"Сөөгү 15 күндөн кийин табылды". Маркумдун жакындары тергөөгө нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абаддын Сузак районунда 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу 30-сентябрда маркумдун жакындары облустук бийликтин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыкты. Алар тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп жатышат.

Эрмекбай Шемаев үйдөн чыккан бойдон дайны билинбей, 15 күндөн кийин сөөгү табылган. Ал балдардын мушташынан кийин каза болгону айтылууда.