Адамдын башын алмаштырган заман келди

Кытайлык хирург адамдын башын алмаштырууну мерчемдеп жатат. Дүйнө элинин 30% көбү түнкүсүн Саманчынын жолун көрө албайт. Кытайда жаш муундун өкүлдөрү олбурлуу болуп төрөлүүдө. Буудай талкандын пайдасы.

Кытайда башын алмаштырууну каалагандар арбын

Мындай операцияны жакында Кытай илимпозу, доктор Сяопин Рен (Xiaoping Ren) жасамакчы. Ал бул планын The New York Times гезитинде ырастады. Илимпоз-хирургдун сөзүнө караганда, экспериментке макулдук берген адамга бөлөк бирөөнүн соо башы “орнотулат”. Баш денеге жалпак металл менен бириктирилип, ал башты түз кармап турса, жүлүндүн нерв клеткалары желим сыяктуу сүлкүлдөк суюктукка салынып, өстүрүлөт экен. Маалымдалгандай, башын алмаштырууну каалаган ыктыярдуулар бир топ.

Сяопин Рендин мүдөөсүн Кытайдын саламаттыкты сактоо министринин мурдагы найыбы (орун басары) Шианг Жефу (Huang Jefu) медициналык этикага сыйбаган иш катары сындады. Бээжин университетинин медициналык этика боюнча лектору Cong Yali (Конг Яли) доктор Ренди "өлкөнү жаманатты кылууда" деп күнөөлөдү. Чет өлкөлүк дарыгерлер арасында да сын-пикирлер айтылууда.

Жыл башында доктор Рен жетектеген адистер эшектин башын ийгиликтүү трансплантациялап, жаныбар операциядан кийин 20 саат жашаган. Бул операция 20 саатка созулган. Ал эми адамдын башын алмаштыруу үчүн 20-30 саат кетет деп болжолдонууда. Илимпоз-хирург эшектен мурда 1000 чычканга операция жасап көргөн.

2015-жылы Кытай өкмөтү илимий изилдөөлөргө 216 миллиард доллар чегерген. Бул 2005-жылы илимге деп бөлүнгөн акчадан 4 эсе көп.

Саманчынын жолун көрө албагандар

Эл аралык окумуштуулар тобу дүйнөнүн жасалма жарыктыгынын атласын түзүштү. Анда көрсөтүлгөндөй, дүйнө элинин үчтөн бири Саманчынын жолунда чачырап жаткан жылдыздарды көрүп, анын кооздугуна суктана албайт. Аба мейкиндигинде пайда болгон ашыкча жарыктын туманы же түтүнү түндүк америкалыктардын 80%, европалыктардын 60 пайызына Саманчынын жолун көрсөтпөйт. Түнкүсүн жарыктын түтүнү эң көп каптаган шаар Египеттин байтакты Каир. Түнкү асмандын кооздугун Африканын эми өнүгүп бараткан өлкөлөрү: Чад, Борбордук Африка Республикасы, Мадагаскардын аймагынан, Австралиядан жана Гренландиядан көрүү мүмкүн. Саманчынын жолун Сингапур, Сан-Марино, Кувейт, Катар жана Мальта сыяктуу аянты кичине өлкөлөрдүн эли да көрүшпөйт. Себеби түн ичинде Сингапур менен Сан-Маринонун аянты толук бойдон, Мальтанын аянтынын 89%, Батыш Иордандын 61%, Катардын 55%, Бельгия менен Кувейттин 55%, Тринандо менен Тобагонун жана Нидерландиянын 43%, Израилдин 42% аянтын жарык түтүнү каптап турат.

Саманчынын жолу галактикасынын бир көрүнүшү.

Жарыктан булганган асман элдин маданиятына, дүйнөлүк экологияга терс таасир тийгизип, адам саламаттыгына зыян келтирет жана электр кубатын ашыкча коромжуга алып барарын илимпоздор эскертүүдө. 2007-жылкы медициналык изилдөө жасалма жарык адамдын психологиясына жана жүрүм-турумуна зыян келтирип, уктоо циклин бузганын, анын кесепетинен организмде стрессти жаратчу гормондор көп иштелип чыкканын көрсөткөн. (http://advances.sciencemag.org/, http://edition.cnn.com/)

Кытайда жаштардын бою тез өсүүдө

Бүгүнкү кытай балдары 1975-жылкы курдаштарына караганда олбурлуу болуп, бойлору да алардыкынан 8 сантиметр бийик экени Саламаттыкты сактоо жана балдарды пландуу төрөтүү боюнча мамлекеттик комитеттин расмий билдирүүсүндө айтылат. 2015-жылы өткөрүлгөн иликтөөгө Кытайдын чоң тогуз шаарынан 7 жашка чейинки 161 миң 774 бала катышкан. Изилдөө 5 жаштан 5,5 жашка чейинки курактагы балдардын орточо бою 113,6 сантиметр экенин аныктаган. Бул 1975-жылкы орточо көрсөткүчтөн 8 сантиметр, ал эми 2005-жылкыга салыштырганда 1,8 см бийик. Бүгүн балдардын салмагы да чоңойгон: 40 жыл мурдагыга караганда балдар 3,7, кыздар 3,28 килограмм салмак кошкон.

Кытай аскериндеги учкуч келин-кыздар.

Шаар жана кыштак жеринин балдары ортосундагы айырма да кыскара баштаган. Эгер 1975-жылы төрт-беш жаштагы шаардык балдардын бою айылдык курдаштарына салыштырмалуу орточо 4 сантиметр бийик болсо, былтыр ал 0,6 сантиметр гана айырмаланган. Кыздардын боюндагы айырма мурда 4,3 см болсо, азыр 0,4 см түзгөн. (Булагы: Синьхуа- http://russian.news.cn/)

Буудай нандын пайдасы

Буудай жана буудайдын негизинде даярдалган азыктарды көп жегенде кандагы зыяндуу холестериндин деңгээли төмөндөйт. «Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы жүрөгүндө мандеми бар же организминде төмөнкү жыштыктагы холестрин нормалдуу деңгээлде болуп, бирок бул заттын зыяндуу түрлөрүнүн деңгээли жогору болгон диабетиктер үчүн кызыктуу болушу мүмкүн. Буудай алдагы заттардын деңгээлин ылдыйлатат, ошондой эле канында холестерини аз адамдардын саламаттыгына оң таасир этет», - дейт Канаданын Торонто университетинин профессору Владимир Вуксан (Vladimir Vuksan).

Илимпоз жана анын кесиптештеринин изилдөөсү буудай жүрөктүн жана кан тамырлардын ырааттуу иштөөсү үчүн абдан пайдалуу азык экенин аныктаган. Ушундан улам кийинки жылдары кээ бир улуттук өкмөттөр жана медициналык мекемелер тарабынан канында холестериндин деңгээли нормадан жогору болгон адамдарга буудайдын кебегин, талканын жана башка андан даярдалган азыктарды жегенге сунуш кылына баштаган. Себеби буудайдын курамындагы бета-глюкандар ашыкча майдын жана холестериндин кандан чыгып кетүүсүнө көмөктөшөт

Буудайдын кебегин, буласын жана клеткасын бир ай бою күнүнө 5-6 граммдан жесе, кандагы холестриндин деңгээли 7% ылдыйлап, жүрөктүн жана кан тамырлардын атресклероз, тромб жана башка илдеттерине кабылуу мүмкүндүгү кыйла азаярын окумуштуулар ырасташат. (Булагы: European Journal of Clinical Nutrition- http://www.nature.com/, http://www.agroxxi.ru/)