Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сокулук районунда бойго жете элек кыз зордукталган деген окуядан кийин Аксакалдар соту өттү. 7-декабрда Исмаил айылында ондогон адам чогулуп, кылмышка шектүү буга чейин да ушундай иштерди жасаганын жүйө келтирип, анын айылда жашаган ата-энесин, жубайы менен үч баласын көчүп кетүүнү талап кылышты. Юристтер Аксакалдар сотунун талаштуу чечими мыйзамдык күчкө ээ эмес экенин эскертишет.