Совет доорундагы даңазалуу футболчу Виктор Понедельник дүйнө салды

Виктор Понедельник. (1937–2020).

Даңазалуу футболчу Виктор Понедельник 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Ростов-на-Дону шаарында жерге берилмекчи.

Совет доорундагы 1960-жылкы жеңишти камсыз кылган даңазалуу кураманын акыркы өкүлү Виктор Владимирович Понедельник 5-декабрда 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал 60 жыл мурда Европа чемпиондугун утуп алган атактуу советтик футбол курамасынын мүчөсү болчу.

Анын кайтыш болгонун кызы Анастасия “Фейсбук” барагында жазды.

Орусиянын футбол федерациясы да 6-декабрда бул кайгылуу окуяны кабарлады. Федерациянын өкүлдөрүнүн айтымында, маркум Понедельник “легендарлуу футболчу" болгон.

Ал эми УЕФАнын көңүл айтуу билдирүүсүндө Понедельник 1960-жылдагы Европа чемпионатынын финалдык оюнунда жеңишти камсыз кылган голду киргизген “баатыр” катары жогорку баага татыган.

Виктор Владимирович Понедельник.

Виктор Владимирович Понедельник 1937-жылы 22-майда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында туулган.

Анын футболдогу карьерасы Ростовдогу аскердик окуу жайда (азыркы тапта Ракета аскерлеринин М.И.Неделин атындагы Ростов аскердик институтунда) курсант кезинде башталган. Мында ал футбол ышкыбоздорунун “Буревестник” ийримине катышып, ойноп келген.

1956-жылы жаш талантты байкашып, ростовдук “Торпедо” клубуна чакырышат. Бул клуб СССРдеги футболдун “Б” баскычындагы мелдештерге катышчу. Понедельник анда 5 матчта 3 гол киргизген. 1957-жылы бул клуб “Ростсельмаш” деп аталып калат.

Дагы караңыз Москва олимпиадасы - кыргыз спортунун туу чокусу

Понедельник мырза 1959-жылдан тартып аскердик чөлкөмдүн жергиликтүү спорттук клубунда ойной баштайт (азыр ал Ростов-на-Донунун СКА клубу деп аталат; мындагы СКА шарттуу кыскартуусу орусча “армиянын спорт клубу” – “спортивный клуб армии” деген сөздөн алынган).

Бул клуб 1959-жылдан 1973-жылга чейин СССРдеги футболдун “А” баскычында (“элиталык” середе) ойногон. Понедельник да Ростов-на-Донунун СКА клубунун оюнчусу катары жакшы ойной баштайт, ал “чү” дегенде эле Москвадагы ЦСКАнын (ал кезде – СССР Коргоо министрлигинин борбордук спорттук клубу) дарбазасына гол киргизет.

Анын жигердүүлүгү жана ийгилиги көзгө көрүнүп, СССРдин курамасына чакыруу алат. Ага чейин СССР футболунун тарыхында төмөнкү топтогу клубдан дароо СССР курамасына футболчу Юрий Кузнецов гана чакырылган экен.

1960-жылы 19-майда Понедельник эл аралык матчка алгачкы жолу катышып, СССРдин Польша курамасы менен жолдоштук мелдешинде 3 гол киргизген (жалпысынан, СССР өз атаандашын ошондо 7:1 эсебинде уткан).

Ошентип Понедельник 1960-жылы 6–10-июлда Францияда (Париж менен Марселде) өткөрүлгөн Европа чемпионатына оюнчу катары катышууга жолдомо алат.

Дагы караңыз Илимпоз жана футболчу Кайып Оторбаев

Жарым финалда СССРдин курамасы Чехословакиянын курамасын 3:0 эсебинде утат. Югославия футболчулары француздарды 5:4 эсебинде уткан. 3-орун үчүн мелдеште Чехословакиянын курамасы Франциянын курамасын 2:0 эсебинде уткан.

Алтын медалга жетүү үчүн күрөш эки социалисттик өлкө – СССР менен Югославиянын курамаларынын ортосунда жүрдү. Оболу югославдар алгачкы эсепти ачууга жетишкен. Оюндун 49-мүнөтүндө грузин тегиндеги чабуулчу Слава Метревели (1936–1998) эсепти теңөөгө жетишти. Оюндун негизги убакыты 1:1 эсеби менен аяктап, андан соң кошумча убакыт берилди.

Дал ушул кошумча убакытта оюндун бүтөөрүнө 7 мүнөт калганда, Виктор Понедельник жеңиштүү голду киргизүүгө жетишти.

Анын Париждеги дал ушул голу СССР футбол курамасын гана эмес, жаш футболчунун өзүн да спорт тарыхында калтырды.

