Ажылык мусулман адам аткара турган беш парздын бири. Бирок тажик аткаминерлери бул үчүн Меккеге улам баруу зарыл эместигин эскерте баштады. Карапайым элдин бул боюнча пикири да ар түрдүү:
- Менин чоң атам ажыга барган. Экинчи ирет барганда ыраазы болуп кайтты. Адеп барганда баарын толук көрүп-билбейт экенсиң. Бирок үчүнчү жолу ажыга барбай эле акчасын кайрымдуулукка жумшаса болот.
- Кимдир бирөө бара алат, кимдир бирөө элге акчалай жардам берет.
- Ар ким өз ишин өзү чечет. Ошенткени эле дурус.
- Адегенде уул-кызыңды үйлөнтүп-жайлантып, андан кийин деле барса болот, - деп жооп беришти Дүйшөмбүнүн тургундары.
Тажикстандыктар үчүн Сауд Арабия жылына 6 миңдей ажылык орун бөлөт. Зыяраттын баасы 4500 доллар. Андан тышкары ажы болууну ниеттенген адамдын жеке чыгымы да бар. Уюштуруучулар Меккеге жыл сайын барууну каалагандар көп экенин белгилешет.
Жергиликтүү аткаминерлер ажылыкты "мелдешке" айлантуу ордуна акчаны мектеп же оорукананы оңдоого, жетим-жесирлерге бөлүп берүүгө үндөп жатышат.
Тажикстандын Дин иштери комитетинин расмий өкүлү Афшини Муким мындай ойдо:
- Айрымдар канчалык ажыга көп барса, сообу ошончолук тиет деп ойлошот. Бирок шариятты мыкты билгендер, дин аалымдары муктаж болуп турган жакыныңа же башкага жардам берсең, кайталап ажыга барганга караганда сообу чоң экенин айтышат. Андайлар бар. Мисалы, алыскы айылдардын биринде бирөө өз эсебинен мектепти оңдотту. Дагы бири айылдаштары үчүн мончо салды. Бул башка тургундарга үлгү болушу керек.
Чектелүү орундарды мурда баргандар эле ээлеп албашы үчүн өкмөт беш жыл мурда атайын эреже киргизген. Ага ылайык, Меккеге бир ирет барып келген адам ажыга кийинки беш жылдан кийин гана бара алат. Бирок муну да кыйгап өтүп, башка өлкөлөр аркылуу жөнөп кеткендер арбын.
Тажикстанда өткөн жылы ажыдан келгенден кийин дасторкон жайып, элди чакырууга тыюу салынган. Ажылыкка 40 жашка чейинкилер да бара албайт. Барам деп арыз бергендердин өз үйү болушу керек, эрезеге жеткен уул-кыздары үйлөнүп-жайланып, ошондой эле банкка карызы жок болушу шарт.
Ошол эле маалда маселенин экинчи жагы да бар. Тажик өкмөтү адамдардын диний максаттарына, дин тутуу эркиндигине кийлигишип, чектеп жатканын эл аралык коомчулук белгилеп келет.
Кошмо Штаттар быйыл дагы “дин эркиндигин чектеген” он өлкөнүн катарына Тажикстанды кошту. Анда сакал коюп, хижаб кийүүгө тыюу салуулар, башка диндин өкүлдөрүнө өз ишмердиктерин жүргүзүүгө тоскоолдуктар бары белгиленген.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.