- Саламатсыздарбы! Алгач 1917-жылы чыккан “Бирлик туусу” гезитинин бешинчи санындагы Төрөкул Жанузаковдун “Кыргыз боорлорум” макаласынан үзүндү келтирейин. Макаланы тарыхчы Элебай Турганбаев Жанузаков тууралуу эмгегинде келтирген. Анда: “Өзүбүз аракет кылбасак, же кыргыз бар деп бирөө айтпаса, эскерилбей, сыртыбыздан бирөө сатып жиберип, бирөөнүн колунда кул болуп кетербиз”, - деп жазат Жанузаков. Гезит 1917-жылдын 24-июнь айынан 1918-жылдын апрелине чейин жарык көрүп турган. Албетте, кеп бул жерде ушундай ойлорду жазган “өзүбүз аракет кылалы, мамлекет болгонго умтулалы” деген Төрөкүл Жанузаков тууралуу. Ал ким болгон? Ошол 1917-жылдары эле ушундай ойлорду жазып, каяктан жүрүп саясий жактан жетилген? Талант агай, сөздү өзүңүз баштаңыз.
Талант Разаков: Төрөкул Жанузаков (1893–1921) кыргыз үчүн күйгөн. Мүмкүн, кээ бир жеринде жаңылышкандыр, кээ бир жеринде аша чапкандыр, кээ бир жеринде жетпей калган чыгар. Төрөкул Жанузаков 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздарды "кайра мекенибизге кайткыла” деп, алардын кайтып келишин уюштургандардын бири. Ач, жылаңач келаткан кыргыздарга тамак уюштуруп, Төрөкул Жанузаков кыргыздарды тосуп алган. Биринчи эмгеги ошол. Февраль революциясынан кийин Орусиянын Думасында Александр Керенский 1916-жылдагы окуя жөнүндө эки сааттык доклад жасаганын дагы айтып коюшубуз керек. Ал докладын окудум, аябай кенен жазылган. Куралсыз элди кырган падышачылыкты айыптап чыккан. Кыргыз элинин 40% ашыгы кырылган.
- 1919-жылы Төрөкул Жанузаков Жети-Суу облусундагы качкындарды жайгаштыруу боюнча Түркстан борбордук аткаруу комитетинин өзгөчө комиссиясынын төрагасы болуп туруптур. Демек, Февраль, Октябрь ыңкылаптарына чейин эле саясий жактан такшалган киши экен да?
Талант Разаков: Ооба. Саясий жактан жетилип, патриот болуп, окуяларды түшүнгөн.
Арслан Капай уулу Койчиев: Биринчиден, Төрөкул Жанузаков кыргыздын ак сөөк үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ошол себептүү Меркедеги орус-тузем мектебинде окуган. Ошол маалда, революцияга чейин орус-тузем мектебин бүтүрүү азыркы замандагы университетте окуганга барабар болгон. Орус-тузем мектебинде билим алган кыргыздын мыктыларынан болгон. Экинчиден, Мерке талаасы, Чүй боору XX кылымдын башында Борбор Азиядагы саясий окуялардын очогу болду. Үчүнчүдөн, Төрөкул Жанузаковдун мамлекеттүүлүктүн кайсы бир формасы тууралуу ойлонушу - анын кыргыз элинин тагдырына күйгөндүгүнөн. Колониалдык саясатка, Үркүн маселесине, андан кийин совет заманында кара кыргыздарга болгон мамиледен улам, анын саясий аң-сезими, кыргыздар өз алдынча бир мамлекеттүүлүктүн формасына ээ болушу керек деген позициясын калыптандырган.
Подкастты бул жерден угуңуз:
- Түркстан генерал-губернаторунун жардамчысы, тилмеч болгондугун дагы жазышат экен. 1916-жылдагы Үркүн учурунда ал киши кайда болгон? Кандай көз карашта болду экен? Ошол жөнүндө өзү жазып кеткен же башка кандайдыр бир архивдик маалыматтар барбы?
