Алепподо коопсуз коридор ачылды

Сириянын Алеппо шаары

Сирия өкмөтү жана Орусия 30-июлдан тарта Алеппо шаарында коопсуз коридор ачылганын жарыялашты. Куралуу оппозициянын колунда турган Алеппонун чыгыш райондорундагы калк андан пайдаланып, өкмөт даярдаган бекеттерден чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Сириянын экинчи чоң шаары болгон Алеппонун чыгыш тарабын куралдуу оппозиция көзөмөлдөйт. Ал райондордо 250 миңден 300 миңге чейин адам жашары белгилүү.

Сирия аскерлери Алеппонун чыгышын ар тараптан бууп, жоочуларга азык-түлүк жана курал-жарак келишине жол бербөөгө аракеттенип келатат. Мына ушундай тосмолоонун айынан ал райондордо жакынкы мезгилдерде азык-түлүктүн жетишпестиги пайда болору айтылууда.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун билдирүүсүнө караганда, төрт жерде коопсуз коридор ачылат. Анын биринен куралдуу жоочулар чыгууга мүмкүнчүлүк алса, калгандарынан жарандар чыга алат:

- Орусия Федерациясынын президентинин тапшырмасы менен Сирия өкмөтү менен биргеликте масштабдуу гуманитардык операция баштайбыз. Анын максаты - Алепподогу тынч жарандарга жардам берүү. Биз эл аралык гуманитардык уюмдар ал операцияга кошулат деп ойлойбуз.

Шойгунун айтымында, үч коопсуз коридордон чыккан жарандарга ысык тамак жана медициналык жардам уюштурулат.

30-июлда жарыяланган коопсуз коридордон ошол күнү 169 адам пайдаланганын Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады. Алардын көпчүлүгү улгайган аялдар болуп чыкты. Сирия өкмөтү куралын таштаган жоочуларга жаңыдан мунапыс жарыялады.

Айрым маалыматтарга караганда, жоочулар эркектердин коопсуз коридор аркылуу чыгуусуна тыюу салды. Бирок ага карабай айрым куралчан адамдар да коопсуз коридорду пайдаланганын Сириянын өкмөттүк маалымат каражаттары кабарлады. Ал маалыматтар видео материалдар менен тастыкталган эмес. Ошондуктан ага ишенүү кыйын болууда.

Оппозициялык күчтөр коопсуз коридорду пропаганда деп, аны четке какты. Ал эми кээ бирөөлөр убада кылынган төрт коридордун үчөө жабык экенин билдирүүдө.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия менен Сирия өкмөтүнүн коопсуз коридор демилгесине тынчыздануусун билдирип, ал бир айла боло турган болсо, анда Сирия боюнча АКШнын Орусия менен кызматташуусуна терс таасирин тийгизерин эскертти.

Алеппо

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча өкүлү Стефан де Мистура да Орусия жана Сирия өкмөтүнүн демилгеси менен толук тааныш эместигин билдирди:

- Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун сунушуна баа берүүгө чындыгын айтканда эртелик кылат. Биз ал сунуш боюнча жетиштүү маалымат ала элекпиз.

Эксперттердин баамында, коопсуз коридордон пайдалануу мөөнөтү өткөндөн кийин Сирия аскерлери Орусиянын колдоосу менен Алеппонун чыгышын бомбалоого жана чабуул жасоого киришет. Ал чабуулда "Жебхат –аль-Нусра" сыяктуу террордук уюмдар менен кошо тынч жарандар жана террордук эмес оппозициялык күчтөр да жабыркайт деген чочулоо күчтүү. Белгилүү болгондой андай күчтөргө Кошмо Штаттар жана Батыш өлкөлөрү колдоо көрсөтүп келет. Алар Сирия президенти Башар Асаддын кызматтан кетүүсү тынчтыкка карай биринчи кадам деп эсептешет.