Теракт Шри-Ланканы эңгиретти

Күч органдары Негомбодогу жардыруу болгон чиркөөдө. 21-апрель, 2019-жыл. Шри-Ланка.

Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 300гө чамалады. Жарадарлардын саны 500дөн ашты. 21-апрелде христиандардын Пасха майрамы белгиленип жаткан маалда болгон жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Ошентсе да, бийлик шектүү катары 20дан ашык киши кармалганын билдирип, кол салууга «Улуттук таухид жамааты» радикал тобун күнөөлөдү.

Акыркы маалыматтарга караганда, Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 290го жетти. 500дөн ашуун киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү.

Өлкөдө 21-апрелде христиандардын Пасха майрамы белгиленген учурда бир нече чиркөөдө, мейманканаларда, зоопарктын жанында жардыруулар болду.

Алгачкы жардыруулар дээрлик бир мезгилде, Пасха жөрөлгөсү жүрүп жатканда Кохчайкаде, Баттикалоа жана Негомбо шаарларындагы чиркөөлөрдө, борбор шаар Коломбодогу «Шангри-Ла», «Синнамон Гранд», «Кингсбери» деп аталган үч отелде уюштурулду.

Шри-Ланканын күч кызматкерлери жардыруу болгон «Кингсбери» мейманканасынын жанынан өтүп баратышат. Сүрөт 22-апрелде тартылган.

​Арадан эки саат өткөндөн кийин Коломбодогу зоопаркка жакын жайгашкан анча чоң эмес мейманканада да жардыруу болду.

Андан кийинки кол салуу Коломбонун четиндеги Дематагод шаарындагы турак жай комплексине жасалды. Дүйшөмбүдө бийлик кандуу окуяны жанкечтилер ишке ашырганын маалымдады.

Удаама-удаа болгон кандуу чабуулдардан өмүрү кыйылган 300дөй кишинин арасында бир нече полиция кызматкери да бар.

Полициянын билдирүүсүнө караганда, кандуу окуяда каза тапкандардын кеминде 32си чет элдиктер. Алардын арасында АКШнын, Түркиянын, Индиянын, Кытайдын, Даниянын, Нидерланддардын, Британиянын жана Жапониянын жарандары бар.

Кандуу чабуулду дүйнө лидерлери, ар кайсы диндердин өкүлдөрү айыптап, шриланкалыктарга көңүл айтышууда. БУУ баштаган эл аралык уюмдардын жетекчилери «бардык жарандарды жана лидерлерди ушундай оор күндө биригүүгө» үндөп жатышат.

Негомбодогу Ыйык Себастьян чиркөөсүндөгү жардырууда каза болгон 12 жаштагы Снеха Савиндинин жакындары анын кабырынын жанында аза күтүүдө. 22-апрель, 2019-жыл.

Ушу тушта Шри-Ланкада дайын-дареги белгисиз болгон жакындарын, тууган-туушкан, тааныштарын издегендер көбөйдү. Алардын бир тобу ооруканалардын алдында турушат.

Жекшембиде чиркөөгө кеткен бойдон дареги билинбей жаткан кесиптешин издеп, баш калаа Коломбодогу бейтапканага келген аял буларды билдирди:

«Кечээ ал чиркөөгө барган. Жардыруу тууралуу уккандан кийин биз түпөйүл болуп, ага чала баштадык. Бирок жооп берген жок. Ошондон бери ал кыздан дайын жок. Эртең менен бул жерге келдик».

Шри-Ланкадагы удаа жардыруулардын курмандыктары мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн деп болжолдонуп жатат. Кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз. Полиция ошол эле күнү 20дан ашык шектүүнү камакка алганы маалымдалды.

Бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, кандуу жардыруулар чет өлкөлүк террорчул уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылган. Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисена 22-апрелде буларды билдирди.

«Чалгын кызматынын маалыматы жергиликтүү террорчуларды чет өлкөлүк террорчул уюмдар колдогонун ишарат кылат. Ушундан улам президент чет өлкөлөрдөн жардам күтөт».

Жардыруулардан кийин киргизилген коменданттык тартип кайра алынганы менен полиция баш калаадагы кол салуу болгон мейманканалар жайгашкан районду катуу кайтарууга алды.

Ыйык Себастьян чиркөөсүнүн жардыруудан кийинки абалы. 21-апрель, 2019-жыл.

Бийлик кыргын ар кайсы дин өкүлдөрүнүн кагылышына түрткү болушу мүмкүн деп кооптонуп турат. Жекшембиде полиция мусулмандардын эки дүкөнү менен мечитти өрттөө аракети болгонун кабарлады.

Ошол эле кезде Шри-Ланканын туризм жана христиан дин иштери боюнча министри Жон Амаратунж 22-апрелде элди коркпой-үркпөй кадимки тиричилик менен алектене берүүгө чакырды:

«Коопсуздук күчтөрү менен полиция тынчтыкты, тартипти сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрдү. Ошондуктан эч ким коркпошу керек. Кадимки иштер менен алектене берсеңер болот».

Баш калаа Коломбодогу бомба жарылган мейманканалардын бири. 21-апрель, 2019-жыл.

​Жекшембидеги кандуу окуя Шри-Ланкадагы он жыл мурда аяктаган жарандык согуштан берки эң катуу апаат катары сыпатталууда.

22 миллион калкы бар Шри-Ланканын 70 пайызын буддисттер, 12 пайызын индуисттер, 10 пайызга жакынын мусулмандар, 7 пайыздан ашыгын христиандар түзөт. Өлкөдөгү христиандардын көбү католиктер.

Шри-Ланкада 23-апрель аза күтүү күнү деп жарыяланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​