Расмий Мадриддин Каталония автоном аймагындагы “мыйзамсыз” жана “антиконституциялык” деп атаган референдумду токтотуу аракети учурунда испан полициясы жергиликтүү шайлоочулар менен кармашып, шайлоо бекеттеринен бюллетендерди тартып алганга чейин берди.
Каталония аймагынын чукул жардам көрсөтүү кызматтарынын эсебинде, шайлоо бекеттерине келе жаткандардын полиция менен кагылыштарынан кеминде 337 киши жаракат алды.
Жергиликтүү El Periodico деген басылманын маалыматына караганда, Барселонанын борбордук бөлүгүндөгү тирешүүлөрдүн кеминде бирөөндө полиция ал жерге чогулгандарга каршы желим окторду да колдонгон.
Каталон аймактык өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Жорди Турулдун ырастоосунда, 1-октябрдагы добуш берүү үчүн 2300дөй шайлоо бекеттин төрттөн үч бөлүгү ачылды.
Испаниянын Ички иштер министрлигинин эсебинде полиция 70тей шайлоо бекеттерине рейд жасады. Кагылыштарда күч түзүмдөрүнүн 11 өкүлү жарадар болду.
Добуш берүүнү жеңилдетүү үчүн автономдук аймактын бийликтери шайлоочуларды бюллетенди үйлөрүнөн эле принтерден чыгарып, полиция тарабынан жабылбаган шайлоо бекеттердин кайсынысына келип болсо да добуш берүүгө чакырууда.
Референдумдун жактоочулары полицияга тоскоолдук кылуу үчүн шайлоо бекеттери жайгашкан мектептерде балдары менен ойноп, ал жерлерде түнөп дагы чыгышты.
Каталониянын президенти Карлес Пучдемон болсо добушту ал өзү алгач жарыялаган шайлоо бекеттен башка жерде берди. Полиция президент Пучдемон алгач келе турган добушкананын айнектерин күбүп салган:
- Испан өкмөтүнүн, полициясынын шайлоо үкөктөрүн, шайлоо бюллетендерин, шайлоо бекеттерин коргогон адамдарга каршы актоого болбой турган кыянатчылыктары Испаниянын тышкы кебете-кешпирин, шермендичиликти абдан жакшы сүрөттөп турат. Бул биздин эсибизде түбөлүккө калат, - деди Пучдемон 1-октябрда кабарчыларга.
Конституциялык кризис
1-октябрдагы референдум жана аны менен байланышкан окуялар Испаниядагы ондогон жылдар ичиндеги эң ири конституциялык жана саясий кризис катары каралып жатат.
Бул Каталониянын көз карандысыздык маселесинин күн тартибине биринчи эле ирет чыгышы эмес. Бирок азыркы референдум аймактык жана борбордук бийликтер ортосунда чыңалуу жана тирешүү жаратты.
Испан өкмөтү референдумду мыйзамсыз деп санагандыктан ага жол бербөөгө аракеттене турганын күн мурунтан эле билдирип, Каталония аймагына кошумча полиция күчтөрүн да алып келген эле.
Премьер-министр Мариана Ражой апта башында АКШда болгон учурунда расмий Мадриддин каталон референдумуна каршылыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Көз карандысыздыкты бир тараптуу жарыялоо абдан туура эмес чечим. Бул мен же Каталония өкмөтү кабыл ала турган чечим эмес. Азыр референдум өтө албай турганын баары билишет. Анткени каталон өкмөтүндө референдумду уюштурган шайлоо комитети, команда жок, бюллетендер жок, шайлоо бекеттеринде адамдар да жок. Мунун баары ызы-чууга эле алып келет, демократиялык референдумдун минималдык кепилдиктери да камсыздалбайт. Андыктан азыр акыл-эске кайтып, бул нерсенин баарын токтотуу керек. Болгону бул ажырымды, чыңалууну гана күчөтүп, жарандарга эч жардам бербейт. Мен биз мыйзам, диалог жана акыл-эс үстөмдүк кылган жаңы баскычка кирүүбүздү каалайт элем.
Референдумга Испаниянын Конституциялык соту дагы тыюу салган эле. Автономиялык аймактын президенти Карлес Пучдемон референдум үчүн “бардык нерсе даяр" деп 10-сентябрда эле жарыялаган болчу.
Жыйынтыгы сентябрдын башында жарыяланган сурамжылоолордун бири Каталония жашоочуларынын 41,1% көз карандысыздыкты жактарын, 49,9% буга каршы экенин көргөзгөн.
Анткен менен ал сурамжылоого тартылгандардын 70% референдум талаш маселени биротоло чечип, белгисиздикти жоюшун жакташкан.
Каталония бийликтери эгер референдум өтүп, анда “ооба” дегендер басымдуулук кылса, көз карандысыздыкты “48 саат ичинде жарыялоону” убада кылышкан.
Франция менен чектеш жана курамына Барселона шаары да кирген, өз салт-санаасы бар Каталония автономия макамы менен Испаниянын курамында 15-кылымдан бери турат. Аймакта азыр 7,5 миллион калк жашайт. Добуш берүүгө укуктуулардын саны 5,3 миллиондун тегерегинде.