Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Акылбек Жапаров кымбатчылыкты импорт менен түшүндүрдү


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы кымбатчылыктын себептери жөнүндө түшүндүрмө берип, муну дүйнөдөгү инфляция менен байланыштырды. Бул тууралуу ал 4-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Эл өкүлү Жанарбек Акаев өлкөдө азык-түлүк, курулуш материалдары, көмүр, күйүүчү майдын жана башка нерселердин кымбаттоосу уланып жатканын белгилеп, бул боюнча өкмөт кандай чараларды көрөрүн сурады. Ал мындан улам кыйналган адамдар өтө көбөйүп кеткенин билдирди.

Акылбек Жапаров күйүүчү майды өткөрүүгө байланыштуу Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен сүйлөшкөнүн, бензин менен дизел Кыргызстанда таңкыс болбой турганын айтты. Калган товарлардын кымбаттоосун алардын көбү импорттолгону менен түшүндүрдү.

“Баанын көтөрүлүшү жалгыз эле Кыргызстанда эмес да. Тегерек-четибизде мунайы, газы бар өлкөлөрдөгү базар баасын салыштырып көрсөңүз, бизде Кыргызстанда акыбал анча деле жаман эмес болуп калат. Бизде деген инфляция импорт менен байланыштуу. Дээрлик көпчүлүк товарлардын бардыгын чет мамлекеттен алып келебиз. Алардын баасы дүйнөлүк биржаларга, доллардын кунуна карап чечилет. Көп товарларды көзөмөлдөгөнгө өкмөттүн алы жок, бирок азык-түлүк маселесин көзөмөлгө алганга чамабыз жетет. Ун, шекер, май жана башка азык-түлүктөрдөн элибизди көп кыйнабайбыз. Мындан сырткары биз ошо кымбатчылыкка байланыштуу пенсияларды жок дегенде 38% көтөрдүк да, былтыр маяна, жөлөк пулдардын да көтөргөнбүз. Өкмөт каатчылык келерин алдын ала эле билген. Колунда жок 112 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 50 тыйындан берип жатабыз, дагы 100 миңге жакын майыптардын жөлөкпулдарын көтөрүп жатабыз. Аларга түздөн-түз жардам берип турабыз” – деди Акылбек Жапаров.

3-октябрда Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирип чыккан. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 4-октябрдагы билдирүүсүндө “Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду” деген маалымат жалган экенин, тартыштык пайда болот деген кооптонуулар негизсиз экенин маалымдады.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Алар: нан азыктары, картөшкө, мөмө-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары жана жумуртка.

Кыргызстан картөшкө, сүт жана жашылча менен гана өзүн толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташыйт. Пайыздык көрсөткүчтөр менен алганда, аталган маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатылып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG