Орус рублинин куну октябрдын башынан бери кескин түшүп кетти. 6-октябрдан тарта төрт-беш күн катары менен сомго карата 88 тыйынга бааланып турду. Рублдин мындай кунсузданышы июль айынан бери уланып, август айында да 88 тыйынга чейин түшүп, кайра бир аз көтөрүлгөн.
Банктардын айрым операцияларында 82-83 тыйындан сатылган учурлар да бар. Мындай валюталык секириктер Орусия менен иштеген ишкерлердин соодасына жана жалпы эле кыргыз экономикасына таасир этип жатат.
Дагы караңыз Акылбек Жапаров кымбатчылыкты импорт менен түшүндүрдүОрусия менен кийим-кечек соодасы начарлады
Ишкер Нурзат Алимырзаева Бишкекте тигүү цехтерин иштетет. Анын товарлары негизинен Орусияга кетет. Ишкер рублдин үч-төрт айдан берки кунсузданышы тигүү тармагына кыйла зыянын келтиргенин айтууда.
“Рублдин куну мынчалык түшкөн эмес, мурда түшсө деле 93-95 тыйындан кайтчу. Азыр болсо 88-87 тыйын болуп кетип атат. Рублдин кунунун түшкөнүнүн кесепети тийип атат. Азыр көп цехтер жабылып жатат. Орусия менен иштеген ишкерлер буюрутмаларын берип алышып, анан “күтүп тургула, рубль бир аз көтөрүлсүн, биз үчүн аябай төмөн болуп калат экен, көрүп аткан пайдабыз дагы чыгып кетип атат” деп айтышууда. Көптөр акчасын ала албай жатышат. “Мадина” базарынан кездемелерди таңгактап сатып алып, өзүбүз жөнөтчүбүз. Азыр рулонду жөнөткөнгө такыр болбой калды. Өтө эле арзан. Мурдагы чыккан баа менен пайда бирдей болуп калып, алар да зыян тартууда. Ал жактагылар пайда көрүү бул жакта турсун, салган акчасы чыкпай зыян тартып атышат. Азыр токтоп турабыз, үч айдан бери жумуш солгундап кетти. Бизде “Цех иштеткен ишкерлер” деген топ бар, анда үч жүздөй ишкер бар. Ошонун 40% эле бир аз иштеп, кыймылдап атат. Калгандары келген буюрутманы эле тигип отурушат. Буюрутма деле көп болбой калды”.
“Дордой” базарында соода кылган Айбек баанын кымбатташынан улам Орусия менен соода-сатык азайып кеткенин айтууда. Учурда орусиялык кардарлар да, кыргыз ишкерлери да өздөрүнүн кызыкчылыгына шайкеш келген башка рынокторду издөөнүн үстүндө экенин белгиледи.
“Дордойдо соода соңку үч айдан бери 65-70% азайды. Адамдар сезон маалында тиктирип алып, “өзүнүн акчасы чыкса болду” деп эле жөнөтүп жүрдү. Азыр сезон аяктап, тигилген запастар сатылып бүттү. Бүгүн бир рубль 90 тыйын болду, ага чейин 88 тыйын болчу. Биз миң сомдон сатып аткан кийимибизди мурда Орусияга 800-820 рублдан сатчубуз. Азыр 1300 рублдан сунуштап атабыз. Аларга деле Кыргызстандан товар алган кымбатка туруп, пайдасыз болуп калды. Доллар менен эсептешүүгө өтөлү десек, Орусияда доллар 100 рубль болуп атат. Орустарга деле, бизге деле ыңгайсыз болуп калды. Украинадагы согуштун жакынкы жылдарда бүтөрүнө божомолдор жок. Ошондуктан, биз жаңы рынокторду карашыбыз керек болуп жатат. Биз рубль алып, аны арзан сатабыз, долларга которуп, “Мадинадан” кездеме алабыз, доллар кымбат, анан, тиктиргенде жумушчу күчтүн таңкыстыгы да болуп атат. Азыр биздин жеңил өнөр жай соңку алты айдын ичинде кыйынчылыкка кириптер болуп баратат”.
Мигранттардын акча которуулары азайды
Орусиянын саясатына тыгыз байланган кыргыз экономикасынын өзөгүн мигранттардын акча которуулары менен реэкспорт түзөт.
Орус рублинин кунсузданышы мигранттардын каражат табуусуна жана Кыргызстанга акча которууларына да терс таасирин тийгизди. 2023-жылдын башынан бери ал жактан которулган акчанын көлөмү эки эсе азайып кетти.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-август айларында Орусиядан жеке адамдардын акча которуулары 37,5% азайып кетти. Маселен, 2022-жылдын сегиз айында Орусиядан 1 млрд 831 млн доллар которулган болсо, быйылкы ушул мезгилде 1 млрд 145 млн доллар келди.
