмгек армиясы” деп аталган жана иш жүзүндө эркин кишилерди абактык шартта кармаган жайларга айдалышкан. Тарыхчынын блогу.
Советтер Биримдиги сталинизм доорунда катаал жазалоолордун мамлекеттик машинесине айланган. Экинчи дүйнөлүк согуш доорунда бул тоталитардык мамлекетте ырайымсыз жазалоолордун улам жаңы түрлөрү пайда болгон.
Албетте, Экинчи дүйнөлүк согуштун жылдарында көп этностуу совет элине капысынан кол салган мурдагы шерикке – нацисттик Германияга каршы айыгыша согуш жүргүзүүгө туура келген.
Бирок бул согушта жеңишти камсыз кылуунун бийик мүдөөсү бийликтеги сталиндик режимдин ошол эле көп этностуу элдин айрым катмарларына карата ырайымсыз саясатын, алардын укуктарын одоно тебелеп-тепсешин жана жапырт (массалык) репрессиялык зулумдукка барышын эч качан актай албайт.
Адамгерчилик жана адамгерчиликсиздик менен тыгыз байланыштуу бул чындыкты XXI кылымдын башында да четке каккан замандаштарыбыз жок эмес.
Этностук тегине карата мамиле кылып, бүтүндөй бир элди “болжолдуу чыккынчы” катары жазалоо – акылга сыйгыс нерсе. Бирок мындай жазалоо ыкмаларын сталинизм арбын колдонду.
Дагы караңыз 21.6.1941: Атаганат, А.Лисковдун эскертүүсүнө ишенишкенде...
Нацисттик Германиянын көп этностуу элинин ичинен далай антифашисттер чыккандыгы тарыхта маалым.
Алфред Лисков сыяктуу айрым германиялык антифашист немистер 1941-жылдын 22-июнуна караган түнү өз жанын тобокелге салып, чек арадан өтүп келип, Адолф Гитлер баскынчыл согуш баштаган жатат, деп чек арадагы Кызыл армиянын өкүлдөрүн эскерткени да, бирок алардын чукул жана так маалыматтарына Сталиндин режими ишенбей койгондугу да белгилүү.
Рихард Зорге сыяктуу теги немис болгон советтик чалгынчылар жөнүндө да мыкты билебиз.
Тасма. Экинчи дүйнөлүк согушта эрдик көрсөткөн советтик немистер
Ошол эле учурда сталиндик режим советтик паспортунда этностук теги катары “немис” сөзү жазылган бир нече жүз миңдеген советтик немистерге “кыргыйдай” тийген: бул режим аларды “германдык нацисттер менен кызматташып кетиши ыктымал”, деген шектенүүнүн айынан эле жонунан “душман” катары бычып карап, 1941-жылдын август айынын соңунан тартып жапырт жазалай баштаган.
Калайык тобуна улуту (этностук теги) боюнча жамааттык күнөө таңуулоо жана бул топту жамааттык жазага тартуу – бул бейкүнөө кишилерди зомбулук менен барымтага алуу жана бейкүнөө куралсыз кишилердин тобун бөөдө жерден атып салуу сыяктуу эле, – өзгөчө оор кылмыштарга тете каралчу адамзатка каршы оор кылмыш түрүнө жатат.
Сталиндик режим жөөттөрдү концлагерлерде атайылап газ менен ууландырган жана өрттөгөн германдык нацисттердей кылмыштарга барбаса да, бүтүндөй советтик немистердин басымдуу бөлүгүн тарыхта “эмгек армиясы” деген аталыш аркылуу чагылдырылып калган абактык зулум системага күргүштөтүп айдаган.
Бул “эмгек армиясы” ооруктагы ар кыл кен жайлардагы оор кара жумуштарды аткаруу менен алектенген жөн гана эмгекчилер тобу болсо – башка кеп эле. Арийне, Улуу Атамекендик согуш деп аталган согуштун башталышынан кийин “эмгек армиясына” айдалгандар өз жакындары менен кат алыша алчу эмес, өзүнүн байырлаган жайы тууралуу маалыматты эч жакка айтпоого тийиш болгон. Алар өз киндик каны тамган жерге кайтып келүү укугу түгүл, башка бир жумуш ордуна өз эрки менен которулуу укугунан да айрылышкан. Иш жүзүндө, “эмгек армиясына” айдалгандар “пролетариат диктатурасындагы” абактык жана аскердик оор тартипте жашаган эрксиз кулдарга айланышкан.
