"Спектакль жана маскарапоз шоусу". Путин бешинчи президенттик мөөнөткө баратат

Владимир Путин 2023-жылы 14-декабрда Москвада өткөн ар жылдык маалымат жыйынында.

Саясий оппозиция толугу менен иш жүзүндө жок кылынып, Орусия жетилген авторитаризм деп аталган бийликтин чеңгелинде тургандыктан, өлкө март айындагы эч кандай атаандаштыгы жок президенттик шайлоого даярданууда. Владимир Путин анчалык ысы-чуусу жок эле дагы алты жылдык мөөнөткө ат салышып жатат.

Кремлдин көптөгөн байкоочулары президент Владимир Путин 14-декабрда өткөргөн суроо-жооп марафону анын келерки жылдын 15–17-мартында дайындалган шайлоодо бешинчи президенттик мөөнөткө шайланууга умтулуусунун башталышы болот деп күтүшкөн эле. Мунун ордуна ал 8-декабрда учкай билдирүү жасады.

Ал эми алты күндөн кийин өткөрүлгөн төрт саатка созулган телекөрсөтүү иш-чарасында 71 жаштагы Путин падышалык доордон берки эң узак бийлик жүргүзгөн орус лидери боло алары тууралуу дээрлик эч ким унчуккан жок.

Баарлашуунун башталышында кыскача сөз болгондон тышкары, Ыраакы Чыгыштын Магадан шаарынан келген жаш журналист суроо берер алдында: "Биз баарыбыз келерки жылы сиздин шайлоого катышуу тууралуу чечимиңизди колдойбуз", - деп алдыдагы өнөктүк жөнүндө ачык айтты.

"Анткени мен эс тарткандан бери ансыз деле сиз бийликтесиз десек болот", - деди журналист 1999-жылы жыл жаңырар алдында Борис Ельцин отставкага кеткенден бери Орусияны президент же премьер-министр катары башкарып келе жаткан Путинге.

“Иллюзиясыз… жаңы деңгээл”

Путин бийликке келгенден бери Орусия авторитаризмге ооп баратканы байкалууда. Бирок 2018-жылдагы акыркы президенттик шайлоодон бери бул көрүнүш болуп көрбөгөндөй күч ала баштады. Ансыз да маргиналдашкан оппозиция толугу менен ооздукталды. Алдыңкы оппозициячылар Алексей Навальный, Владимир Кара-Мурза жана Илья Яшин узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

2020-жылы Конституцияга киргизилген бир катар түзөтүүлөр Путинге дагы алты жылдык эки мөөнөткө ат салышып, бийликти 2036-жылга чейин ээлеп туруу мүмкүнчүлүгүн бериши ыктымал.

2022-жылы Москва Украинага жапырт басып киргенден кийин сөз эркиндигин чектеген катаал мыйзамдар кабыл алынган.

"Чет элдик өкүл" жана "экстремизм" тууралуу мыйзамдар менен бирге, алар бөлөк пикирдегилерди кысмакка алуу үчүн колдонулат.

"2018-жылкы шайлоо таптакыр зулумдук шайлоо болчу, - дейт "Дождь" телеканалынын журналисти Михаил Фишман. - Ал шайлоо эмес эле диктаторду такка отургузуу болду. Бул эми кандай жол-жобо экенине эч ким күмөн санабай калган башка баскыч".

Экономист жана саясий серепчи Кирилл Рогов Орусия «жетилген авторитаризм» абалына кирди деп эсептейт.

"Анын негизги өзгөчөлүгү - оппозициянын добуш берүүнүн жана шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир тийгизе турган уюштуруу ресурсу жетишсиз экендигинде", - деп белгилейт ал "Азаттыктын" орус кызматына берген маегинде.

Мындан тышкары, "Левада-центр" иликтөө тобунун социологу Лев Гудковдун айтымында, орус коомундагы тынчсыздануунун деңгээли «өтө жогорку жана «өнөкөт мүнөзгө ээ». Эмгек акы жана инфляция жаатындагы кооптонуулардан башка да санааркоонун «экинчи тиби» бар.
«Кишилердин бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдерге таасир этүү мүмкүнчүлүгү жок экени менен байланышкан бүдөмүк, арасат санаага салган башка тип да бар, - дейт ал. - Демек, аздыр-көптүр белгилүү мөөнөткө кандайдыр бир кепилденген жашоону камсыз кыла алган институттар жок".

"Мунун баары, албетте, биз мамлекетке пассивдүү ыңгайлашуу деп атаган коомдун жиктешүүсүнө алып келет", - деп кошумчалайт ал.

