Сочи Олимпиадасынын көмүскө аренасы

Дмитрий Абжандын үйүнө жакын жерде курулуш иштери башталган. Мунун айынан жер көчүп, Абжандын тамы жарым-жартылай урап, кыйшайган абалга келди.

85 жаштагы Полина Калайжан Абжандын коңшусу. Курулуштан улам кыйшайган үйдө Калайжандын абышкасы экөөнөн башка, тогузга жакын бала-бакырасы жашайт.