Арслан Капай уулу Койчиев: Түркстан генерал-губернаторлугунун кеңсесинде иштеп калган деп айтып жатпайсызбы. Бул дагы анын алдыңкы көз карашта болушуна, билимдүү адамдар менен аралашып, өзүнүн саясий көз карашынын калыптанышына шарт түзгөн жагдайлардын бири. Себеби ошол учурдагы кыргыз айдыңдарынын көпчүлүгү - Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов, Иманалы Айдарбеков жана башкалар колониалдык бийликтин кайсы бир бутагында тилмеч болуп иштешкен. Ошол жагдай дагы булардын алдыңкы катарга суурулуп чыгышына жол ачкан.
Ал эми 1916-жыл жөнүндөгү сурооңуз өтө кызык. Элебай Турганбаев деген тарыхчыбыз жарыялаган Төрөкул Жанузаковдун “Кыргыз боорлорума” деген катын мен дагы интернеттен көрүп калдым. Түп нускасын окуй элекмин. Эгер чын болсо, ошол макаланы анын 1916-жылга карата болгон көз карашы деп карашыбыз керек. Себеби кыргыздардын оор тагдырына өкүнүп, эл унчукпай отура берсе укугу тебеленип каларын эскерткен.
Белек Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхын” окуй турган болсок, 1916-жылдагы көтөрүлүш кайсы жерлерде аябай күчтүү чыгып, кайсы уруулар, кайсы активдүү лидерлери болгондугу тууралуу жазып жатып, таластыктар жөнүндө да айтат. “Талас кыргыздары Үркүнгө түздөн-түз чыгып, катышпаса да, биз менен тилектеш болду” деп жазат. Төрөкул Жанузаковдун жерлиги таластык деп дагы айтылып жүрбөйбү. Аны ошол чөлкөмдүн мүдөөсүн чагылдыргандардын бири деп эсептешибиз керек.
Дагы караңыз "Чачылган сөөктү көргөндө көздөн жаш төгүлдү". Үркүндүн үчүнчү муунга сабагы
- XX кылымдын башында Түркстандагы элдин көбү колониалдык саясаттын катуу запкысын көрүп, элдин көңүлү падышачылыктан үч көчкөн журттай калып турган чакта, 1917-жылдагы ыңкылаптар көптөрдүн көкүрөгүндөгү мүдөө максаттарын ойготкон окшойт. Биз сөз кылып жаткан Төрөкул Жанузаков адегенде большевиктерди колдоп, кийин басмачылык кыймылдарына аралашып кеткен экен. Буга эмне себеп болгон деп ойлосуз?
Талант Разаков: Ал кезде азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстандын түштүгү, Тажикстандын азыркы аймактары биригип Түркстан болгон. Түркстан АССРнин аткаруу комитетинин төрагасы теги казак Турар Рыскулов (1894–1938) болгон. Жанузаков анын орун басары болгон. Рыскулов менен Жанузаков классташ болгон. Экөө тең Таразда билим алышкан.
Ошол мезгилде Түркстан АССРнин жетекчилигине ишеним болгон эмес. Бардык аскердик күчтөр өздөрү билишкен. Ошол кезде кызыл гвардиячылардын катарында дашнактар кызмат кылышкан. Мыйзамсыздык, өзүм билемдик, чыныгы террор болгон. Муну дагы айтып коюшубуз керек. Мунун баарын Төрөкул Жанузаков өзү көрүп, билген. Түркстан АССРнин жетекчилиги эчтеке кыла алган эмес. Дашнактар айылга келет, тонойт, билгенин кылышат, эркектерди өлтүрөт. Мисалы, Коновалов деген бир полктун командири болгон. Түркстан АССРнин жетекчилигинин докладында бар. Анжияндан, Базар-Коргондон басмачылар келди деген кабар келет. Анан бир күчөтүлгөн куралчан полк кетет. Алдынан учураган кыргыз, өзбегин, баарын атып кете берген.