"Согуштун президенти"

Орусия - согуш абалындагы өлкө, бирок ал жөнүндө айтууга тыюу салынган. Согуш шайлоо өнөктүгүнө кедергисин тийгизет, бирок нааразылык күчөп жатканына жана Путин кезектеги антын берери менен жаңы мобилизация башталат деген негиздүү кооптонууларга карабастан, бул маселе жаратпайт. Ал эми Орусияда согушту анча-мынча же кыйытып сындоо "куралдуу күчтөрүн аброюна доо кетирүү" катары кылмыш деп эсептелет.

Кишилер Омскидеги ресторанда тамактанып жатышат. Телевизордун экранында Москвадагы Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат жыйыны түз көрсөтүлүүдө. 2023-жыл, 14-декабрь

"Путиндин жаңы мөөнөтү - бул согуш мөөнөтү болот", - дейт социолог Игорь Эйдман. Ал согуштун белгисиз экономикалык чыгымдарын эске алганда, Путин үчүн популисттик ишарат жасоо кыйынга турарын белгиледи. - Ал шайлоочуларга жаңы эч нерсе сунуш кыла албайт... элди жашоонун материалдык, практикалык жагы, абатчылык, эмгек акы, пенсия, батирлер жана башкалар кызыктырат. Бул жаатта Путин элди кызыктырар эч нерсени сунуштай албайт".

"Өнөктүктүн башталышына караганда, Путинди элди бириктирүүчү "жеңишчил", согуштун президенти катары көрсөтүүгө басым жасашат, - деп кошумчалайт Эйдман. - "Ашууда ат алмашпайт" жана башка ушул сыяктуу жүйөлөрдү келтиришет".

Фишмандын айтымында, жакынкы бир нече айдын ичинде согуш жөнүндө маалыматты жайылтууга көзөмөл жүргүзүү негизги ролду ойнойт:

"Путиндин талапкерлигин көрсөтүү учурундагы бизге көрсөтүп жатышкан бул согуш окоптордогу согуш эмес, - деди ал. - Бул параддык согуш, бул жакага таккан медалдары бар согуш, бул аймактарды кошуп алуу менен болгон согуш, бул оккупацияланган жерлердин өкүлдөрү. Бул өзүн Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиштеринин өлөсөлүү көчүрмөсү катары көрсөткөн согуш жана өзү себепчи болгон кан менен өлүмдү этибар албаган согуш".

"Оперетта" операциясы

Путиндин дагы бир мөөнөткө калгысы келери жөнүндө билдирүүсүнөн бир нече саат өткөндөн кийин (анын каалоосу эч кимди таң калтырбады), бийликтеги "Единая Россия" партиясы жана Путинди колдогон Жалпы орус элдик фронту (ЖЭФ) шайлоо өнөктүгүн уюштуруу үчүн «демилгечи топту» түзүү тууралуу жар салышты.

"Единая Россиянын" катчысы Андрей Турчак мамлекеттик маалымат каражаттарына бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарын өлкө боюнча көзөмөлдөгөн партия өнөктүктү өткөрүү үчүн бардык керектүү ресурстар менен камсыз кыларын айтты.


Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Кремль жергиликтүү аткаминерлерге 70 пайыз шайлоого келгендерден Путиндин пайдасына болуп көрбөгөндөй 80 пайыз жыйынтык чыгарууну буюрган.

"Албетте, алар каалаган нерсени кылып, каалаган жыйынтыкты ала алышат", — дейт Эйдман.

"Электрондук добуш берүүнүн жайылышы, шайлоого көз карандысыз байкоону жок кылуу, үч күндүк добуш берүү жана Украинанын жарым-жартылай оккупацияланган аймактарында добуш берүү сыяктуу факторлор бурмалоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Кремлдин жагымпоздору шайлоо деп аталган бул спектаклди, фарсты, бул маскарапоздукту (кандай атасаңыз ошондой атаңыз) жыйынтыгы алдын ала белгилүү болсо дагы өткөрүүгө тийиш. Эң башкысы, аларга эл дүркүрөгөн кол чабуу менен, эч тоскоолдуксуз жана кынтыксыз өтсө болгону", - деп кошумчалады ал.

Эйдмандын айтымында, Путин - "бул опереттанын негизги көрүүчүсү» жана анын саясий нөкөрлөрү калктын көбү колдойт деп аны ынандырышы гана керек.

"Мунун эмне менен байланышы бар экенин айта албайм, бирок ал качан болбосун өзүнүн кадыр-баркы үчүн абдан кыжаалат болот", - деп түшүндүрөт эксперт.

Роберт КОАЛСОН