Сауд Арабия: Ханзаада туугандарын каматты

Мухаммад бин Салман

Сауд Арабиясында ондогон таасирдүү адамдар – ханзаада, министрлер кармалды. Жазалоо чаралары дагы улантылары кабарланууда. Бул кадамдар коррупцияга каршы аракеттер деп түшүндүрүлгөнү менен падыша жана анын мураскор уулунун атаандаш туугандарынан арылуу аракети катары да сыпатталып жатат.

7-ноябрдагы маалыматтарга караганда, Сауд Арабстанда жеке адамдарга жана ишканаларга тиешелүү 1200 банк эсеби жабылды. Ага чейин ишембиден тартып падышалык үй-бүлөдөгү 11 ханзаада, төрт министр, ондон ашуун мурдагы министр жана дагы бир нече ишкана жетекчилери кармалганы кабарланган. Аларга арам акчаны адалдоо, паракорлук, мамлекет акчасын кымырып алуу боюнча айыптар тагылууда.

Өлкөдөгү таасирдүү жана бай адамдарды ошол эле күнү падыша Салман түзүп, уулу - башкы ханзаада ​Мухаммад бин Салман жетектеген антикоррупциялык кызмат кармады.

Падыша өзү да ички коопсуздук жана экономика министрлерин алмаштырды. "Ал-Арабия" мамлекеттик телеканалы Халед бин Аяф Улуттук гвардиянын башында турган ханзаада Митеб бин Абдуллахтын ордуна дайындалганын маалымдады.

Үй-бүлөлүк клан

Сауд Арабстандын алгачкы падышасы Ибн Сауддун 46 уулу болгон. 1953-жылы көзү өткөндөн кийин бир туугандар бийликти кезектешип башкарып келатышкан. Бирок учурдагы падыша Салман быйыл жайда салтты бузуп, агасынын уулун такты мураскорлугунан четтетип, ордуна өз уулу Мухаммад бин Салманды дайындаган эле. Ошондо 32 жаштагы Мухаммад дароо премьер-министр кызматына отуруп, коргоо министри кызматын да сактап калган.

Падыша Салман мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен

81 жаштагы падыша Салмандын саламаттыгы жакшы эмес. Ошондон улам баш ханзаада атасынын ордун тез эле басары болжолдонуп жүрөт.

Сауд Арабстанды өзгөртүү амбициясы

Мухаммад бин Салман да кызматка келери менен ишенимдүү саясат жүргүзүүдө. Саудиянын экономикасын өзгөртүп, 2030-жылга чейин мунайга көз карандылыкты азайтууга белсенген. 2020-жылга карай бюджеттин мунайдан башка булактардан тапкан кирешеси 100 млрд долларга жетерин убада кылган.

Жаңы технологияларды өнүктүрүп, 500 млрд долларга Неом аттуу шаар курганы жатат. Неом шамал жана күн энергиясы менен толук камсыздалып, анда биотехнология, жогорку технологиялык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт.

Өлкө экономикасы учурда мунайдан көз каранды. Камакка алынгандар мунайдын акчасын көзөмөлдөп, байлык топтоп турганы менен белгилүү. Мындан улам болочок падышанын кадамдары аларга жакмак эмес. Ошол эле учурда бийликти өткөрүү салтынын бузулушу да падышалык үй-бүлөнүн ичинде нааразылыкты жаратышы мүмкүн.

Ушул жана башка факторлор эске алынып, Эр-Рияддагы акыркы камоолор болочок падышаны атаандаштарынан арылтуу, бийликти бекемдөө аракети катары сыпатталууда. Айрымдар болсо башкы ханзаада жарыялаган чечкиндүү экономикалык саясаттын үзүрү деп мүнөздөйт. Алардын бири Эр-Рияддагы Albilad инвестициялык ишканасынын менеджери Турки Фадаак:

- Сауд Арабиянын жаңы тарыхында жогорку кызматтагы адамдар, ханзаадалар, министрлер жана экс-министрлер биринчи жолу камакка алынууда. Бул келечекке карай маанилүү белги. Багытын өзгөртүп жаткан кандай гана экономика болбосун коррупция менен күрөшүүсү керек. Коррупциянын тамыры кыркылмайын реформалар ийгиликтүү болбойт.

Жергиликтүү саясий аналитик жана журналист Мансур аль-Амир болсо камакка алуулар элге да жагып жатканын айтат:

- Бул чаралар карапайым адамдардын ачуусун басары талашсыз. Анткени алар тизмеде аты аталган адамдар жана жогорку кызматтагылар юридикалык жоопко тартылбайт деп ойлошчу. Бирок мындай тизменин пайда болушу жана элге тарашы эч ким жоопкерчиликсиз калбайт деген ишенимди жаратып, акыр аягы элге жана өнүгүүгө пайдасын тийгизет.

Падыша Салман Трампты Эр-Рияддын аба майданында тосуп алууда, 20-май 2017-жыл.

Падыша Салман менен мамилеси дурус АКШ президенти Дональд Трамп акыркы окуяларды кубаттап чыкты.

"Сауд Арабия падышасы Салман менен мураскоруна бекем ишенем. Алар эмне кылып жатышканын жакшы билишет" деп Трамп Твиттерге жазды. Дагы бир твитинде кармалгандардын айрымдары "узак жылдардан бери өлкөсүн "саап" келатышкан" дейт.

Трамп 17 млрд доллар байлыгы бар, дүйнөлүк ири компанияларга акча салган канзада Алвалид бин Талалды айтып жаткан өңдүү. Аны менен Трамптын мамилеси мурдатан жакшы эмес.

Талдоочулар, эл аралык жана жергиликтүү медиа падышалыкта кармоо, камакка алуулар ушуну менен токтобойт деп ырасташууда. Ошол эле учурда бир туугандар арасындагы башка таасирдүүлөрү да Салман жана анын уулуна оңой-олтоң алдыра койбосу белгиленет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.