Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы аныкталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 16-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Анын тарапташтары райондук соттун имаратынын алдына чогулуп, Алмамбет Салиевди үй камагына чыгарууну талап кылышты. Адвокат Жыргалбек Бабаев журналисттерге Салиев коюлган айыпты моюндабай турганын билдирди.
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү кадры, мурдагы бийликтин тушунда сот, укук коргоо органдарынын куратору аталган Алмамбет Салиев кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып коюп, ал соттордун ишине кийлигишип турганын билдирди.
Салиевдин ишинин чоо-жайы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев мыйзамсыз байыганы аныкталып, 16-июнда кармалганын билдирди.
“Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешеси менен дал келбеген мүлктү сатып алгандыгы аныкталды. Муну менен катар Салиев ушундай жол менен алынган чоң каражатты көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компаниялардын бирине жумшаган”, - деди УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева.
Бирок мурдагы чиновник акчасын кайсы курулуш компанияга салганы тууралуу маалымат берилген жок. Атайын кызмат Алмамбет Салиевге ишти Жазык кодексинин 323-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) менен козгоп, УКМКнын тергөө абагына киргизди.
Мындан тышкары тергөө Алмамбет Салиев президенттин аппараттында иштеп турганда мурдагы өлкө башчынын артыкчылыгынан пайдаланып, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот бийлигинин ишине активдүү кийлигишкенин аныктаган.
“Акнет” чуусунда Салиевдин карааны
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова кайсы гана бийлик келбесин көмүскөдө туруп сотторго буйрук берген адамдар пайда болорун, Алмамбет Салиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда дал ушул милдетти аткарып жүргөнүн билдирди.
“Алмазбек Атамбаевдин убагында Манасбек Арабаев деген чыккан. Сооронбай Жээнбековдун кезинде Алмамбет Салиев болду. Буларды соттордун, укук коргоо органдарынын үстүнөн куратор кылып коюшат. Эми ал сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек. Тергөө канчалык далилдеп бере алат эми аны Кудай билет. Ал эми “Акнет” компаниясы Алмамбет Салиев тарабынан басып алынганы чын. Муну да териштириш керек. Керек болсо ушул иш боюнча УКМКнын да кызматкерлери жабыркаган”.
“Акнеттин” абакта жаткан президенти Кубан Ажымудинов жакында эле президент Садыр Жапаровго түрмөдөн кайрылып, компания Алмамбет Салиевдин тапшырмасы менен тартып алынганын билдирди. Анын карындашы Гүлнара Ажымудинова кирешелүү ишкана чуулуу окуяга кантип кабылганын айтып берди.
“Алмамбет Салиев укук коргоо органдарын тейлеп турган. Ал ишти биринчи Финансы полициясынан баштап, андан кийин ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгын пайдаланды. Аскер прокуратурасы, Башкы прокуратура, соттор да анын колунда болчу. Ызы-чуудан кийин компанияга өзүнүн кишилерин жетекчи кылып алып келишти”.
Дагы караңыз «Акнет иши»: Адвокаттар президентке кайрылыштыСалиев жана анын жакындары бул доомат тууралуу жана УКМКнын акыркы айыбы боюнча да комментарий бере элек. “Азаттык” убагында Сооронбай Жээнбековдун командасында Салиев менен чогуу иштеген айрым адамдарга чалып жооп ала алган жок. Биз алардын да жүйөсүн угууга даярбыз.
Экс-президенттин мактоосу
Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сын байма-бай айтылган.
Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы 19-декабрда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, Алмамбет Салиевди “коррупцияга каршы күрөшкөн мыкты кадр” деп мактаган.
"Бийликте болгондон кийин сөздөр болот, көп душман табасың. Эгер ал (ред: Алмамбет Салиев) туура эмес, мамлекетке зыян келтирсе же коррупциялык схемаларга кирип, өз милдетин кызыкчылыгына пайдаланган болсо, жоопко тартылат. Ал өсө турган жигит. Азыр коррупция менен күрөштө эң башында турган, менин жанымда турган адамдардын бири. Аны дагы көп жазышат".
Көнгөн адат кала элек
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев президенттин аппаратында соттор менен укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн адамдар тууралуу 2016-жылы парламентте ачык айтып чыккан.
Ал УКМКнын кызматкери Алмаз Маткасымов менен президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Манасбек Арабаевди “судьяларга көрсөтмө берет” деп айыптаган. Депутат мындай көрүнүш дагы деле тыйылбай келатканына нааразы.
“Президенттер соттор менен укук коргоо органдарын өздөрүнө баш ийгидей кылышат экен. Бирок кызматтан кеткенден кийин өздөрү буйрук берген соттор кайра аларды соттой баштаганда “кысым болуп атат, Ак үйдөн телефон чалынып атат, тергөөчүлөр менен прокурорлор мыйзамсыз иштеп жатат” деп айтышат. Келген президент ушул системаны жок кылганда анан тең салмактуулук болуп, мыйзам иштей баштайт. Адам укугу корголот. Ар бир президент өмүр бою президент болуп калчудай эле бардык бийликти өзүнө баш ийдирип алат деле кызматтан кеткенден кийин гана сын айтып калышат. “Мен мыйзамсыз буйрук бербейм. Менден кийин да бул ишти башкалар улантсын” деп кайсы президенттин эрки жетет айта албайм”.
Манасбек Арабаевге 2019-жылы “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын иши жана Алмаз Маткасымовдун тагдыры эмне болгону тууралуу маалымат жок.
Азыркы бийликтин куратору Базарбековбу?
Клара Сооронкулова азыркы бийликтин тушунда соттордун ишине кайсы бир деңгээлде кийлигишип жаткан адам президент Садыр Жапаров камакка алынганда анын адвокаты болгон, Жогорку соттун азыркы судьясы Замирбек Базарбеков деп эсептейт.
“2010-жылдан кийин Замирбек Базарбеков Сотторду тандоо кеңешине төрага болуп келген. Анда жарандык коом каршы чыгып атып кызматтан кеткен. Ошондон бери эле аны менен президент Садыр Жапаров экөөнүн байланышы бар. Жаңы бийлик келгенде эле Замирбек Базарбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жетекчи болду. Көп узабай эле президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына келди. Эми болсо Жогорку сотко судья болду. Бул киши да шайлоо өткөнчө өзүнүн миссиясын аткарып турду. Жаңы Конституция боюнча Жогорку соттун төрагасы дайындалат. Эми Замирбек Базарбеков төрага болгону турат. Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин ал сотторду колдонуудан баш тартпайт. Анткени сот бийлиги акыркы чечимди чыгара турчу бийлик да”.
Аз убакыттын ичинде эле үч-төрт кызматты алмаштырган Замирбек Базарбеков президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин мүчөсү, июнь айынын башында эле Жогорку соттун судьясы болуп келди. Сот жана укук коргоо иши боюнча кеңештин жакында эле өткөн биринчи жыйынында сот системасына тиешелүү жаңы мыйзам долбоорлору тууралуу баяндама жасаган. Ал өз дарегине айтылган сындарга макул эмес.
“Буга чейин Коррупцияга каршы кызматтан кураторлук кылган кызмат бар болчу. Эч кандай көзөмөл болбосун деп аны жойгонбуз. Азыр мурдагыдай куратор, же болбосо бийликтин тапшырмасын аткаруу деген жок. Мен азыр болсо катардагы эле судьямын”.
38 жаштагы Алмамбет Салиев кесиби боюнча юрист, Ош мамлекеттик университетин аяктаган. 2008-жылы Ош облустук милициясына ишке орношкону менен бир жылдай гана иштеген.
Андан кийин Ош облустук администрациясынын коргоо жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмүнө башкы адис болуп келип, 2016-жылга чейин иштеген жана бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн. 2016-жылдын апрель айынан май айына чейин ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болгон. Ал Сооронбай Жээнбеков менен узак убакыт иштешкен адамдардын бири.