Шахтадагы кырсык: казак президенти көңүл айтты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтада болгон кырсык 32 өмүрдү алды. 17 кенчи ооруканага жаткырылды, жер астында ондогон адамдар калууда. Каргашадан улам 29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев кырсык болгон жерге - "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко атындагы шахтага барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту.