50 000 жыл мурдагы байыркы мумия
Бул эки жаныбардын денесин кенчилер 2016-жылы июнда Канаданын Юкон аймагынан табышкан. Алтын чоку тоосундагы кенден табылган табылгалар эң байыркы мумияланган сүт эмүүчүлөрдөн экенин палеонтолог Грант Зазула (Grant Zazula) билдирди:
“Маал-маал тыйын чычкандардын калдыктарын таап жүрөбүз, бирок бул маанилүүлүгү жана уникалдуулугу жагынан өтө сейрек табылга”.
Мумияланган каруби бугусунун сөөгү бүтүн, тулку, башы, эки алдыңкы буту, териси, булчуңдары жана жүнү бузулбай сакталыптыр. Ал 80 000 жыл мурдагы жанар тоонун күлүнө аралашып жаткан экен.
Клондайк алтын дүрбөлөңү Канаданын түндүк-батышындагы ушул аймакта болгон.
Акыркы муз доорунда бүгүнкү Канаданын дээрлик бардык территориясы муздун астында болгон. Ошон үчүн Юкан дарыясынын ылабында муз аз салыштырмалуу болгон үчүн түрдүү жан-жаныбарлар көп байырлаган. Бул аймакта мамонттор, мастодонттор, айры тиштүү мышыктар, ошондой эле бүгүн сакталып калган карибу бугусу жана карышкырлар жашаган.
Радио-кычкылтектик анализ мумияланган бөлтүрүк 50 000 жыл мурда туулганын тастыктаган. Ветеринарлардын аныкташынча, бөлтүрүк сегиз ай гана өмүр сүргөн.
“Жерден казып алынган сөөктөрдү өз көзүң менен көргөн башка. Ал эми байыркы мезгилден калган жаныбардын бүтүн тулку-карт убакытты тирилтет, - дейт Грант Зазула. -Бул бизди айлана-чөйрөдө, климатта жана жаныбарлар коомунда эзелтеден берки болгон кереметтүү өзгөрүүлөр тууралуу ойлондурат”.
Мумияланган бөлтүрүк менен карибу бугусу азыр Доусон шаарынын элине көрсөтүлүүдө. Алар кийинчерээк Юкон аймагынын борбору - Уайтхорс шаарындагы музейге сактоого берилет.
Ал эми Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейиндеги 4-5-кылымдарга таандык мумияланган кыз, тескерисинче, былтыр 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөргө кайра көмүлгөн.
(Булагы: https://www.ctvnews.ca, https://naaju.com)
Дүйнөдөгү эң так саат
Дүйнөдөгү эң так иштеген оптикалык саат - криогендүү сапфир генератор же сапфирлүү саат деп аталат. Сапфирлүү саат Австралиянын Аделаида университетинин алдындагы Institute for Photonics and Advanced Sensing институтунун окумуштуулары менен "Cryoclock Pty" компаниясынын адистеринин 20 жылдык ишинин үзүрү.
Бул сааттын супертөмөнкү температурага чейин (-267°C) муздатылган сапфир резонатору дээрлик эч кандай тыбыш чыгарбай туптунук сигналды берип турат. Сапфир резонатор үчүн 1200 караттык сапфир кристалл колдонулган. 5 см сапфир кристалл абсолюттук нөлдөн 5 же 6 градус төмөнкү 267°C температурада кармалат.
Мындай саат 40 миллион жылдан ашык убакытта 1 секундага гана жаңылышы мүмкүн.
Сапфир саат өз параметрлери боюнча бүгүнкү коммерциялык сааттардан болжол менен миң эсе артык жана 1 секундада 10 миллиард жолу кагып турат. Ал саат өтө чоң тактыкты талап кылган электрондук схемаларды жана жабдууларды так убакытты билдирген сигналды берип туруу үчүн зарыл.
Австралиялык окумуштуу-инженерлер жасаган саат Жердеги эң таза сигналды 10 GHz жыштыктагы микротолкунда берет.
“Теңдешсиз так иштеген сапфир сааттар Австралиянын түндүк тарабын абадан коргоочу Jindalee Over-The-Horizon Radar Network (JORN) радардык системаларды модернизациялоо үчүн абдан чоң потенциал болот”,-дейт долбоордун жетекчиси, профессор Андрэ Лютэн (Andre Luiten).
Мындан тышкары сапфир сааттарды аалам койнуна такай байкоо салып турган радардык системаларды туруктуу сигнал менен камсыздоо үчүн колдонуу мүмкүн. Бул радардык системалардын алыс аралыктагы салыштырмалуу жай ылдамдыкта кыймылдаган кичинекей объекттерди көзөмөлдөп туруусун мүмкүн кылат.
