Астана саммити: ШКУ Батышка каршы бирикмеге айланабы?

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Асатана саммити, 4-июль, 2024-жыл

Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитинде аймактык бирикмеге Беларус мүчө болуп кирди. Батыш менен мамилеси курчуп турган Орусия менен Кытай активдүү роль ойногон уюмдун кеңейишинин мааниси кандай жана дүйнөдөгү кырдаалга кандай таасирин тийгизет?

ШКУнун саммити “Көп тараптуу диалогду бекемдөө – туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу” деген ураан менен өттү. Жыйындын форматы алгачкы жолу ШКУ+ деген форматта өтүп жатат. Уюмга жаңы кошулган Беларусту кошкондо 10 мүчө-мамлекеттин жетекчилери, эки байкоочу жана 14 өнөктөш өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

ШКУга кирген мамлекеттерге дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн бирден үч бөлүгү туура келет. Бул 20 триллиондой доллар дегенди билдирет. Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттердин аймактарын кошкондо Евразиянын үчтөн эки бөлүгүн түзөт.

Мындан тышкары, Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Антониу Гатерриш баштаган КМШ, ЖККУ, Евразия экономикалык комиссиясынын, Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюмунун жана Экономикалык кызматташтык уюмунун жетекчилери дагы келген.

Казакстандын президенти, саммитте төрагалык кылган Касым-Жомарт Токаев аймактык бирикменин таасири эл аралык коомчулукта улам артып баратканын белгиледи.

“Саясий жана коопсуздук, экономикалык жана маданий тармакта жемиштүү кызматташууда биздин өлкөлөр бүткүл Евразия континентинде өнүгүүнүн багытын аныктап турат. Биргелешкен аракеттер аркылуу Шанхай духун бекемдөө жана Шанхай принциптерин илгерилетүү менен Шанхай кызматташтык уюмун эл аралык эң таасирдүү жана абройлуу түзүмгө айланта алдык. Биримдигибиздин уникалдуулугу жана терең потенциалы үчүн уюмубузга кызыгуу өсүп келет. Бүгүн Астанада уюмубуздун кеңейтүү боюнча маанилүү чечим кабыл алынат”.

Андан соң саммиттин катышуучулары Беларусту ШКУ толук кандуу мүчө кылып кабыл алуу чечимине кол коюшту. Беларус бирикмеге Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан менен кошо 10-мүчө болуп кирди.

Муну менен Европадан Беларус уюмга кирген Орусиядан кийинки экинчи өлкө болуп калды. “Европадагы акыркы диктатор” атыккан Лукашенконун башкаруусундагы Беларус бийликти бир колго топтоо, диктатуралык башкаруу модели жагынан ШКУдагы Орусия, Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөргө жакын.

Беларустун лидери Александр Лукашенко

"Эгер силер азыр Беларусту карап көрсөңөр, ал катаал санкцияларга кептелген. Евробиримдик жана АКШ менен алакасы абдан жаман. Орусиянын Украинадагы согушун колдогону кырдаалды ого бетер начарлатты. Менимче, бул негизинен, Индияны эске албаганда "авторитардык мамлекеттердин" клубуна кошулган жөн гана дагы бир мүчө мамлекет", - дейт "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти, "Евразиядагы Кытай" долбоорунун автору Рид Стендиш.

Беларус бийлигине АКШ, Евробиримдик жана Британия 2021-жылкы толкундоолорду күч менен басып, жүздөгөн адамдарды камап, куугунтуктаганы үчүн санкция салган. Ал жылы Лукашенко 5-жолу президенттик шайлоодо жеңгени жарыяланган. Түмөндөгөн эл буга каршылыгын билдирип көчөгө чыккан. Батыш мамлекеттери Лукашенконун жеңишин тааныган эмес. Андан тышкары расмий Минскиге Орусияга аскердик көмөк көрсөткөнү үчүн дагы санкциялар салынган.

Кыргызстандык саясат таануучу Сейтек Качкынбай Беларустун кошулушу тууралуу мындай пикирин билдирди:

"Бул уюмда негизги чоң лидерлер - Кытай менен Орусия. Индия менен Пакистан аралашканы, Беларустун кошулуп жатканы дүйнөгө биз чоңоюп жатабыз деген эле ишарат. Лидерлер үчүн бул "катышыбыз бар" деген эле көрүнүш".

