Сот 19 жаштагы блогерди камакта калтырды

Бишкек шаардык сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралды. 2-сентябрь, 2022-жыл.

2-сентябрда Бишкек шаардык сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралса, жарандык активист Адилет Балтабайдын иши сотко өттү. Экөө тең Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айыпталууда. Алар иш саясий өңүттө козголгонун айтып, сын-пикир үчүн камакта отурганын билдиришти.

Эки өтүнүчтү четке каккан чечим

14-августтан бери камакта отурган 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин адвокаты Кантемир Турдалиев сотко эки өтүнүч келтирген - Жекшеналиевдин кармалышынын мыйзамдуулугу жана анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча. Бирок Бишкек шаардык соттун судьялар коллегиясы өтүнүчтү өз-өзүнчө карап, экөөнү тең четке какты. Жыйынтыгында Биринчи Май райондук сотунун Жекшеналиевди 14-октябрга чейин камакка алуу чечими күчүндө калды.

Адвокат Кантемир Турдалиев сот өзүнүн чечимин мыйзам менен негиздеген жок деген пикирде.

Кантемир Турдалиев.

"Мыйзам боюнча, бөгөт чаранын жеңил түрүн тандоого болбой турган учурда гана камакка алынат. Жекшеналиевди үй камагына эмне себептен чыгарбай койгондугун далилдешкен жок. Сот конкреттүү фактылар менен негиздеш керек. Ага Ырыс Жекшеналиевдин качып кетери, башка күбөлөргө басым жасай турганы, сотко келбей турганы негиз болуп бере алат. Мыйзамда так көрсөтүлгөн. Андай далилдер жок да. Ага карабай райондук соттун чечимин күчүндө калтырып салышты".

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Блогер кармалган күнү ИИМге Сегизбаев да сурак берип, ал видео тасма эки жыл мурда президенттик шайлоо өнөктүгү маалында тартылганын тастыктаганы маалымдалган.

Дагы караңыз Камактагы активисттерди бошотууну талап кылган митинг өттү

Бишкек шаардык прокуратурасынын өкүлү Мирлан Сооронкулов сотто иш боюнча мындай маалымат берди:

"Жекшеналиев коомчулукта бийликке карата терс пикирди жаратып, 2022-жылы 13-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин 2020-жылдагы "Жетим-Тоону каздырбай, бүтүн бойдон урпактарыбызга өткөрүп берели! Мен ушул маселе менен Нарын облусуна сапар тарттым" деген аталыштагы видео кайрылуусун азыркы учурга мүнөздүү кылып тараткан".

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасы 2020-жылы май айында ачылган. Анда бийликти сындаган материалдар жарыяланып турчу.

Дагы караңыз Блогердин камалышы, коомчулуктун талкуусу

Ырыс Жекшеналиев соңку бир жарым жылдан бери “Полит Узниктин” модератору болуп иштеп жаткан. Ал өзүнүн камалышына негиз болгон видеону башка бирөөнүн баракчасынан алганын, анын эски экенин билбегенин айтып жатат.

"Аталган видео эски экенин айтып жатышат. Мага шилтеме келип жатат. Ал жерде жарыяланганына төрт саат болгону жазылып турган. Мен анын шилтемесин бергем жана башкы булактын табылышына кызыкдармын. Ал жерде эч кандай чакырык жок. Ал сөздөрдү мен айтсам бир жөн эле. Анын үстүнө видео шайлоо өнөктүгү учурунда БШКдан өтүп, мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлгөн. Мен билимге умтулган баламын. Окууу жылы башталып калды. Коё берсеңер Юридикалык академиясынан билим алуумду улантайын. Анын үстүнө жер тамда жашайбыз. Кыш келатат. Апам өзү от жагабы?".

Ырыс Жекшеналиев соңку эки жылдан бери коомдук иштерге активдүү аралашып, социалдык тармакта бийликти сындаган көз карашын да билдирип жүргөн. Ал 2019-жылы да ИИМге суракка чакыртылган. Анда болгону 16 жашта болчу. Жетим-Тоонун казылышына кескин каршы чыгып жаткан ишкер жана жарандык активист Илгиз Шаменовго байланыштуу маалыматтарды жарыялап турган.

Адилет Балтабайдын иши сотко өттү

Адилет Балтабай.

Ырыс Жекшеналиевдей эле "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айыпталган Адилет Балтабайдын иши сотко өтүп, 2-сентябрда алгачкы отурум болду. Анда активисттин ишиндеги буга чейин белгисиз болуп жаткан жагдайлар ачыкка чыкты.

Ишке катышып жаткан прокурордун айтымында, Балтабайдын эки айдан бери камакта жатышына Фейсбуктагы түз эфирлери жана посттору негиз болгон.

"Адилет Балтабай аттуу Мыктыбек Адилет Алинин видеолору мамлекеттик соттук экспертизага берилген. Анын корутундусуна ылайык, изилдөөгө берилген материалдарда конкреттүү адамдардын ар намысына, ишмердик беделине шек келтирүүчү терс мааниге ээ лексикалык бирдиктер бар. Анда учурдагы президенттин, УКМКнын жетекчисинин ишмердүүлүгүн терс баалап, аларды кызматтан кетирүүгө багытталган тилдик бирдиктер камтылган".

Дагы караңыз Активисттердин айлап созулган соту

Жарандык активист, блогер Адилет Балтабай 30-июнда камакка алынган. Ал камакка алынарга күн мурун эле өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда кайра кумарканаларды ачууга каршы нааразылык акциясын уюштургандардын бири болгон. Пикетте эч кандай чакырык жасабай турганын, акцияга катышкандар жарандык позициясын билдиргени эле келгенин кайталаган. Негизи Адилет Балтабай Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө быйыл 11-апрелде эле сурак бере баштаган. Бир нече жолу журналисттерге жакында камала турганын, бул туурасында эскертүү алганын билдирген эле.

Адилет Балтабай деп таанылган Адилет Али Мыктыбек Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы жана акыркы бир нече айдан бери Фейсбуктагы баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз алып берип жаткан.

Жарандык активист 2-сентябрдагы сот отуруму учурунда кыска билдирүү жасаганга үлгүрдү.

"Бул туура эмес. Буга чейин "учетко алам" деп айткан киши убадасына турду. Менин бир жыл мурдагы постумду өзүлөрүнө ыңгайлуу учурда көтөрүп чыгышып, мени камакка алып жатышат. Ошол эле Ырыска, мага козголгон кылмыш иштерди сөз эркиндигине болгон кысым деп эсептейм. Мен болгону Конституцияда көрсөтүлгөн укугумду колдонгонго аракет кылгам. Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ошол кепилдикти президент, УКМКнын төрагасы жана Министрлер кабинети түзүп бере алган жок. Биз мыйзамды кантип сактаган жокпуз? Мен ошону билгим келет. Мен казиного каршы чыкканым үчүн камап коюшту".

Адилет Балтабайдын ишине байланыштуу алгачкы соттук териштирүүгө негизги күбөлөрдүн бирөө келбей калгандыктан, отурум 13-сентябрга жылдырылды.

30-августта камактагы активисттердин жакындары алгач өкмөт үйүнүн алдына нааразык акцияга чыгышып, андан соң Горький атында гүлбактан президентке кайрылуу жолдошкон. Алар Мелис Аспековду, Амангелди Артыковдун, Адилет Балтабайдын бошотулушун, Тилекмат Куреновдун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылышкан.