“Босниянын касапчысы” геноцид үчүн айыпталды

Ратко Младич, 22-ноябрь, 2017-жыл.

Балкан согушунда босниялык сербдердин командачысы болгон Ратко Младич тукум курут (геноцид) жана адамзатка каршы башка кылмыштар боюнча айыптуу деп табылып, өмүр бою абакка кесилди.

Өкүмдү бүгүн мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибунал чыгарды. Тагылган 11 күнөөнүн ону боюнча айыптуу деп табылган Младич соттун адилетсиз экенин айтып, күнөөсүн танып жаткан чагы.

Мурдагы Югославиядагы куралдуу жаңжал маалында жасалган согуш кылмыштары, геноцид үчүн жооптуу адамдарды сот жообуна тартуу, жабыркагандарга карата адилеттүүлүктү орнотуу үчүн түзүлгөн трибунал Гаага шаарында жайгашкан.

Сребреница курмандыктарынын ысымы жазылган такта

БУУнун бул түзүмү 1993-жылы негизделген. Босниялык сербдердин ошол жылдардагы командачысы Ратко Младичке жаза чегерүү трибуналдын соңку өкүмү болмокчу.

“Босниянын касапчысы” деген атка конгон мурдагы-генерал геноциддин 11 фактысы, адамзатка каршы жана согуш кылмыштары үчүн айыпталган. Ал өзү болсо күнөөсүн моюнга албай келатат.

Младич 1995-жылдын июлунда Босния менен Герцеговинадагы Сребреница шаарчасында 8 миңдей мусулман эркектер менен өспүрүмдөрдү кырууну уюштурган деп айыпталууда. Ал окуя Европа аймагында Холокосттон кийинки чоң кыргын деп табылган.

Тагылып жаткан айыптардын оордугун эске алганда Младичтин иши Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин нацисттерди соттогон Нюренберг процессинен кийинки эң чоң сот жараяны болуп калды.

Сот өкүмүн күткөн Босния жарандары

Прокурорлордун айтымында, Младичтин кол астындагы аскерлер БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн курамындагы голландиялык контингентти сүрүп чыгарып, айылга кирип барышкан. Андан кийин Улуттар Уюму тарабынан коопсуз тилке деп жарыяланган Сребреницадагы абышка-кемпирлерди, аялдарды жана балдарды автобустарга, жүк ташыган машинелерге отургузуп, босниялыктардын карамагындагы чөлкөмгө жөнөтүшкөн. Эркектер менен өспүрүмдөрдү шаар четиндеги жерге алып барып, атып өлтүрүшкөн жана чогуусу менен көмүп салышкан.

6 900дөй сөөктүн кимге таандык экени ДНК анализинин жардамы менен аныкталган. Бирок кээ бир кишилердин дайыны дагы деле табыла элек.

- Ошол кылмыштарды, геноцидди ишке ашырган адамдар жазасын алганда биздин балдар жабырлануучулар деп аталгандай эле, алар согуш кылмышкерлери деп таанылганда гана адилеттүүлүк, бири-бирибизге ишенүү жана жарашуу мүмкүн болот, - дейт Среберница энелеринин ассоциациясынын жетекчиси Мунира Субасич.

2007-жылы эл аралык трибунал босниялык сербдердин аскерлеринин колунан келген ошол кыргынды геноцид деп тапкан.

Сребреницадагы кыргындын курмандыктары

Прокуратура анын планын Ратко Младич, босниялык сербдердин президенти Радован Каражич, Сербиянын президенти Слободан Милошевич иштеп чыгып, Боснияны сербдерден башка улуттардан тазалоону, башкача айтканда “этностук тазалоо” жүргүзүүнү жана Югославиянын аймагында “Улуу Сербия” түзүүнү көздөшкөнүн аныктаган.

Младичке андан тышкары куугунтуктоо, киши өлтүрүү, кыйноо, зордуктоо, Сараевону блокадага алуу жана аткылоо, элди күчтөп көчүрүү, терроризм жана БУУнун бейпилдик аскерлерин барымтада кармоо фактылары боюнча айып тагылган.

Трибунал ага 1995-жылы эле айып такканына карабастан, Младич качып жүрүп 2011-жылы кармалып, иши сотко өткөрүлгөн. Сот жараяны болсо 2012-жылы башталган.

Былтыр трибунал Каражичти ушундай эле айыптар боюнча 40 жылга абакка кескен. Милошевич болсо 2006-жылы Гаагадагы түрмөдө отурган жеринен каза таап, сот өкүмү чыкпай калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.