Чындыкты көксөгөн калемгер эле...

Шерназар Шүкүровдун тажиясы.

Жазуучу, котормочу, журналист Шерназар Шүкүров 5-августта 68 жашында Бишкек шаарында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Коштошуу митингинде замандаштары маркум өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүндө чет элде жашаган кыргыздардын көйгөйүн көтөрсө, котормочу катары бир нече дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргызчалаганын белгилешти.

Акын Карбалас Бакиров төмөндөгү ырын 1993-жылы Шерназар Шүкүровго арнап жазганын айтып, “Азаттык” үналгысына окуп берди:

***

Төш кагып жок ал мактанган,

"Түштүм" деп "түпсүз асмандан".

Айлансак аздык кылат ээ,

Унчукпай жааган ак кардан?

Карбалас Бакиров.

Бир-бирин алар жек көргөн

Эмес эч, эмес жеп көргөн,

Күнөөсүз өсүү жагынан

Үлгү алсак болот чөптөрдөн.

Жок алар мейкин талашкан,

Үйрөнсөк болот дарактан.

Короодон түпсүз асманга

Кыйкырбай өсүп бараткан!

Акындын ырында айтылгандай, өзүнүн өмүр сапарында кадимки дарактай, чөптөй, айтор, табияттын бир бөлүгүндөй кыйкырбай, төш какпай жашап өткөн Шерназар Шүкүров 1951-жылы 28-мартта Өзбекстандын Замин районунун Жети-Кечүү айылында жарык дүйнөгө келген.

1967-жылы аталган айылдын он жылдык кыргыз орто мектебин бүтүп, совхоздо эсепчинин жардамчысы, тракторчу болуп иштеген. Маркумдун тажиясында Өзбекстандан келген бир тууганы Ташмурат Шүкүров инисинин бала кезин мындайча эскерди:

Ташмурат Шүкүров.

- Биз үч бир тууган элек. Мындан улуусу да каза болгон. Азыр мен жалгыз өзүм калдым. Шерназар бала кезинен эле окумуштуу эле. Мектепте гезиттерге чакан макала жазып иштеп жүргөн. Мектепти бүткөндөн кийин "аба, мен Кыргызстанга барып окуйм" деди. Кембагал элек. Бирок, жол киресине эптеп акча таап берип, окууга кетти.

Буга улай агасы инисинин жалындаган студенттик күндөрүн, үйлөнүү үлпөтүндө Теңир-Тоого кулдук уруп барганын, уялашын бел тутуп, анын жазган макалалары, чыгармалары менен сыймыктанып жүргөнүн эстеп отурду.

Шерназар Шүкүров 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин көркөм сүрөт музейинде улук илимий кызматкер,"Мектеп" басмасынын адабий-көркөм редакциясында редактор, "Кыргызстан маданияты", "Советтик Кыргызстан", Кыргыз туусу" гезиттеринде, "Чалкан" журналында кабарчы, баяндамачы, редактордун орун басары, парламенттин басма сөз кызматында кеңешчи, "Азаттык" радиосунда кабарчы, республикалык «Эркин Тоо» гезитинде жооптуу редактордун орун басары болуп иштеген.

Шүкүровдун журналисттик ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын Журналистер бирикмесинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев мындайча баа берди:

Абдыкадыр Султанбаев.

- Биринчи кезекте анын бийик адамкерчилиги, билиминин тереңдиги, өткөн-кеткен окуяларды жакшы билгени эске түшөт. Ал бир топ республикалык басылмаларда ийгиликтүү иштеди. Өткөн кылымдын 90-жылдарында ал редактор катары башында туруп Эгемберди Эрматов, Абдыманап Жапаркулов, Керимбек Тойбаев менен бирге көркөм адабий, тарыхый-этнографиялык «Мурас» журналын чыгарып жүрүштү. Ошондо ал басылма кыргыздын өткөн тарыхын, каада-салтын элге жеткирүүдө опол тоодой эмгек кылды. Тилекке каршы, ал кездеги каатчылыктын айынан журнал көпкө жашай алган жок. Бирок ал жамаат аз болсо да саз эмгек жасап кетти. Шүкүров андан кийин иштеген басылмаларда журналистикага биротоло бет алып, мыкты макалаларды жазды. Анын чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш - ал өзү жазган теманы өтө тереңден билер эле.

Калемгердин өмүрүнүн соңку күндөрү анын жанында жүргөн жакшы санаалашы, ырчы Майрамбек Осмонов мындайча кеп салды:

Майрамбек Осмонов.

- Өмүрүнүн аягына чейин чындыкты көксөгөн, калп сүйлөгөн адамдын үйүнүн жанынан айланып өткөн асыл адам эле. Эми минтип ичер суусу түгөнүп, акыркы сапарга узатып отурабыз. Буга чейин өмүрлүк жарынан айрылган. "Аялың жок бул аалам арсыз, көңүлсүз болуп калат экен" деп арман кылып жүрүп, өзү да кете берди. Эми эсибизде анын кылган эмгеги, көрсөткөн сыйы, жасалма эмес, нак кыргыздын эрежеси менен жүргөн элеси калат.

Шерназар Шүкүровдун алгачкы көркөм котормочулугу 1972-жылы "Ала-Тоо" журналына Аскад Мухтардын "Махабат" аттуу аңгемесин которуу менен башталган. Андан ары Гармаа Доржиндин "Кызыктуу баяндарын" Жек Лондондун "Үчөөнүн жүрөгү" романын, Өткүр Хашимовдун "Баар кайрылбайт" повестин, "Өзбек эл жомокторун" кыргызчалаган.

Маркумдун артында үч кыз, бир уулу калды. Сөөгү Аламүдүн районунун Лебединовка аймагында жерге берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.