Түркстан аткаруу комитетинин жетекчилиги “Жолдош Коновалов, эмне үчүн элди аттыңыз?" деп сураса, “Басмачыларга биздин ошол жакка бара жатканыбызды кабарлап коюшмак” деп жооп бериптир. Мына ушундай кыргын болгон. Түркстан аткаруу комитети эчтеке кыла алган эмес. Качан бурулуш болду? 1920-жылы январь айында Михаил Фрунзе келет. Себеби басмачылык кыймылы күчөп кетет. 60 миң басмачы, 150 миң кызыл аскер бар экен. 60 миң басмачынын жок дегенде дагы ошончо сандагы жактоочусу бар. Алар “кызыл аскер келди, кетти” деп кабар берип турат экен. Бири-бирине ишенбестик болуптур. Фрунзе келип, Мадаминбек менен сүйлөшөт. “Казармага кыздарыбызды алып кетип жатышат. Кырып жатышат, дашнактарды жоготкула” деп айтышкан. Жанузаков дагы ушул маселени койгон. Аябай сабаттуу киши болгон да. Рыскулов дагы сабаттуу болгон. Ал эми Фрунзе биздин менталитетти түшүнгөн. Анан Фрунзе “Мындан кийин аскер күчтөрү аткаруу комитетине баш ийесиңер. Алар кандай айтса, ошондой болот” дейт. Дашнактар кийин жок болуп кетет. Жүрүп отуруп, басмачылык алсыраган. Ошондо Төрөкул Жанузаков өзүнчө чечим кабыл алат. “Мен Түркстан аткаруу комитетинен кеттим. Басмачыларга барам. Аларды уюштурам. Өз ара ынтымагы жоголуп, бири-бирин кырып жатышат. Мен барып, ар бири менен сүйлөшөм” деп, өзүнүн башын тобокелге салып, аларды кыдырып кеткен.
Дагы караңыз Нарындагы көтөрүлүштөр: ырайымсыз жазалоо жана бозгун- Биз азыр сиздер менен отурган кеңсе советтик жазуучу Дмитрий Фурмановдун ысымы коюлган көчөдө жайгашкан. Фурманов өз убагында Түркстан аскер кеңешинин Жети-Суудагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон экен. Кызыгы, ушул киши Төрөкул Жанузаков тууралуу өтө калпыс пикирлерди айтып, аны "жеткен шовинист" деп мүнөздөйт. Анын ушунчалык кыжырдануусуна эмне себеп болушу мүмкүн?
Арслан Капай уулу Койчиев: Фурманов көчөсүндө туруп, Фурманов менен Жанузаковдун мамилесин сөз кылып жатканыбыз дагы кызык дал келгендик. Ал эми анын Жанузаковго мамилеси жалаң эле өзүнүн чыгармаларында эле эмес, күндөлүктөрүндө дагы тетири, калпыс эле эмес, кеңири дагы сүрөттөмөлөрдү берген. Аны ашынган “шовинист” деген. Бирок “Пишпекке, келсем, аны менен жолуга алган жокмун. Жанузаков тууралуу бул жакта уу-дуу кеп болуп, көрүнүктүү киши катары аты аталып жатыптыр. Жанузаковдун тигинтти, минтти деген иштерин көп уктум” деп Фурманов эскерген. Анан эмнегедир Фурманов Жанузаковго "совет бийлиги көрсөтүп жаткан жакшылыкты качкын, жарды кыргыздарга өзүнүн жеке салымы, жеке саясаты катары көрсөтүп жатат” деп баа берген.
Кытайдан келген качкындарга жардам берүү комиссиясынын төрагасы болуп, активдүү аралашып, анын кадыр-баркы өскөнүнө ичи чыккан эмес. Контрреволюциячыларга каршы, совет бийлигине кара санагандарга каршы өнөктүк маалында Жанузаковду дагы бир жолу эскерет экен. “Алардын ишине бөгөт коёлу десек, Жанузаковдун “шайкасынын” мүчөлөрү дагы биздин артыбыздан аңдуу салган экен. Керек болсо аларды жок кылуу планы болгон” деп, Фергана өрөөнү эле эмес, Жети-Суудагы совет бийлигине, большевиктерге каршы бир кыймылдын көрүнүктүү өкүлү катары мүнөздөйт.
Талант Разаков: Экөөнүн ортосунда талашкан деле оокат жок. Жанузаков “аскерий жетекчилик Түркстан аткаруу комитетине баш ийсин, чогуу иштейли” деген. Фурманов кызыл аскерлерди тыйган эмес да. Мисалы, Коновалов менен чогуу болгон. Фурманов Верныйга (Алматыга) кетип калат. Ага чейин булар Ташкентте чогуу иштешкен.
