Тажик келин жана Кремлдеги саясатчынын үй-бүлө чыры

Юрий Глазьев тажик аял Фируза Савушкина менен (сүрөт: REN TV)

Тажикстандык эки келиндин урушу Путиндин кеңешчиси, саясатчы жана экономист Сергей Глазьевди өз уулу менен тирештирди.

Орусиянын "РенТВ" телеканалы ушул жума “сүйүү драмасы белгилүү саясатчынын үй-бүлөсүн талкалаганы турат” деген макаланы жарыялады. Анда Сергей Глазьевдин уулу, 23 жаштагы Юрий Глазьев ата-энесинин каршылыгына карабай 31 жаштагы тажикстандык Фируза Савушкина менен жашап жатканда, анын жарандык келинчеги жалган жалаа менен камакка алынганы баяндалат.

Москва областынын Солнечногорский шаардык соту Орусия президентинин кеңешчисинин “келини”, тажикстандык мигрант Фируза Савушкинаны убактылуу кармоочу жайга “киши өлтүрүүгө аракет кылды” деген кине менен камашкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында 31 жаштагы Савушкина Глазьевдердин үй кызматкери болуп иштеген, өзүнүн жердеши Диляфруз Мирзоеваны өлтүрүүгө аракет кылган деп жазылат.

Бирок саясатчынын баласы Юрий Глазьев күч органдардын версиясын четке кагып, бул атасы менен апасынын буйрутмасы деп ишенээрин "РенТВ" каналына айткан:

- Сергей Юрьевич Глазьев, менин атам, Орусия президентинин кеңешчиси мына ушулардын баарын пландаштырып жатканда полицияга, дагы башка керектүү жактарга “кармагыла, катаал чара көргүлө” деп катуу тапшырмасын берген деп ойлойм.

Алдыңкы эшалондогу абройлуу чиновниктин уулунун бул кадамын коомчулук кызуу талкууга ала баштады. Алардын бир бөлүгү бала туура эмес тарбия алган деп айтышса, экинчи тараптагылар жигит сүйүүдөн акылын жоготкон экен деп баа беришүүдө.

Юрий Глазьев жарандык никедеги тажик аялы Фируза Савушкина менен (REN TV)

Эмнеси болсо да 23 жаштагы Юрий Глазьев 31 жаштагы жарандык никедеги тажик жубайы менен бактылуу жашоосу үчүн ата-энесине согуш жарыялаганын орусиялык телеканалга курган маегинен байкаса болот.

Учурда чиновниктин баласы таңдан кечке сүйүктүүсү менен чогуу түшкөн сүрөт, видеолорун барактап, дээрлик бардык күндөрүн камакта отурган Фирузанын кызы жана туугандары менен өткөрүүдө.

Ал ортодо Орусия президентинин кеңешчиси Сергей Глазьевдин да пикири жарык көрдү. Анда чиновник учурда Малайзияда иш сапарда жүргөндүгү жана бул жагымсыз окуяда ал келечектеги келини Фируза тарапта экени баяндалат:

- Деги адвокат кайда жүрөт? Эмнеге тиги арыз таштаган кыз менен элдешүү келишими түзүлө элек? Тиги Фируза да жазып берсин арызын. Орусча ката жазса да жазып берсин, элдешем деп.

"Тажик золушкасы" атыккан кош бойлуу Фируза аттуу мигрант келинди күнөөлөп каматкан жердеши Диляфруз Мирзоева да учурда элдешүүгө даяр экенин айтып чыкты.

Сергей Глазьев

Чиновник атасы чет өлкөдө жүргөндө коомчулукка үй-бүлө жаңжалын айтып чыккан баланы эртеңки күнү эмне күтүп турары азырынча белгисиз.

Глазьевдердин үй-бүлө чырынын артында саясий оюндар турат дегендер да жок эмес. Себеби жакында эле бир экономикалык отурумда Орусия президентинин Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймак алкагында интеграциялык өнүгүү боюнча кеңешчиси Сергей Глазьев орус рублине болгон мамлекеттин саясатын сындап чыккан.