Эске сала кетсек, Freedom House эл аралык уюму "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр" деген соңку баяндамасында ШКУга кирген мамлекеттердин Индиядан башкасынын баары "эркин эмес" деп сыпатталган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Жапаров экономикадагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында лидерлер кабыл алып жаткан "Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгесин кубаттады.

Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин "Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө" билдирүүсү жөнүндө сөз кылып, ал уюмдун туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймагын курууга болгон жалпы умтулууну толугу менен чагылдырарын белгиледи.

Жапаров ачык экономиканы калыптандыруу жана көп тараптуу соода системасын бекемдөө максатында ШКУнун бардык мейкиндигинде соода тоскоолдуктарын кыскартуу боюнча ишти улантууга чакырды.

“Ааламдык жана аймактык коопсуздук менен катар күн тартибиндеги дагы бир маанилүү маселе – уюмубуздун ишмердигин дагы да жакшыртуу болуп саналат. Уюмдун мамлекеттеринин тышкы иштер министрликтеринин кеңеши даярдаган бул боюнча сунуштары коюлган милдеттерди этаптуу аткарууга багытталган. Соода-экономикалык жаатта өз ара пайдалуу өнөктөш мамиле өлкөлөрүбүздүн туруктуу экономикалык жана финансылык өнүгүүсүнүн негизи болуп берет. Ачык экономиканы түзүү жана көп тараптуу соода системасын бекемдөө үчүн ШКУнун бүткүл айдыңында соода тоскоолдуктарын кыскартуу боюнча иштерди улантуу зарыл. Кыргыз тарап долбоорлорду каржылоо үчүн уюмдун Өнүгүү банкы жана Өнүгүү фонду сыяктуу атайын институтту түзүүну бир нече жолу белгилеген”.

Мамлекет башчылардын кеңешинде бекитүүгө бир катар олуттуу документтердин жана чечимдердин пакети даярдалган. Саммиттин катышуучулары кабыл алынган документтерди ишке ашыруу уюмдун ролун жана таасирин бекемдөөгө кынтыксыз шарт түзөрүн белгилешти.

Орусиянын президенти Владимир Путин Астана декларациясында ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин БУУнун борбордук ролуна, эл аралык укукка жана эгемен мамлекеттердин өз ара пайдалуу өнөктөштүккө умтулуусуна негизделген адилеттүү жана көп уюлдуу дүйнө тартибин түзүүнү жактоосу камтылганын билдирди. Ал уюмдун 2035-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыгуу боюнча чечимдин долбоорунда саясат менен коопсуздуктан тышкары, экономика, энергетика, айыл чарба, жогорку технологиялар жана инновацияларда дагы карым-катышты тереңдетүү үчүн узак мөөнөттүү багыттар бар экенин белгиледи.

“Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердигиндеги артыкчылыктуу милдеттердин бири – мүчө-мамлекеттердеги жана тышкы чек арадагы коопсуздукту камсыздоо болуп келган жана ошентип кала берет. Уюмдун аймактык антитеррористтик түзүмүн коопсуздуктун бардык коркунучтарына каршы турган универсалдуу борборго айландыруу жана Дүйшөмбүдө антинаркотикалык борбор түзүү жөнүндө бүгүн кабыл алынган чечим так ушуга багытталган. Терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө бул жааттагы кызматташуу боюнча биз бекиткен үч жылдык программа дагы жакшы жардам берет”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ШКУ: Беларустун кошулуусу, Кытай менен Орусиянын жакындашы

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай эл аралык прогрессивдүү коомчулуктан обочолонуп калган Орусия үчүн өз дымагын илгерилетүүдө Шанхай кызматташтык уюму өңдүү аймактык уюмдар маанилүү аянтча болуп жатканын айтат.

“Быйыл ШКУ саммити Орусиянын агрессиясы менен маанилүү болуп жатат. Анткени, Орусия дүйнө жүзүндө мамлекеттердин арасында чектелип калган. Санкциялар деп, дегеле моралдык жактан ага кол бергис болуп калган. Буга чейин да “Тынчтык саммити” деп, Швейцарияда өткөндө дүйнө жүзүндөгү 90 мамлекет катышкан, ошонун сексени Орусиянын агрессиясына сын-пикир айтып, андайга барбаш керек, коопсуздукту күчөтүш керек деп кол койгон. Эми ошол абалда, албетте, Орусия чектелип калгандыгы менен ушундай аймактык уюмдарга барып, активдүү катышканга биринчиден өзүнүн элине, экинчиден ШКУга кирген уюмдардын арасында аброюн жоготпош үчүн абдан маанилүү болууда. Ошон үчүн Путин Астанага келип жатат”.