“Эмгек армиясындагы” “жоокерлер”, демек, Экинчи дүйнөлүк согушка чейин эле сталиндик режим калыптандырып келген ГУЛаг системасынын абактарынын катаал тартибине ылайык шарттарда иштешкен. Алар “жумушчу батальондоруна” жиктелишкен. Алардын тамак-аш менен өп-чап жабдылышы деле катаал түрмөдөгүлөрдөй болгон.
Бул “жоокерлердин” өлүм-житими тууралуу маалымат жашыруун сакталган. Көп учурларда алардын набыт кеткендеринин сөөктөрү жапырт көрүстөндөргө аты-жөнү белгисиз бойдон көмүлө берген.
Дагы караңыз IIДС: Немис антифашисттери унутулбайт
“Эмгек армиясынын” “жоокерлеринин” өлүмүнүн көрсөткүчү катаал абактан атайын конуштарга (“спецпоселение”) чыгарылгандардыкына караганда кыйла жогору болгон.
Ал эми бул “жоокерлердин” жаңы аймактарга сүргүнгө айдалып, эркиндикте калган карыган ата-энелерине жана жаш балдарына кыпындай да көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, жаңы байырлай баштаган жеринде ач-жылаңач калган карыялар менен балдар азаптуу ачарчылыкка кириптер болушкан.
СССРдин Мамлекеттик коргоо комитетинин 1942-жылдын 10-январындагы, 14-февралындагы жана 7-октябрындагы (ошондой эле 1943-жылдын 26-апрелиндеги, 2- жана 19-августундагы) атайын токтомдоруна ылайык, депортацияланган советтик немистердин эмгекке жөндөмдүү өкүлдөрү жапырт “эмгек армиясына” тартылган.
Соңку (1943-жылкы) токтомдорго ылайык, 15 жаштан 55 жашка чейинки эркек немистер жана 16 жаштан 45 жашка чейинки немис аялдары “эмгек армиясына” жөнөтүлгөн. Андан качкандар өлүм жазасына чейинки катаал жазаларга туш болушу ыктымал эле.
Кээ бир орусиялык шовинисттер жана алардын көшөкөрлөрү “Улуу Жеңишти улуу орус эли камсыз кылды”, деп каадаланып айтып калышат. Нацизмдин үсүнөн болгон улуу жеңишке башка элдер менен катар эле ГУЛагдагы жана анын ичинде “эмгек армиясындагы” советтик немистер да опол тоодой салым кошкондугун ачык айтуу керек.
“Эмгек армиясы” деген абактык түр 1946-жылы гана расмий жоюлган. Арийне, мурда бул “армиянын” “жоокерлери” саналган советтик жарандар илгерки Московия мамлекетиндеги жерге бекитилген (“крепостной”) дыйкандар сыяктуу эле өздөрүнүн ишканаларында бир катар жылдар бою мыйзамсыз “бекитилген” бойдон кала беришкен.
(Караңыз: Павел Полян. История и география принудительных миграций в СССР. О.Г.И — Мемориал, М., 2001.)
СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1948-жылдын 26-ноябрындагы Жарлыгында советтик немистер “өздөрүнө бөлүнгөн аймактарга түбөлүккө жайгаштырылсын” деп баса айтылган.
1953-жылы мартта диктатор Иосиф Сталин дүйнөдөн өттү.
СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1955-жылдын 30-декабрындагы Жарлыгына ылайык, 1956-жылдан тартып гана советтик немистер жай сүргүндөгү даректерге атайын катталуу милдетинен кутулуп, өлкөнүн ар кыл аймактарына көчүп кетүү укугунан пайдалана башташкан.