Арслан Капай уулу Койчиев: Андан сырткары аны менен чогуу тикелей сүйлөшкөн активисттердин бири Бакуда Чыгыш элдеринин курултайында: “Ошол жерден Жанузаковго маалым болуп калды. Жанузаковду жамандагандар көбүрөөк экен. Ошолордун айтканы үстөмдүк кылып кетиптир”, - дейт. Мына ошол жерден Жанузаковго жан тарткандардын бири “жүрү мени менен, Москвага чогуу баралы, ошол жерден арыз-муңуңду айтып, актанып кал” дегенде, “жок, болбойт, мен Түркстанга кеттим” деп, шарт бурулуп кетип калат. Бул жагдайдан дагы, Фурмановго окшогондор Жанузаковдун тетири образын түзүп, анын иштешине мүмкүнчүлүк бербегенинен улам, ал акырындап басмачыларга жан тарта баштаганынан кабар берет. Дагы бир жагдай, Жанузаков менен тике сүйлөшпөсө да, анын мүдөөсүн билгендердин бири Жусуп Абдрахманов. Мисалы, ал өзүнүн күндөлүктөрүндө “Ферганадагы басмачылыкты токтотуунун бирден бир шарты катары Төрөкул Жанузаков кыргыз мамлекеттүүлүгүн куруу, түптөө шартын коюп жатат” деп жазганы бар. Демек, Жанузаков, кыргыздардын мүдөөсүн ашкере колдоп, ошол себептен улам ашынган “шовинист” аталып кеткени дагы мына ушундан.
- Бирок ошол басмачылык кыймылынын башындагылар Жанузаковдун мүдөөсүн түшүндүбү, аны угуштубу?
Талант Разаков: Уккандар укту. Көр Шерматтар уккан эмес. Парпи корбашы деген болгон. Ноокен, Наманганга чейинки жерлерди тейлеген. “Бир дагы кызыл гвардиячыларды киргизбейм. Керек болсо өлүмгө туруп берем” деп милдеттенме алган. Ошол сөзүндө турган. Ал барган айылында алды менен аксакалдар менен сүйлөшүп, жигиттерине тамагын ичирип, эң аягында элди кайра чогултуп, "тоогуңар, коюңар жоголгон жокпу, эч кимди капа кылган жокпузбу" деп, "тоогум, коюм жок" дегендерге соодалашпай, дароо акчасын берчү экен. Мына, бул таза киши.
- Демек, басмачыларды деле бөлүп карашыбыз керек экен да?
Талант Разаков: Бөлүп карашыбыз керек. Парпи чыныгы патриот, ак жүрөк киши болгон. Ал бардык жерде өзүнүн өмүрүн тобокелдикке салып, кызыл аскерлер менен, дашнактар менен кармашкан. Дагы бир мисал келтирейин, Мадаминбек Махкам кожо менен чогуу келе жатса, бир айылда ызы-чуу болуп жатыптыр. Мадаминбектин аскери көп - 4 -5 миң болсо керек. Махкам кожонун да ээрчиген колу көп экен. Айылды курчап калышат. Көрсө, айылга 200дөй кызыл аскер дашнактар кирип, эки замбиректи, пулемётторду коюп, анан он чакты аскер аларды кайтарып, калгандары бүт айылга кирип тоноп жатышыптыр. Үйлөрүнө кирип, эркектерди өлтүрүп, зордуктаганын зордуктап. Ошондо Мадаминбектин колу 200дөй дашнакты бүт өлтүрүптүр. Анан окуя тууралуу кийин М.Фрунзеге айтышкан. Фрунзе дашнактарды кетирген. Каякка кеткенин эч ким билбейт. Борбордук аткаруу комитетинин талабы боюнча дашнактар жок болуп кеткен. Каякка кеткендиги жөнүндө биздин архивде дагы жок. Балким, Ташкентте болушу мүмкүн. Басмачылардан Мадаминбекти, Парпи корбашыны өзүнчө карашыбыз керек. Булар нормалдуу адамдар. Бирок арасында падышачылык кезде эле кылмыш кылып кармалгандар, ууру-кескилер, каракчылар дагы болгон. Анан аларга кудай берип калган да.