Саммиттин жыйынтыгында Астана декларациясы, ар түркүн тармакта 18 чечим, үч билдирүү жана өкмөттөр аралык бир макулдашуу кабыл алынды.

Саммитте кабыл алынган чечимдерге ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун Баш катчылыгына Казакстандын өкүлү Нурлан Ермекбаев шайланды. Ал эми Антитеррордук борбордун директорлугуна Кыргызстандан Уларбек Шаршеев бекитилди.

Уюмга кийинки төрагалык кылуу кезеги Бээжинге берилди.

Астана саммитине катышкан лидерлер, 4-июль, 2024-жыл

Кыргызстан үчүн бул уюмдун мааниси канчалык?

Кыргызстан бул уюмдун түптөөчүлөрүнүн бири. Андагы эки чоң держава менен тең тыгыз байланышта. 2022-жылы күзүндө Самаркандда дал ушул ШКУнун саммити өтүп жаткан маалда кыргыз-тажик чек арасында катуу кагылышуу тутанган. Анда көптөр жыйынга чогулган лидерлер жаңжалды токтотуу үчүн ошол жерден чара көрбөгөнүн сындашкан. Дегеле бул уюмдун Кыргызстан үчүн мааниси кандай? Келечекте расмий Бишкек эмне ала алат? Бул суроо менен саясат таануучу Сейтек Качкынбайга кайрылдык:

"Кыргызстан үчүн бул прагматикалык кадам. Эми кошунаны тандай албайсың да. Кытай - биздин чоң коңушубуз. Орусияга экономикалык жактан абдан көз карандыбыз. Энергетикалык ресурстар, эмгек базары дегендей. Кремлдин постсоветтик мамлекеттерге акыркы кездердеги саясатынан улам биздин бийлик этият мамиле жасайт. Расмий Бишкек учурда көп тараптуу тышкы саясат жүргүзүп жатат. Бул жакшы көрүнүш. ШКУ сыяктуу уюмдарга мүчө болуп, алар менен да алаканы үзбөй, максатка ылайык "урчуктуу таштарды буйтап сүзгөн балык" сыяктуу өз траекториябыз бар. Ошондуктан уюмга мүчө болушубуз туура эле деп ойлойм", - дейт Качкынбай.

Ал эми Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти, "Евразиядагы Кытай" долбоорунун автору Рид Стендиштин пикиринде, Кыргызстан үчүн бул чөлкөм кай багытта баратканын билип алууга болгон чоң мүмкүнчүлүк.

"ШКУ - Борбор Азия же Евразия кайда баратканынын көрсөткүчү. Кыргызстандын бийлиги болсоңуз, ал жакка барып, лидерлер менен жүзмө жүз көрүшкөнүңүз маанилүү. Мына ошол жерден сизге жаккан же жакпаган саясат жүрүп жатканын билесиз. Жакпаса, жеринен өзгөртүүгө аракет кыла аласыз".

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзинпинь. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Мүчө-мамлекеттердин ортосундагы пикир мамиле

Уюм кеңейип жатканы менен анын ичиндеги биримдик канчалык бекем? Маселен, айрым мүчө мамлекеттер ортосунда атаандашуулар, пикир келишпестиктер бар экени айдан ачык. Бул жолу Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Астанадагы жыйынга барган жок. Айрым серепчилер муну Модинин Батышка жаман көрүнгүсү келбегени менен түшүндүрсө, башкалар Пакистандын өкмөт башчысы менен жолуккусу келбегендиктен барбаганын айтышууда. Расмий Нью-Делинин Бээжин менен да мамилеси анча эмес. Мына ушундай шартта бул уюм глобалдык деңгээлде канчалык бирдиктүү күч катары өзүн көрсөтө алат деген суроо жаралат.

"Кытай - бул дүйнөдөгү экинчи чоң экономика. Индия Жапониядан ашып өтүп, жакында үчүнчү экономика болот деген божомолдор бар. Пакистандын потенциалы чоң. Экономикалык кызыкчылык булар үчүн биринчи орунда турат деген пикирдемин. Кытайда экономикалык өсүш жеткен чегине жетти деген пикирлер бар. Бээжин ушул уюмдар аркылуу өз экономикасын стимулдаштырып, жаңы базарларды издеп жатат. Ошондуктан Бээжинге абдан керек. Орусияга өнөктөштөр керек, анткени санкциялар салынып, кризисте турат", - деп Качкынбай өз оюн бөлүштү.

