Украина: От күйгөн согуштун үч жылын көрсөткөн сүрөттөр

Орусия Украинага басып кирген биринчи күнү Киевдин метросунда баш калкалап отурган эне-бала, 24-февраль, 2022-жыл.
 

Киевге чукул жерде жайгашкан Буча шаарынын тургундары таш-талканы чыккан орус армиясынын танктарынын жанында жүрүшөт, 1-март, 2022-жыл. Шаарды орус күчтөрү басып алгандан бир айдан кийин украин аскерлери бошоткон. 

Буча жана Ирпин шаарларынын тургундары үй-жайын таштап кетип жатат, 11-март. 2022-жыл.

Украин жоокерлерине кол булгалап турган аял Чернигов облусунун тургуну, 2-апрель, 2022-жыл. 

Украин армиясындагы капеллан Александр катардагы жоокер менен чогуу кудайга жалынууда, 24-апрель, 2022-жыл.

Юрий - Донецк аймагындагы украин армиясынын танк механиги, 11-июнь, 2022-жыл.

Харьковдун сыртындагы Салтовка шаарындагы кыйраган көп кабаттуу үйлөр, 13-сентябрь, 2022-жыл. 

Колу артына байланган украин жоокеринин сөөгү Харьков облусунун Изюм шаарына жакын жерде маркумдар жапырт көмүлгөн жерден чыккан. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Өрт өчүрүүчү "Шахед" дрону тийгенде жерде кара түтүндүн ичинде жалын менен кармашууда, 17-октябрь, 2022-жыл. 

Макеевка шаарынын 9 жаштагы тургуну София эвакуациянын алдында кичинекей сүйүктүү жаныбарын бооруна кысып турат, 19-ноябрь, 2022-жыл. 

Донецк аймагындагы украин аскерлери Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү берген куралдан сокку уруп жатат, 23-ноябрь, 2022-жыл.

Соледар шаарын коргогон украин жоокеринин канга боёлгон чопкутталган күрмөсү, 23-январь, 2023-жыл. 

Донецк аймагындагы Бахмут шаарынын борбору, 25-февраль, 2023-жыл.
 

Бахмуттагы украин аскери, 25-февраль, 2023-жыл. 
 

Бутага илинип, сокку тийип жаткан жердеги украин жоокери, 2023-жылдын май айы.  
 

Бахмуттун айланасында орус күчтөрүн курчоого алган украин жоокери, 2023-жылдын май айы.
 

Бахмуттун жанында колго түшкөн орус аскерине украиндер суу жуткуруп жатат, 2023-жылдын май айы. 

 

Украин жоокери Донецк облусунун Благодатное айылындагы талкаланган имаратта, 17-июнь, 2023-жыл. 

Киевдеги "Мекен-эне" эстелигине советтик эски гербдин ордуна украин элинин улуттук эн белгисинин орнотулганын майрамдап жатышат. 6-август, 2023-жыл. 

Черниговдун борборуна тийген соккудан кийинки кыйроо, 19-авугст, 2023-жыл.

Донецк облусунун Авдеевка шаарындагы үйлөрдүн бирине тартылган муралдын алдынан өтүп бараткан жоокер, 2023-жылдын ноябры.

Бахмуттун жанында жайгашкан украин армиясынын аткычтар бөлүгүнүн жоокери тыным алып, чылым чегип отурат. 2023-жылдын декабрь айы. 
 

Украин аскерлери Бахмуттун жанында асмандагы орустардын дронуна абай салып турушат, 6-март, 2024-жыл 

Киевдин борборуна орус армиясынын соккусу тийген кафенин кызматкери өзү иштеген жерде турат, 25-март, 2024-жыл.
 

Өрт өчүрүүчүлөр Киевдеги орус күчтөрүнүн ракетасы тийгенде кыйраган үйдүн урандыларын тазалоодо, 25-март, 2024-жыл. 

 

Авдеевканын алдындагы медициналык жайдын дарыгерлери жарадар болгон бейтаптардын денесинен алып чыккан ок-дарынын сыныктары. 2024-жылдын март айы. 

Донецк облусунун Покровскисинен эвакуацияланган кыз туугандары менен коштошуп, ыйлап турат. 20-август, 2024-жыл. 

Украинанын чыгышындагы Покровскинин көчөлөрүнүн бирине эвакуацияга жардам сурагандар үчүн илинген такта, 2024-жылдын октябрь айы.

Покровскинин айланасындагы өрт чалган жерлер, 2024-жылдын сентябры. 

40 жаштагы Артем - украин армиясынын командири. Анын артиллериялык бөлүгү Покровскидеги каршылаштын позицияларына ок атып жатат.   
2024-жылдын октябрь айы.

 

Согушта курман болгон жоокер Даниил Ляшкевичтин энеси Киевде уулунун табытын курчактап жоктоп жатат, 8-ноябрь, 2024-жыл.
 

Орус армиясынын Киевге урган соккусунда күчүгүн бооруна кыскан кыз. 20-декбарь, 2024-жыл.

Киев авиачабуулга кабылганда баласын алып качып бараткан аял, 20-декабрь, 2024-жыл

Киев метросунун Lukyanivska станциясынын кире бериши орус армиясынын соккусунда бузулган. 18-январь, 2025-жыл.

Киевдин Lukyanivska метро станциясынын жанына орус армиясынын куралы тийген жер. 18-январь, 2025-жыл.  

2014-жылдагы Евромайданды эскерүүгө келаткан тургундар. 20-февраль, 2025-жыл.  
2013-2014-жылдардагы элдик нааразылыктын аркасында Москванын көзүн караган украин президент Виктор Янукович бийликтен куулган. Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасс аймагында жаңжал башталган. 2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага ар тараптан басып кирип, согуш баштаган. 

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.