Айрым адистер мигранттардын акча которууларынын азайышы алардын колун караган бул жактагы бүлөсүнүн турмушунан тарта, турак жайлардын курулушу, чакан ишкердик кылуучу ишканалардын өсүшү жана финансылык кызмат көрсөткөн компаниялардын туруктуулугуна бир кыйла терс таасир кыларын айтып жатышат.
Москвада такси кызматында иштеген Марат Мукарамов рублдин кунунун төмөндөшү анын мекенге жөнөткөн каражатынын көлөмүн азайтканын, көбүрөөк акча табыш үчүн жумушун которуп, 14-15 сааттап иштеп жатканын айтты.
“Мен мурда курьер болуп иштегенде 100 миң рубль тапчу элем. Жүз миңди жөнөтсөм болжол менен 110-115 миң сом болчу. Азыр эми 100 миң рубль иштесем, 85-90 миң сом болуп калып жатат. Ошонун айынан, кобүрөөк иштейин деп такси тармагына чыгып кеттим. Таксиде мен жүз миң жөнөтүш үчүн 14-15 саат иштеп, 130-140 миң рубль табышым керек. Ошентип аракет кылып жатам. Андан аз жөнөтсөк иштештин деле кажети жок. Банктар 100 миң рублдан 1,5 миң рубль кармап калат. Андан тышкары, биз түз которо албайбыз, Кыргызстандагы МБанк карталарга которобуз. Анда дагы сомго которгондо эң төмөнкү курс менен берет. Биз үчүн ал жагы дагы минус. Мисалы, банктан түз ала албайт бизде, жалаң гана карталарга которобуз. Алар Кыргызстандагы эң төмөнкү өлчөм менен берет экен. Айрым банктарда курс бир аз кымбатыраак болсо, картага которгондо эң аз сумма менен түшөт. Ал жагынан да минус болот”.
Ал алган маянасынын азайганынан улам Орусиядан кетип жаткан мигранттардын саны арбыганын кошумчалады.
Кыргыз экономикасына кандай таасир этет?
Бир катар серепчилер рублдин кескин девальвациясы Кыргызстандын экономикасына, ишкерлердин соодасына жана кыргыз-орус соода балансына терс таасирин тийгизерин божомолдошууда.
Айыл чарба азыктары, кийим-кечек, туристтик тейлөө Орусиянын керектөөчүлөрү үчүн кымбаттайт. Алардын орус рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.
Жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева Орусиядан импорттолуучу азык-түлүктүн баасы да кымбаттап жатканын, анын таасирин ички рынок бара-бара сезерин билдирди.
“Рублдин кунунун төмөндөшү товар сатып алууга терс таасир кылууда. Анткени, биз Орусиядан алгачкы керектелүүчү азык-түлүк товарларын сатып келебиз. Рубль кунсузданганда биз үчүн алардын импорттук баасы кымбатка туруп калат. Тигүүчүлөрдүн товары болсо арзандап кетет. Бирок, Орусиядан келген азык-түлүктүн баалары биздин ички рынокто дароо өсүп баштабайт. Анткени, бизде алардын белгилүү бир запасы бар да. Биз кымбат товарларды сатып алганда бааны эскилердин эсебинен акырындык менен көтөрүп барабыз. Ошондуктан, калк үчүн баалар курстун өзгөрүшүнө карап эле кескин өсүп кетпейт. Бара-бара көтөрүлүп барышы мүмкүн”.
Дагы караңыз Reuters: Рублдин төмөндөөсү Орусиядагы ички көйгөйлөрдү ачыкка чыгаруудаЭкономикалык серепчи Искендер Шаршеев кыргыз бийлиги Орусиянын алсызданып бараткан экономикасынын кыргыз экономикасына тийүүчү тобокелдиктеринин алдын алышы зарыл деп эсептейт.
“Жалпысынан орус рублинин жана экономикасынын алсызданышы Кыргызстанга комплекстүү таасирин тийгизиши айкын. Бул соода динамикасынын өзгөрүшүнө, бизнес үчүн алмашуу курсунун тобокелдигинин жогорулашына, инфляцияга жана акча которуулардын кыскарышынан келип чыккан ар кандай экономикалык кыйынчылыктарга алып келиши ыктымал. Кыргызстандын бийликтери жана ишканалары региондук экономикалык ландшафттагы бул өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу жана бардык мүмкүн болгон кирешелерди пайдалануу үчүн стратегияларды кабыл алышы керек”.
Эксперттик божомолдорго ылайык, валюта курсунун тобокелдиги Орусия менен соода кылган ишканалар менен ишкерлердин кирешелүүлүгүнө жана финансылык туруктуулугуна таасир этиши ыктымал. Ошол эле маалда импорттолгон орус товарларынын наркынын өсүшү Кыргызстандагы инфляцияны күчөтүп, калктын жашоо-турмушун начарлатат.