СССРдин курамасы (оңдон солго): Валентин Иванов, Лев Яшин, Владимир Кесарев, Виктор Понедельник, Валентин Бубукин, Анатолий Масленкин, Виктор Царев, Анатолий Крутиков, Юрий Войнов, Слава Метревели жана Михаил Месхи. Москва ш. 1960-жылдын 1-июлу.

Виктор Понедельник өзү өсүп чыккан клубду таштап кеткиси келген эмес. 1961-жылы аны ЦСКАга чакырышат, бирок анда бир да матч ойнобостон, кайрадан Ростовдун СКА клубуна кайтып келе берген жана алгачкы мелдештеги оюндун экинчи таймында талаага чыгып, өз клубун утулуудан сактап калган. (Бул клубда ал 1965-жылга чейин ойногон).

Ал 1962-жылы 30-майдан 17-июнга чейин Чилиде өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышкан. 31-майда СССР Югославияны 2:0 эсебинде утканда, эки голдун бирин Понедельник киргизген.

3-июнда СССР менен Колумбия 4:4 эсебинде тең чыккан (советтик голдордун бирин Понедельник киргизген).

СССРдин курамасы чейрек финалга чейин барган. Анда Чилиге 2:1 эсебинде утулуп калган.

Понедельник 1964-жылы СССРдин курамасынын мүчөсү катары Европа чемпионатына да катышкан. Ал Испаниянын Мадрид жана Барселона шаарларында 17–21-июнда өткөн.

Финалга жолдомо алчу мелдештерге Венгрия, Дания, Испания жана СССР курамалары чыккан. Жарым финалда (Барселонада) СССР Данияны 3:0 эсебинде уткан. Анын бир голун 40-мүнөттө Понедельник киргизген. Советтик дарбазачы – айтылуу Лев Яшин (1929–1990) болчу.

Даңазалуу дарбазачы Лев Яшин. 1971-жыл.

Испания болсо Венгрияны (Мадридде) кошумча убакытта 2:1 эсебинда уткан.

Акыры, 21-июнда Мадриддеги Сантьяго Бернабеу стадионунда испандар советтик кураманы 2:1 эсебинде утуп кеткен. Советтик жалгыз голду теги татар Галимзян Хусаинов (Галимҗан Салих улы Хөсәенев; 1937–2010) киргизген.

Кантсе да, Понедельник өз курамасы Европа чемпионатында күмүш медалга ээ болушуна өз салымын кошкону маалым.

Дагы караңыз ФИФАнын каражаты, кыйналган кыргыз футболу

Жалпысынан, СССРдин курамасында Понедельник ар кыл мелдештерде 29 матчта ойноп, 20 гол киргизген. Ал эми СССРдин ичиндеги чемпионаттарда 217 матчка катышып, 86 гол киргизгени маалым.

1966-жылы ал Москвадагы “Спартак” клубуна өтөт, бирок бир да матчка катышпастан, спорттук карьерасын аяктайт.

1966-жылы 23-октябрда ал СССРдин ГДРге каршы оюнуна катышып (курамалар 2:2 эсебинде тең чыгышат), 29 жашында өзүнүн футбол менен оюнчу катары коштошуу мелдешин өткөргөн.

Марк Рафалов (оңдо) - «Даугава» менен «Ростсельмаш» клубдарынын матчынын калысы. 1967-жыл.

Ал кийинчерээк “Ростсельмаш” клубунун машыктыруучусу болду (1966—1969), андан соң спорттук баяндамачы болуп жүрдү.

Ал 1984—1990-жылдары “Футбол–Хоккей” апталык басылмасынын башкы редактору болуп иштеди.

Дагы караңыз ЧОКМОРОВДОРДУН КЫРГЫЗ СПОРТУНА КОШКОН САЛЫМЫ АТ КӨТӨРГҮС

Атактуу футболчунун сөөгү Орусиядагы өзү туулуп-өскөн Ростов-на-Дону шаарында жерге берилмекчи.

Футболчу Виктор Владимирович Понедельник. Ростов-на-Дону шаары. (ТАССтын сүрөтү).

Беш жыл мурда Дон жергесиндеги бул шаарда “Олимп-2” стадионунун маңдайында Виктор Понедельниктин колуна кубок кармаган бейнеси чагылдырылган айкели тургузулган. Ал шаардын ардактуу атуулу наамына татыган.

Андан тышкары, өзүнүн СКА клубундагы балдардын футбол академиясы да анын ысымын алып келет. Эми бул академиянын маңдайына да атактуу футболчунун айкели тургузулмакчы. Бул тууралуу футбол академиясынын башкы деректири Леонид Никонов 6-декабрда маалымдады.