Бириккен Улуттар Уюмунун атайын чабарманы Гейр Педерсен Сириядагы согушту «кылымдын трагедиясы» деп атап, он жылдык согушту токтотуу үчүн эл аралык дипломатия чечкиндүү чара көрүшү керектигин баса белгиледи.
«Бул трагедияны алигиче токтото албагандыгыбыз үчүн кайгырам. Сириядагы трагедия - жаңы тарыхтагы эң азаптуу бөлүм. Сириянын эли – бул кылымдын курмандыктары болду. Алар жараат алып, кырылды. Алардын өзү эмес, сөөктөрү да кордолду. Алар химиялык куралдын сөз менен жеткире алгыс азабын көрүштү», - деди Педерсон 15-мартта БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги онлайн брифингде сүйлөп жатып.
Педерсон АКШ, Орусия, Иран, Түркия, Евробиримдик жана араб өлкөлөрүн бир үстөлгө «ийри отуруп, түз кеңешүүгө» чакырды.
Сирияда жарандык согуш 2011-жылдын 15-мартында жергиликтүүлөр президент Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүп чыкканда башталган.
Анда Орусия менен Иран Асаддын бийлигин колдосо, АКШ менен Түркия бийликке каршы тынч жыйындарга чыгып, зомбулукка кабылгандардын таламын талашкан.
Дагы караңыз
Сирияда Орусия менен Түркиянын таасири арттыСириядагы чагым коркунучуСириядагы химиялык чабуул далилденеби?Бийлик менен оппозициянын куралдуу кагылышуусуна кийинчерээк террордук уюмдар да аралашып кеткен.
Бул жаңжалды жөнгө салууда Батыштын арачылыгына каршылык көрсөткөн Орусия кийин Коопсуздук кеңешинин 16 резолюциясына вето киргизип, Кытай колдоо көрсөткөн.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында АКШнын элчиси Линда Томас-Гринфилд Сириядагы согушту токтотууда Орусиянын ролун баса белгиледи.
«Бул жаңжалды токтото албай калганыбыздын бир гана себеби бар – Асаддын режими адилеттүүлүктөн баш тартып келет. Бул жаңжалды жөнгө салууда Асаддын режими убакытты созо бербеши үчүн биз Орусияны бул режимге басым көрсөтүүгө чакырабыз», - деди Линда Томас-Гринфилд.
Коопсуздук кеңешиндеги Орусиянын элчиси Василий Небензия сырткы күчтөр «Асаддын бийлигин кулатуу үчүн өлкөдөгү башаламандыктарды колдонгон» деп айыптап, бир тараптуу санкция салууну токтотуу керектигин белгиледи.
«Биз чет өлкөлүк оккупация менен аскердик аракеттерди токтотуу – жаңжалды тынч жөнгө салуунун башкы шарттары катары көрөбүз. Бул аракеттерди өлкөнүн мыйзамдуу өкмөтү колдогон эмес», - деди Небензия.
Өлкөдөгү башаламандыктан пайдаланып, «Ислам мамлекети» террорчул тобу айрым аймактарды басып алган.
2014-жылы аларга каршы АКШ жана өнөктөш мамлекеттер аскердик аракеттерди жүргүзө баштаган. Ушул күндө Түркиянын аскерлери Сириянын түндүк-батышындагы аймактарды, ал эми АКШнын аскерлери түндүк-чыгыш аймактарын көзөмөлдөп келет. Мындан тышкары Орусия менен Ирандын да аскерий күчтөрү бар.
Өткөн жумада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Сириядагы ар бир экинчи бала төрөлгөндөн бери согушсуз бир тынч күн көрбөгөнүн, сириялыктардын 60 пайызы ачкачылыкта жашап жатканын белгилеп, «бул жаман түш эмес, адамдар өңүндө көргөн азап» деген.
Британияда жайгашкан «Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория» аттуу уюм согуш жылдарында бери дегенде 388 миң адам каза болгонун, 90 миңдей адам туткунда же абактарда өлтүрүлүп, дагы он миңдеген адам дайынсыз кеткенин маалымдайт.
Мындан тышкары миллиондогон жай тургундар бозгунга айланган.