Адамдын оюн айтып берчү аппарат
Беркли шаарындагы Калифорния университетинин профессору Роберт Кнайт (Robert Knight) жана анын коллегалары мээдеги ойду окуп, айтып берчү аппараттын үстүнөн иштешүүдө. Мындай аппарат инсульт же шал болгон жана ар кандай себептер менен сүйлөй албай калган адамдардын ойлогон ойлорун мээсинен окуп, жанындагыларга айтып бере алчу кубатка ээ болот. Ал аппарат адамдын оюндагы сөздөрдү электрондук үн чыгаргыч менен же магнитофон аркылуу уктурат деп мерчемделүүдө.
Окумуштуулар мээнин тилге тийиштүү бөлүгүнүн сыртына электроддорду жабыштырып, сөздү угуп жатканда мээнин клеткаларында пайда болгон электросигналдардын үлгүсүн байкашкан. Анан электросигналдарды адам укканда мээсинде жаралган үнгө айлантып, ал ойлогон сөздү жазып алышкан.
“Биз азыр адам сүйлөйм деген сөздөрдү мээде таанып, аны өзүндөй кылып айтуунун жолун издеп жатабыз, - дейт профессор Кнайт. - Биз адам сөздү ойлогондо мээде пайда болчу сигналдарды жазып алып, анан бул сигналдарды үнгө өзгөртүп, ал үндү айтып берчү аппаратты жасагыбыз келет". (Булагы: www.dailymail.co.uk)
Билерик смартфон
Колго билериктей кийип же сааттын кемериндей тагып алчу биринчи смартфонду кытай инженерлери жасады. Чунцин шаарындагы Moxi компаниясы быйыл өлкө базарына 100 миң билерик-смартфон чыгарып, даанасын 5000 юандан (765 АКШ доллары) сатарын жарыя кылды. Сенсордук экраны аны билекке тагылып турганда жана түз абалында да кадимки смартфондой иштете берет. Азырынча "акылдуу" телефондор ак-кара гана дисплейлүү болуп, түстүүсү 2018-жылы жасалат.
“Ак-кара дисплейлүү телефондорду жасаган алда канча жеңил. Ак-кара блокторго караганда түстүү моделдер электр кубатын көп керектейт. Жаңы товар адегенде Кытайда сатылат. Кардар чыкса сырт жактарга да сатабыз", - дейт компаниянын вице-президенти Чаңшен Ю (Chongsheng Yu).
Билерик-смартфондун батареясы, процессору жана башка компоненттери ийилме экрандын артына эмес гаджеттин эки четине жайгаштырылган. Бул дисплейди шакектей ийип, билекке кийип алганга ынгайлуу. Ийилме экран карбондун (көмүр кычкылтеги) атомдору иреттүү схема менен жайгаштырылып, алар өткөргүч жана ийилчээк кылган графен технологиясын пайдалануу менен жасалган.
Учурда ири компаниялар: Samsung жана LG (LPL) графендерди пайдаланып, сенсордук ийилме дисплейлерди жасашат. LG (LPL) башка кийип алчу ийилме телефонду жасаган. Apple ийилме электроникага патентти былтыр алган. Moxi жасаган экран жогорудагы компаниялар жасагандан да өткөн ийилме. (Караңыз: www.bloomberg.com)
Желим бөтөлкөдөн жасалган жука чепкен
Быйыл Американын жогорку окуу жайларынын 400 миңдей бүтүрүүчүсү диплом алуу салтанатына желим бөтөлкөдөн жасалган жука чепкен - мантия кийип барышат. Аны Түндүк Каролина штатындагы Гринсборо шаарында жайгашкан Unifi компаниясы тиккен. Компания жылына 150 миң тонна полиэстр жана нейлон жип чыгарат. Анын Ядкинвилл (Yadkiniville) шаарындагы таштанды заттарды кайра иштетүүчү фабрикада желим бөтөлкөлөр, синтетикалык булалардын таштандылары жана кездемелердин калдыктары жыйналат. Тунук өңдүү желим бөтөлкөлөр АКШнын ар кайсы жерлеринен чогултулуп, майдалап кесилип алып келинет.
“Биз бул желим бөтөлкөлөрдү кабырчыктын формасындай кылып алып келип, дандай кылып майдалайбыз. Андан соң аларды эритип, полиэфир булага жана полиэстр жипке айлантабыз", - дейт Unifi компаниясынын вице-президенти Жей Хертвиг (Jay Hertwig). Берегидей жипке үч чийки зат керектелет: жалаң желим бөтөлкөлөр, желим бөтөлкөлөрдүн гибриди жана булалардын таштандысы, желим бөтөлкөлөрдүн гибриди жана кездемелердин калдыктары.
Желим бөтөлкөдөн жука кийимдер, шалбар, шым, күрмө жана башка кийимдер, автомобилдердин ички бетине капталчу жана башка материалдар жасалат. Берегидей материалдарды Patagonia, The North Face, Levi’s, Addidas, Nike, Ford сыяктуу белгилүү компаниялар пайдаланышат. 27 желим бөтөлкөдөн 1 жука чепкен жасалат. Unifi компаниясы акыркы 7 жылда 4 миллиард желим бөтөлкөнү жипке айланткан. Андан желим жашик (коробка), тамак сактачу куту идиш жана башка буюмдар да жасалат. (Булагы: http://sanantonio.suntimes.com,money.cnn.com.)
Электр талаасын билчү жапан аарылар
Аары менен жапан аары башы жана денесиндеги түктөрү аркылуу электр талаасын сезишет. Британиянын Бристоль университетинин изилдөөчүлөрү үч жыл мурда гүлдүү өсүмдүктөрдүн көбүндө күчсүз терс заряддагы электр талаасы бар экенин, шире (нектар) чогулткан аарылар мындай талааны ажыратып билерин аныкташкан.
Илимпоздор электр талаасы аарыларды бал чөйчөккө чакырган сигналдын ролун аткарат го деп жоромолдошот. Алар обол аары учкан кезде анын денеси адамдын чачы сыяктуу эле абага сүрүлүп, оң заряддалат жана электр талаасы жаралат деп ойлошкон. Бул гипотеза тастыкталбаган соң аарынын денесиндеги түгү электр талаасын түзчү сенсордой болушу ыктымал деп боолгошкон. Ошондуктан аарынын денеси жана нерв системасы электр талаасына кандай реакция кыларына байкоо салышканда, анын муруттары жана түгү чыңалууга реакция жасашканын, атүгүл түгү 1 м аралыктагы 0,77 вольттон ашпаган электр талаасын сезгенин көрүшкөн.
“Биз чачыбызды аба шары менен сүрткөндө кандай жылса, аарынын түктөрү электр талаасынын таасири астында дал ошондой кыймылга келип, “бийлей” баштайт. Көпчүлүк курт-кумурскалардын денесинде аарылардын денесиндегидей түгү бар. Электр талаасын сезүү көптөгөн омурткалууларга да мүнөздүү болушу ыктымал", - дейт Бристоль университетинин профессору Грегор Саттон (Gregory Sutton).
(Булагы: Proceeding of the National Academy of the USA,-www.pnas.org)