Эл аралык космос бекетинин өткөөлүнөн сызылып чыккан абанын олуттуу коркунучу жок

Эл аралык космос бекети. 2011-жылдын 30-майы.

Орбитадагы Эл аралык космос бекетинде абанын жылчыктан сызылып чыгуусу улантылып жатканын америкалык “НАСА” космос агенттиги билдиргенин “РИА-Новости” кабар агенттиги жарыялады. Бул көрүнүш эл аралык бекеттин Орусияга таандык “Звезда” модулундагы өткөөл камерада орун алууда.

Жекшембиге (27-декабрга) караган түнү экипаж командири, орусиялык космонавт Сергей Рыжиков камерага кетчү люкту жаап салды. 18 сааттан кийин алиги жабылган бөлүмдөгү аба басымы сымап тилкеси боюнча 730дан 620 миллиметрге чейин түшкөнү айгинеленди.

Орусиялык "Союз МС-17" космос кемеси Эл аралык космос бекетинин “Рассвет” модулуна жалгашуу алдында. (Бул кеме менен Сергей Рыжиков, Кэтлин Рубинс жана Сергей Кудь-Сверчков Эл аралык космос бекетине жеткирилген). 2020-жылдын 14-октябры. Космонавт Иван Вагнер тарткан сүрөт. Роскосмос.

Саал мурдараак, 19-декабрда Эл аралык космос бекетиндеги азыркы экипаж бекеттин кайсы жагынан аба чыгып кетип жатканын аныктоого мүмкүн болбой жатканын, анын айынан кычкылтек кору азайып баратканын билдирген.
Аба сызылып чыгып жаткан болжолдуу жылчыкты табуу далаалаты бекетте август айынан бери жасалып келет. Октябрда болсо бул жылчыктын орду табылганы айтылган. 4,5 сантиметрдей жылчык жабылганы айтылган менен, абанын чыгышы дагы эле улантылып жатат.

Эл аралык космос бекетинен абанын анча-мынча сызылып чыгуусу 2019-жылдын сентябрында алгач байкалган. Бирок ал кезде бул маселе “НАСА” жана “Роскосмос” агенттиктери үчүн өзгөчө маанилүүдөй туюлган эмес. Быйыл август-сентябрда абанын сызылып чыгуусу беш эсе өскөн.

Дагы караңыз Роскосмос: «Фёдор» роботу кайра космоско учпайт

“Роскосмос” космос агенттигинин маалымдашынча, жылчык жалпы Эл аралык космос бекетине жана анын анын экипажына эч коркунуч туудурбайт. Азыркы тапта Жердеги адистер жылчыкты биротоло жабуу аргаларын издеп жатышат.
Эл аралык бекеттеги орусиялык бөлүмдүн учуусун башкаруу тобунун жетекчисинин орун басары Юрий Гидзенко 2021-жылдын февралында "Прогресс МС-16" жүк ташуу кемеси Эл аралык космос бекетине жаңы жүк жеткирмекчи, анын арасында мүшкүл пайда кылган өткөөл камеранын жылчыгын толугу менен жаап, герметизацияны биротоло калыбына келтирүүчү жабдуу да болот, деп билдирди.

Дагы караңыз Ындыкара аял 2021-жылы тарыхта алгач ирет Эл аралык космос станциясына учат

Жаңы (2021-) жылы "Прогресс МС-16", "Прогресс МС-17” жана "Прогресс МС-18” жүк ташуу кемелери Эл аралык космос бекетин көздөй 15-февралда, 30-июнда жана 28-октябрда учурулаары жана эки күн ичинде бекет менен жалгашааары алдын-ала пландалганы кабардалды.

Учурда Эл аралык космос бекетинде 64-экспедициянын экипажы өз милдетин аткарууда. Анын командири – орусиялык космонавт, Орусия Федерациясынын Баатыры Сергей Николаевич Рыжиков.

Борт инженерлер: Виктор Гловер, Соити Ногути, Кэтлин Рубинс, Сергей Кудь-Сверчков, Шеннон Уокер жана Майкл Хопкинс.

Эл аралык космос бекетиндеги узак мөөнөттүк 64-экспедициянын экипажы. Солдон оңго: Кэтлин Рубинс, Виктор Гловер, Соити Ногути, Сергей Рыжиков, Майкл Хопкинс, Шеннон Уокер жана Сергей Кудь-Сверчков. 14.9.2020.


2021-жылы март айында В.Гловер, С.Ногути, Ш.Уокер жана М.Хопкинстин ордуна Эл аралык космос бекетинде башка төрт астронавт – Меган МакАртур, Роберт Шейн Кимбро, Тома Песке (французча Thomas Pesquet) жана Акихико Хошиде иштей баштамакчы.

Дагы караңыз «Crew Dragon» кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты

Бул экспедиция 2020-жылы 21-октябрда өз ишин баштаган. Анын үч өкүлү «Союз МС-17» космос кемеси менен келген, калгандары америкалык ишкер Илон Маск түптөгөн «SpaceХ» компаниясынын «Crew Dragon» кемеси менен жеткирилген. Бул соңку кеменин жалгашуусу “НАСА” космос агенттигинин жеке менчик соода-сатык компаниясы менен кызматташуу программасынын алкагында алгачкы ирет жүзөгө ашырылды.

"SpaceX" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск. 2019-жылдын 2-марты.

“SpaceX” компаниясынын «Crew Dragon» кемесинин алгачкы экипажы адаттагыдай 3 кишиден эмес, 4 кишиден тургандыктан, Эл аралык космос бекетиндеги узак мөөнөттүк 64-экспедициянын курамы да ар кыл өлкөлөрдөн келген 7 космонавттан куралып калды.

Дагы караңыз 2021-жылда күтүлгөн технологиялык саамалыктар жана санааркоолор

2021-жылдын март айында “SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 1-экипажынын ордуна 2-экипаж келмекчи. Ал эми орусиялык "Союз МС-17" кемесинин 2021-жылдын 18-апрелиндеги учуусу менен байланыштуу узак мөөнөттүк 64-экспедициянын иши соңуна чыкмакчы жана кезектеги 65-экспедиция үчүн жол ачылмакчы.