Бул жерде Төрөкул Жанузаковдун өзүн гана айтып жатабыз. Ал жалгыз эмес. Мүмкүн, бул жерде Рыскулов дагы чогуу болгондур. Ошол мезгилде көп жетекчилердин айласы кетип, басмачылыкты жолго коюш үчүн Төрөкул Жанузаковду ылайык көрүшкөн. Жанузаков бара турган жерине чабарман жиберип, ар бир айылдын бай, бардар кишисине тамак-ашын камдатышкан. Сараң байлар бар да. Алар “бизге келгени жатышат” деп кызыл аскерлерге кабар берет. Төрөкул Жанузаковду ошентип колго түшүрүшкөн. Анын кайда жүргөнүн байлар айтып коюшкан. Эртең менен жуунганы сүлгүсүн далысына артып баратса, кызыл аскерлер мылтыктарын кезеп күтүп турушкан болот.
“Колуңду көтөр, Төрөкул! Колго түш” дешсе, сүлгүсүн таштап, колго түшүп берет. Документтерде алар ошентип жазып жатышат. Булар Жанузаковду өлтүрүп коюшкан да. Базар-Коргонго алып барышат дагы, ошол жерде конвойго тапшырып "Анжиянга жеткизесиңер” дейт. Ташкенттин аткаруу комитети: “Жанузаковду бергиле. Аны менен сүйлөшүп, тарбиялайбыз. Туура жолго салып коёлу, жаңылышыптыр”, - дейт. Бир белгилүү эле латыш улутундагы чекист, атын унутуп жатам, жолдо бара жатканда аны атып салат. Жанузаковду сөөгү Базар-Коргондо калган.
- Качты деген шылтоо менен атышканбы?
Талант Разаков: Качты деген шылтоо менен “ошол жерде бир басмачы келип, бошотоюн деп жатат” деп, жок нерсени айтып, атып салышкан. Түркстан аткаруу комитети муну билген. Чекисттер атайын жок кылып салышкан. Материалдырды окудум да. Кийин жанагы чекист өзү дагы 1937-жылы атылып кеткен.
- Талант агай, КГБнын архивин жакшы билесиз. Ал жерде иштеп калдыңыз. Жанузаков тууралуу дагы кандай маалыматтар бар?
Талант Разаков: Эми негизги маалыматтар ушулар. Ошол кезде Жанузаковдун Туркстан АССРинин жетекчилигине жазган каты бар экен. Бирок ал катты архивден таба алган жокмун. Ташкентке кетиптир. Ошол каттын негизинде “бизге келсин, сүйлөшөбүз” деп сурашкан. “Кылган ишиме өкүндүм. Кээ бир жерлери туура эмес болуп калыптыр. Кээ бир жерин туура кылдым. Мени үйрөткөн эч ким болгон жок. Силер менен кеңешип, иш кылсам болмок”, - деп жазыптыр. Ал жердегилер катты карап чыгып, “анда келсин” деп чекисттерге тапшырма берген. А чекисттер аттырып салган. Ошондо Жанузаков 28 жашта болгон. Келечекте кыргыздын мыкты жетекчилеринен болмок. Башын сайып, чын жүрөгү менен кыргыз элим деп, басмачылык кыймылды дагы кыргындан сактап калайын деп аракет кылып көргөн.
- Арслан агай, эгемендик жылдарынан бери карай бул киши өзүнүн укуктук, тарыхый баасын албаптыр.
Арслан Капай уулу Койчиев: Туура. Андан бери Төрөкул Жанузаков жөнүндө көп макалалар жарыяланды, жазылып жатат. Бирок аны мамлекеттүүлүк үчүн күрөшкөндөрдүн бири катары көрсөтө албай келебиз. Мунун бир эле себеби болуш керек. Бул анын басмачылык кыймылга аралашып калганы. Андан сырткары, 28 жашында, эрте кетти. Оор кырдаалда. Аны жаманатты кылуу кийин дагы улантыла берген. Мына ушул жагдайлар анын атынын унутулушуна, эскерилбей калышына шарт түзгөн.