Бирок советтик немистерге депортацияланганга чейинки мүлкүн кайтарып алуу же өзү мурда курган үйүнө кайтуу тууралуу кыялданууга да мүмкүн эмес эле. Этностор аралык тирешүү болбосун үчүн немистерге өздөрүнүн Эдил боюндагы мурдагы автономиясыенын аймагына кайра көчүп барууга чектөө коюлган.
Эдил боюндагы (орусиялык) немистерди үстүрт актоо (жарым-жартылай реабилитациялоо) жүрүмү СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1964-жылы 29-августта чыгарган Жарлыгынан кийин гана башталды. Бул жарлыкта Эдил боюндагы немистерди фашисттерге ылым санаган деп дүңүнөн айыптоонун өзү Сталдиндин керт башына сыйынуу дооруна таандык негизсиз жана өкүмзор турум болгондугу ачык сынга алынган.
Арийне, 1941-жылдагы Жарлыкты жокко чыгаруу менен катар эле, 1964-жылкы жарлыкта негизсиз депортацияланган немистер эми жаңы аймактарда дылуу-жумшак орун-очок алып калышкандыгы жөнүндө белгиленген. Жөнөкөй тил менен туюнтканда, советтик немистерге мурдагы улуттук втономиялык башкаруу түзүлүштөрүн калыбына келтирүүнү эңсөөнүн эч кажети жок экендиги аңдатылган.
СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1972-жылдын ноябрындагы (ачык жарыяланууга жатпаган) Жарлыгы гана немистерди мурда айдалган тийешелүү сүргүн жерлерине “байлаган” мыйзамсыз чектөөлөрдү биротоло жойгон.
Ошентип, 1941-жылдагы бүтүндөй этносту жазыксыз жерден жазалаган окуялардан соң, 31 жылдан кийин гана Советтер Биримдигинин бийликтери советтик немистерден алар эч жасабаган “күнөөнү” алып салышкан, бирок баары бир Эдил (Волга) боюндагы немистердин советтик автономиясы кайрадан калыбына келтирилген эмес.
Нечендеген немис тектүү совет жарандары СССРдин ар кыл аймактарында чачылып жашаган бойдон кала беришкен.
Дагы караңыз Немис элинин кыргыз тарыхындагы орду
Тээ 1970-жылдардын экинчи жарымында Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы КУУнун) тарых факультетинин жатаканасында кезметчи (вахтёр) болуп бир немис байбиче иштээр эле. Ал айым немис тилин үйрөнүп жаткан далай тарыхчы студенттерге ыктыярдуу көмөк көрсөтүп калаар эле.
Курсташтарыбыздын арасында да немис тегиндегилер бар болчу.
Атаганат, алардын жеке тагдырлары жөнүндө сурамжылоо ал кезде эч ойго келбептир.
Кыргызстанга христиандык менонит агымындагы немистер падышалык оторчулук доорунда (өзгөчө 1876-жылдан соң) арбын келе башташкан. Эдил боюнан да 1941-жылы Борбордук Азияга депортацияланган немистер болгон.
Атактуу немис тектүү педагог Владимир Филиппович Унгефухт (1932–2021) агайыбыз дагы Борбордук Азияга депортацияланган немистердин бири болгон.
1950-жылдардын экинчи жарымында, жаш чагында, Иосиф Сталиндин керт башына сыйынуу доору сынга алына баштаган чакта, В.Унгефухт агай Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын (мурдагы Тянь-Шань) районундагы Эчки-Башы кыштагына журт которуп келип, айылдагы кыргыз тилдүү сегиз жылдык мектепте мугалимдик ишин баштаган.
Кийинчерээк ал Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орус тилдүү орто мектептин деректири катары үзүрдүү иштеп жүрүп, 1990-жылдардын башында бирдиктүү Германияга – өзүнүн тарыхый атажуртуна үй-бүлөсү менен көчүп кеткен.
(Анын уулу Владимир да кыргызча суудай билет; ал КУУнун тарых факультетин сырттан окуп бүтүргөн жана жумгалдык кыргыз кызына үйлөнгөн).