(Булагы: https://economictimes.indiatimes.com, https://cryogenicsociety.org)
Этти аз жесеңиз, суу көп үнөмдөлөт
Ден соолукка пайдалуу мүнөз тамак жеген адамзат үчүн пайдалуу болгондон башка дагы тартыш жана баалуу таза сууну сактайт. Бул жөнүндө Еврокомиссиянын Биргелешкен изилдөө борбору (Joint Research Centre, JRC) маалымдады. JRCнин окумуштуулары Европанын суб-улуттук географиялык бирдиктеринин (European sub-national geographical entities) же калктын географиялык орду боюнча тамактануу өзгөчөлүктөрүн салыштырып көрүшүп, азык-түлүк өндүрүү сууну керектөөгө кандай таасир эткенин талдашкан.
Ага ылайык: эти бар азык-түлүк өндүрүү сууну керектөөнү 11% - 35%, паскетариан диетасына* зарыл азык-түлүк өндүрүү сууну керектөөнү 33%- 55%, вегетариан диетасына зарыл азык-түлүк өндүрүү сууну керектөөнү 35% - 55% азайтат.
Ал эми планетардык масштабда алганда, мал этин тамак-ашка пайдаланууну кыскартуу сууну керектөөнү 10% үнөмдөйт.
Окумуштуулар тамактануу боюнча улуттук сунуштамада аныкталган диетанын береги үч схемасын тамак-ашты керектөөнүн учурдагы реалдуу картинасы менен салыштырышкан. Аталган маалыматтар Британия, Германия жана Франциянын 43 миңден көп районунан алынган.
Европа калктарынын географиялык орду боюнча тамактануу өзгөчөлүктөрүн камтыган бул изилдөө азык-түлүк керектөөнүн социалдык-экономикалык факторлорун, бар жана сунуш кылынган диеталарды да эске алган. Мисалы, жеке адамдардын азык-түлүктү керектөөсүнө жаш курагы, жынысы жана билиим деңгээли сыяктуу социалдык-экономикалык фактор катуу таасир этерин аныкталган.
Ошондой эле, азык-түлүктүн кайсы бир түрүн соода-сатык үчүн өндүрүү менен жалпы сууну керектөө (overall water footprints) ортосундагы байланыш да изилденген. Алсак, бир французга бир күнгө керектүү тамак-аш жасоо үчүн 3861 литр суу, немис үчүн 2929 литр жана британ үчүн 2757 литр суу зарыл. Суу, айрыкча, эт азыктарын жана арак-шарап ичимдиктерин өндүрүүгө көп кетет. Ал эми Францияда калк Британия жана Германиянын калкына караганда малдын этин көп жешет, шарапты көп ичишет.
Жалпысынан аталган үч өлкөнүн эли малдын этин, кантты жана түрдүү майларды көп жешет да, алардын тамак-аш рационунда жашылча жана мөмө жемиштери жетишпейт.
Адамдардын тамактануу адаты узак жылдар бою калыптангандыктан, аны өзгөртүү жеңил эмес.
*Паскетариан диетасы - малдын эти жок тамак-аш.
(Булагы: https://www.nature.com, https://ec.europa.eu)
Бөбөктөр жана маймылдар “бир тилде сүйлөшөт”
Бир жаштан эки жашка чейинки бөбөктөр бардык курактагы маймылдар менен окшош тилде сүйлөшөт. Ал тил - жаңсоо экенин эл аралык илимпоздор тобунун (University of St. Andrews -Scotland, University of Neuchatel-Switzerland), University of Göttingen &d University of Hamburg-Germany) изилдөөсү аныктады.
Изилдөөгө караганда, бөбөктөр бир нерсени айтуу үчүн пайдаланган жаңсоолордун 95% ашыгын шимпанзелер жана гориллалар колдонушат.
Уганданын Будонго токоюнда (Budongo Forest) жашаган маймылдардын жана үйдөгү, бакчадагы бөбөктөрдүн жаңсоолорун жазып алууда окшош усул колдонулган.
Береги жапайы маймылдар өз ара сүйлөшкөндө жалпысынан жаңсоонун 80ден ашуун түрүн пайдаланышат. Алардын жаңсоолорунун мааниси жакында жыйналган “Киши сыяктуу маймылдардын чоң сөздүгүндө” түшүндүрүлөт.
“Жапайы шимпанзе, горилла, бонобо жана орангутан - баары тең күнүмдүк тиричиликте өз өтүнүчүн жаңсап айтышат. Бирок бүгүнгө чейин бул картинада бир маймыл - биз жетишпей жатканбыз”,-дейт Сейнт Эндрю университетинин Психология жана Нейроилимдер мектебинин окутуучусу, д-р Кэтрин Хобайтер (Catherine Hobaiter, School of Psychology and Neuroscience).
Балдар маймылдарга салыштырганда бир нерсени колу менен сайып алда канча көп көрсөтүшөрүн жана саламдашканда же коштошкондо чоң кишилер тейде колдорун булгашарын изилдөө көрсөткөн. Маймылдар болсо кол булгап саламдашпайт да, коштошушпайт да экен.
Окумуштуулардын ырасташынча, адамдар жана маймылдар ортосундагы бөлүнүү 5-6 миллион жыл мурда болгон.
(Булагы: ttps://link.springer.com, https://news.st-andrews.ac.uk)