- Бизди азыр угуп, окуп жаткан окурмандарда суроо пайда болушу мүмкүн. Айрыкча эгемендик жылдары төрөлүп, торолгон муун: "Эмне үчүн биз Жанузаковду билишибиз зарыл, анын өмүр жолун үйрөнүшүбүз керек? Кыргыз тарыхында Жанузаковдун орду кандай?" деп сурашы ыктымал.
Арслан Капай уулу Койчиев: Жанузаковдун баскан жолун биз иликтешибиз керек. Себеби XIX кылымдын этеги, XX кылымдын башында, көчмөн турмушта жашаган кыргыз эли көзү ачылып, өзүнүн укугу үчүн күрөшө баштаган жагдайда, бизде жаңыча ойлонгон улуттук элита пайда боло баштаган. Анын көрүнүктүү өкүлү - Төрөкул Жанузаков.
- Ошол кезде Төрөкул Жанузаков сыяктуу саясий жактан жетик кишилер чакан эле топ болгон окшойт. Беш кол менен санагыдай аз эле кишилердин ысымдарын айтып келебиз. Балким, аты аталбай, эстелбей калган кишилер болгондур?
Арслан Капай уулу Койчиев: Ооба, бул маселени биз тереңирээк изилдешибиз керек. Жакында эле Асел Даниярова деген тарыхка кызыккан эжебиз бир архивдик материалдарды таап чыкты. Мына ошол жерде көл кылаасында автономия тууралуу сөз болгону айтылат. Жанузаков дагы автономия жөнүндө сөз кылып жатат. Ошол учурда активисттердин бардыгы автономия жөнүндө кеп кылып жатышат. “Автономия” деген сөз алардын аң-сезиминде чоң секирик болгон. Феодалдык түшүнүктөн XX кылымга ылайыкташкан жана анын талаптарына жооп берген, улуттук кызыкчылыктарга дал келген мамлекеттүүлүктүн формасын табуу деген түшүнүк катары кабыл алышыбыз керек. Тарыхый инсандардын ысымын тактоо - изилдөөчүлөрдүн милдети. Мындай мисалдар дагы көп болушу мүмкүн.
Талант Разаков: Акталган жок. Реабилитация болгон жок. Бул боюнча жазып эле жүрөбүз. Азыркыга чейин ак же көк деп айта элекпиз. Бир туруктуу позицияда эмеспиз. Бул киши өзүнүн чөнтөгүн ойлоп, байып кетейин, элдин эсебинен жеп, ичип алайын деген азыркы кээ бир азаматтарыбыздай эмес да. Кылыч мизинде жүргөнүн билген. Тарыхтагы ордун аныктай элекпиз. Патриот болгон, кыргыз эли үчүн аракет кылган, басмачылык кыймылды туура жолго салам деп аракеттенген жалгыз киши ушул болгон.
Төрөкул Жанузаков эл үчүн башын сайып коюп, өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон эмес. Өмүрү үчүн кооптонгон да эмес. Бүгүн болбосо эртең башы кыйылып кетерин билген. Бирок кыргыз элин, кыргыз деген атты өчүрбөй сактап калыш үчүн катуу турган. Намыскөй болгон. Айыл-айылга кирип зордуктап жатышса, чымчык аткандай атып кетип жатышса, намыстанган да. Анан ошон үчүн басмачылыкты бирдиктүү чоң күчкө айлантам деп аракеттенген. Ал өзүнчө конституция дагы жазган экен. Эскерүүлөрдө "жолдо жоголду, сууга агып кетти" деп жатышат. Жанузаков басмачылыкты туура жолго коюуга аракет кылган. Учурунда туура түшүнүштүбү, түшүнүшкөн жокпу, ал ага караган эмес.
Басмачылардын арасында болсо бирде кызылдарга өтүп, кайра бөлүнүп, өз кызыкчылыгында жүргөндөр да көп болгон. Мойдунбек совет өкмөтү тарапка үч жолу өткөн да. Андан кийин айласы жок 1922-жылы колго түшүп жатпайбы.