Ала-тоолук немистердин Кыргызстандын чарбалык, маданий жана илимий өнүгүүсү үчүн кошкон зор салымдары эгемендик доорубузда ачык жана калыс чагылдырылып келет.
Дагы караңыз Анна Германдын Таласта калган балалыгы
Бирок сталинизм доорунда советтик немистер бейкүнөө жерден жапырт көргөн зулумдук жаатында ар тараптуу жана калыс изилдөө иштери азыркы окумуштууларды дагы да күтүп келет.
Заманбап Орусиянын калыс тарыхчылары бул жаатта жаңычыл изилдөөлөрүн жарыялашууда.
Маселен, тарых илимдеринин доктору Виктор Николаевич Земсков өзүнүн 2005-жылы жактаган диссертациясында 1930–1960-жылдардагы жалпы эле СССРдеги чакан этностордун мыйзамсыз депортацияланышынын тарыхын геноцид көрүнүштөрүнө теңеп, мындай деп таасын жазат:
“Майда элдерди бара-бара ойрон кылуунун сталиндик варианты негизинен маоисттик вариантка жакын болгон, бирок ошол эле учурда ал гитлердик вариантка мүнөздүү бир катар өзгөчөлүктөргө да ээ болчу. Немистерди, калмактарды, кырым татарларын, чечендерди, ингуштарды, карачайларды, балкарларды, корейлерди, ингермандыктарды, месхет (ахыска) түрктөрүн, күрттөрдү жана башка кээ бир майда элдерди депортациялоо – совет коомундагы этностук жуурулуштуруу жүрүмдөрүн ыкчамдатуу максаттарына да кызмат кылган жана, негизинен, бул чакан элдерди башка алда канча ири элдердин кыртышында жуурулуштуруунун эсебинен, өзгөчө алганда, бул чакан элдерди тымызын геноцидге кабылтуу жана алардын биологиялык мүмкүнчүлүктөрүн начардатуу аркылуу бара-бара эл катары жок кылуу мүдөөлөрүнө да кызмат кылган; бул (геноциддик кесепет) – чакан элдерди мажбурлап көчүргөн маалда жана алардын жаңы атайын конуштардагы алгачкы тиричилиги маалында өлүм-житим көрсөткүчү төрөлүү көрсөткүчүнөн бир нече эсе жогору болуп калышынын дагы терс натыйжасы болгон”.
Орусча тексти:
“Сталинский вариант ликвидации в перспективе малых народов был в основном близок к маоистскому варианту, но в то же время имел ряд черт, свойственных для гитлеровского варианта. Депортация немцев, калмыков, крымских татар, чеченцев, ингушей, карачаевцев, балкарцев, корейцев, ин-германландцев, турок-месхетинцев, курдов и некоторых других малых народов служила цели как ускорения ассимиляционных процессов в советском обществе, так и ликвидации в перспективе этих народов в основном за счет их ассимиляции в более крупных этнических массивах и частично за счет завуалированного геноцида и ослабления их биологического потенциала, что достигалось многократным превышением смертности над рождаемостью при насильственном переселении и в первые годы жизни на спецпоселении”.
Дагы караңыз IIДС: Боксчу Борзенконун Бухенвалддагы эрдиги
Депортацияланган дээрлик миллионго жакын сандагы советтик немистердин жүз миңдеген алдуу-күчтүү өкүлдөрүнүн бир кыйласы “эмгек армиясында” жүрүп, оор турмуштук шарттардын айынан набыт кеткен, мунжу болгон же тукумсуз калган учурлар көп болгон.
Жалпысынан, алардын көргөн запкысы жана сталинизмден кийинки доордогу мерез саясаттын улантылышы жалпы эле советтик немис диаспорасынын биротоло бытырашына жана маданий автономия укуктарын кайра калыбына келтирүүнү эч талап кыла албай калышына түрткү болгон.
Көп этностуу коомдордо зулумдук болочокто кайталанбасын үчүн тарыхтын ачуу сабактарын мындан дагы терең үйрөнүү зарыл экендигин советтик немистердин ачуу тагдыры тааасын айгинелеп турат.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.