Саудиянын саясаты диниятчыларды таарынтты

Меккеде зыярат кылып жаткан мусулмандар. 20-август, 2018-жыл.

Саудиянын аймактагы агрессиялык аракеттери, Эр-Рияддын адам укуктарын сыйлабаганы үчүн бир катар ислам диниятчылары жана илимпоздор мусулмандарды ажылыкка барбоого чакырып жатышат. Кыргызстанда болсо ажыга барууну эңсегендердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө.

32 жаштагы Мухаммед бин Салман соңку жылдары Сауд Арабиянын образын өзгөртүп, өзү “либералдуу” деп эсептеген реформаларды өткөрүүгө аракет кылып келет.

Ханзааданын кийлигишүүсүнүн жыйынтыгында 2018-жылдын июнь айынан бери аялдарга машине айдоого уруксат берилди. Кинотеатрларга жана спорттук иш-чараларга барууга шарт түзүлдү.

Көп өтпөй Мухаммед бин Салман Саудия 2030-жылдан тарта жыл сайын 30 миллионго чейин туристти кабыл алууну боолгоп жатканын билдирди.

Ал эми 2020-жылдан баштап туризм тармагына жана инфраструктуранын өнүгүшүнө 35 миллиарддан кем эмес каражат салынарын жарыялады.

Биринчи кезекте бул каражат жакшы өздөштүрүлө элек жана пайдаланылбай турган Кызыл деңизге 50 арал салууга жумшалмакчы.

Мындан тышкары жаңы технологиялар менен жабдылган, роботтошкон системалык башкаруусу жана кызмат көрсөтүүсү бар NEOM деп аталган футурологиялык шаарча салууга 500 миллиард доллар сарпталмакчы.

"Неом шаарында биз буга чейин дүйнөдө болбогон нерселерди ишке ашырууну көздөп жатабыз. Шаарды куруу үчүн бир катар компанияларды жана адистерди тарттык", - деген Мухамед бин Салман.

Сауд Аравиянын ханзаадасы Мухаммед бин Салман. 23-октябрь, 2018-жыл.

Анткен менен мындай жаркын долбоорлор да падышалыктын ички жана тышкы саясаттагы агрессивдүү аракеттерин жашыра албагандай.

Буга Сауд Арабия башында турган коалициялык күчтөрдүн Йеменде жүргүзүп жаткан туш келди аба соккулары, журналист Жамал Хашогжинин Түркиядагы Эр-Рияддын консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлүшү да түрткү болууда.

2015-жылдан бери Йемендеги жарандык согушта 10 миңден ашуун киши кырылды, алардын үчтөн эки бөлүгү жайкын тургундар.

Мына ушундай нааразылыктардан улам апрель айынын соңунда Ливиядагы белгилүү диниятчы Садик аль-Гариани мусулмандарды 2019-жылы ажылыкка барбоого чакырды.

“Ажылыкты бойкоттого чакырганымдын себеби - Эр-Рияд зыяратчылардан укмуш киреше табат. Бул каражат курал-жарак алууга жана аны менен Йемендеги агрессиясын улантууга мүмкүнчүлүк берет. Мунун таасири Сирияга, Ливияга, Туниске, Суданга жана Алжирге тийип жатат”, - деп билдирген Садик аль-Гариани.

Дагы караңыз Саудиттер эми Кыргызстанга мектеп салат

​Дагы бир белгилүү суннит диниятчы Юсуф аль-Карадави өткөн жылдын август айында Меккеге зыярат кылууга тыюу салган фатва чыгарган.

Карадави өз чечимин “Аллах, ачтын курсагын тойгузуп, жалчыга жатак берип, дарты барга кол сунган адамды акчасын ажыга салган адамга караганда көбүрөөк жакшы көрөт”, - деп түшүндүргөн.

Жыл сайын Меккеге ажылыкка 2,5 миллиондой адам барат. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 квота бөлгөн. Муфтияттын өкүлү Равшат Эратовдун айтымында, соңку үч-төрт жылдан бери ажылыкка барууну каалагандардын саны Кыргызстанда азайган жок, тескерисинче бөлүнгөн квотадан жыл сайын ашып калат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.