Украинадагы согуш, Кытайдын Батыш менен чыңалган мамилесин эске алганда Бээжин менен Москва бул уюмду Батышка каршы колдонобу? Берлиндеги эксперт Ева Зайверт белгилегендей, Кытай менен Орусиянын ШКУдан баштапкы күтүүлөрү эволюция болду.

"Бул Орусияга караганда Кытайдын кызыкчылыгына көбүрөөк туура келген уюм эле. Бээжин алгачкы бир нече жыл чындыгында тыгыз кызматташууга, анын ичинен экономикалык жактан кызматташууга умтулуп келген. Бул жагынан алганда Орусия бир аз күмөн санап турчу. Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин гана бул уюмга кызыга баштады. Эми азыр, албетте, Москва Украинага 2022-жылы кеңири масштабдагы согуш ачкандан кийин ага жаңы же анча жаңы эмес өнөктөштөрдү издөөгө туура келди. ШКУну Батышка каршы уюм катары кабыл алынганын айтсак, Кытай көптөгөн жылдар мындай имижди каалаган эмес, мындан улам Борбор Азия мамлекеттерин жана Батышты ШКУ Батышка каршы уюм эмес деп ынандырганга аракет кылып келген. Албетте, ШКУ кайсы бир үчүнчү тарапка каршы уюм эмес деп айтып, билдирип келишет. Менимче, бул жагдай Иран кошулгандан кийин өзгөрдү. ШКУну Батыштын пикири ойлондурбай калды. Ал эми Батышта андай эмес. Чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү геосаясий окуялардын өзгөрүүсүнө байланыштуу Кытай үчүн Батыш мамлекеттерин тынчтандыруу анчалык деле маанилүү болбой калды", - дейт Зайверт.

Жыйындан кийин уюмга төрагалык кылуу кезеги Бээжинге берилет.

Уюмдун эволюциясы

2001-жыл. Санкт-Петербургда Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын лидерлери ШКУну түзүү тууралуу документтерге кол коюшкан.

"Шанхай Кызматташтык Уюмуна менин мамилем өзгөчө экенин айта кетейин. Мен анын 1996-жылы түптөлүшүнө катышкам, сүйлөшүүлөргө аралашкам, документтерди даярдашкам", - деп эскерген ал учурду Кытайдын "Синьхуа" агенттигине курган маегинде президент Токаев.

Өзбекстан расмий мүчө болгон 2001-жылга чейин бул уюм “Шанхай бешилтиги” деп аталып турган.

Бул бешилтикти 1996-жылы Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Орусия түптөгөн болчу. Адеп бул уюм Кытайга Советтер Союзу урагандан кийин өз чек араларын турукташтырууга мүмкүнчүлүк берген бирикме катары мүнөздөлсө, азыр ШКУ террорчулукка каршы күрөшкө, коопсуздук жана экономика маселелерине басым жасаган уюм катары сыпатталат.

Баш кеңсеси Бээжинде жайгашкан, катчылыгы жана бир нече институту, өзүнчө бюджети бар бул эл аралык уюмдун мүчөлөрүнүн саны 23 жыл ичинде эки эсе өстү. Жаңы өлкөлөр өзгөчө соңку жети жылда кошулду.

2017-жылы уюмга бири-бирин атаандаш санаган эки ядролук держава - Индия менен Пакистан мүчө болду.

2023-жылы Нью-Делиде онлайн өткөн жыйында Иран уюмга толук кандуу мүчө болгон.

Мындан тышкары Монголия менен Ооганстан уюмда байкоочу макамга ээ. Бирок Кабулдагы бийлик 2021-жылы “Талибан” кыймылына өткөнү, алар жыйындарга чакырылбай калган. Ошондой эле Түркия, Азербайжан, Египет, Катар жана башка жалпы тогуз мамлекет - Шанхай Кызматташтык Уюмунун диалог боюнча өнөктөштөрү. Бул мамлекеттердин лидерлери да соңку жылдары ШКУнун саммиттерине утур-утур катышууда.

Расмий жыйындардан тышкары дээрлик жыл сайын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуулары өтүп турат.

ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусунда дүрбү менен алысты карап жаткан кыргызстандык аскер. Балыкчы. 19-сентябрь, 2016-жыл.