Шайлоо-2021: үгүт өнөктүгү расмий башталды

Боршайком.

29-октябрдан баштап Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкер катталды.

Каттоодон 21 партия өткөн. Алар: "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак", "Улуттар Биримдиги", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Азаттык", "Улуу-Журт", "Мекенчил Эл", "Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы", Социал-демократтар, "Аруузат", "Ордо", "Багыт", "Жашылдар", "Легалайз", "Күчтүү регион", "Жашасын Кыргызстан" жана "Эл үмүтү" партиялары.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шайлоо-2021: Үч районго бир депутат, күчөгөн атаандаштык

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Маматовдун сөзүнө караганда, алдыдагы беш күндө саясий партиялардын жана талапкерлердин мамлекеттик телеканалдардагы акысыз жарнамалык убактысын бөлүштүрүү боюнча да чүчү кулак кармалат.

Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 592 млн. 350 миң сом каражат сарптала турганы маалым болгон.

"Конституциялык мыйзамдын негизинде каражат 36 округ боюнча эсептелип чыкты. Мындан сырткары беш жерде - эки шаарда, үч айылдык кеңеште шайлоо өтүш керек болчу. Муну дагы бюджеттин акчасын үнөмдөө максатында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүүнү пландап жатабыз. Мыйзам буга жол берет. Биз мындан 47 млн. сом үнөмдөп жатабыз. Биздин бюджетке каралган акчанын ичинен референдум менен үч шаардагы кайра шайлоо 2021-жылдын бюджетинде каралган эмес. Азыр ошол акчаны сурап жатабыз. Ошондо 100 млн. кошкондо экономиянын эсебинен 592 млн. менен баары бүтөт", - деген Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искандер Гайпкулов.

Буга чейин президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоого аттангандарга кайрылып, мугалимдерди, дарыгерлерди жана башка мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо иштерине тартпоону, ошондой эле динди саясатка аралаштырбоону үгүт өнөктүгүндө диний ишенимди колдонбоону эскерткен.

Бул жылы шайлоого ЕККУнун атайын бюросу байкоо жүргүзө турганы маалым болду. Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык уюмдарды парламенттик шайлоого байкоо салууга чакырган. Чакыруу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Европа коопсуздук келишими уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна (ЕККУ ДИАУБ), Ислам кызматташтык уюмуна, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине, Дүйнөлүк, Азия жана Европа шайлоо органдарынын биримдигине жөнөтүлгөн.

Элдин тандоосу, бийликтин убадасы

Эл аралык республикалык институттун (IRI) сурамжылоосунда кыргызстандыктар бул шайлоодо партияларды жана талапкерлерди билимине жана сабаттуулугуна карап тандай турганын билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 30% адилеттүүлүк, абийирдүүлүк сапаттарына басым жасай турганын билдиришкен.

Буга чейин президент Садыр Жапаров парламентке шайлоодо мындан ары “алтын мандат”, “биринчи ондук” же “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбой турганын билдирген.

“Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан, акча жасоонун жана коррупциянын булагына айландырган эски, алдымчыл системаны жойдук”, - деген ал жылдык жыйыны өтүп жатканда.

Дагы караңыз Бийлик шайлоону башкача өткөргүсү келет

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, шайлоочулардын баштапкы тизмесине 3 миллион 686 миң адам кирди, алардын 48% эркектер, 52% аял шайлоочулар. Мунун ичинен 69 789 шайлоочу чет өлкөдө катталган.

Быйыл 11-апрелде өткөн референдумга карата катталган шайлоочулардын санынан дээрлик 81 миң кишиге көп.

Шайлоочулар өздөрүн тизмеден 19-сентябрдан тартып 12-ноябрга чейин тактай алышат, акыркы такталган тизме 18-ноябрда жарыяланат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова быйыл добуш берүүнүн купуялуулугуна кепилдик берилерин “Биринчи радиого” курган маегинде билдирген.

“Добуш берүүнүн купуялуулугу толук кепилденет. Кимдир бирөө басым кылган учурда да биздин шайлоо системасында өз тандоосун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк жана шарт түзүлгөн. Ошондуктан, шайлоочу, сиздин кимге добуш бергениңизди эч ким билбейт. Өз эркиңиз менен добуш берүүгө чакырам. Жалпы шайлоо системасы ар бир добуш так санала турганына да кепилдик берет”, - деген Шайлдабекова.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шайлоо: Кыргызстан өткөндөн сабак алдыбы?

2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышкан.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлүп, кийин кайра 5 пайызга көтөрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтылган.