Сауд Арабиянын коргоо министри Салман Аль-Сауд бул аскерий блок бир эле “Ислам мамлекети” тобуна эмес, аймактагы башка бардык террордук уюмдарга каршы турарын жарыялады. Геосаясат жаатындагы эксперттер ал аскерий союзга кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү сунниттер экенин эске алганда, бул жагдай аймактагы ансыз да аялуу ажырымды тереңдетип жибериши мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Жаңы коалиция кимдерден турат?
Сауд Арабиясы демилгелеген жаңы аскерий союзга Түркия, Малайзия, Пакистан, Катар, Бахрейн, Тунис жана Египет баштаган 34 мамлекет кире турганы жарыяланды. Сауд Арабиянын коргоо министри Салман Аль-Сауд бул коалиция өзүнүн террорчулукка каршы аракеттерин бир эле “Ислам мамлекети” тобуна багыттабастан, ал аймактагы бардык террорчул уюмдар менен күрөшө турганын айтты. Бирок бул аскерий союзга саудилердин аймактагы атаандашы болгон Иран жана Ирак кирген эмес. Ошондуктан эксперттер арасында жаңы аскерий союзду аймактагы сунниттер менен шийиттердин ортосундагы күчөп бараткан ажырымдын туундусу катары карагандар да бар. Анткени бул аскерий коалицияга кошулгандардын он сегизин сунни багытындагы араб өлкөлөрү түзөт, калганы Африка менен Азиядагы калкынын көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн мамлекеттер. Араб лигасынын баш катчысы Набиль аль-Араби бул аскерий коалицияны колдоп чыкты:
- Биз террорчулукка каршы бирге күрөшөбүз деп милдеттеме алган кандай гана союз болбосун жана ага кайсы гана өлкөлөр кирбесин, алардын демилгесин 100 пайыз колдойбуз. Биздин лиганын бир жарым жыл мурун кабыл алынган резолюциясында да террорчулуктун кандай гана түрү болбосун, ага каршы биргеликте күрөшүү зарылдыгы каралган. Бул биринчи кезекте аскердик кийлигишүүдөн сырткары идеологиялык негизде жүрүүгө тийиш. Бул жаңы коалициянын түзүлүшү колдоого аларлык.
Былтыр “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү үчүн АКШ 65 мамлекеттен турган эл аралык коалиция түзүлгөнүн жарыялаган. Ага Сауд Арабия, Бахрейн, БАЭ жана Иордания сыяктуу төрт араб мамлекети кошулган. Бирок Бахрейн менен БАЭ аскерий операциясын токтотсо, кийин Сауд Арабия менен Иордания бул коалициядан чыгып кеткен.
Талдоочулардын баамында, Орусия менен Ирандын Сириядагы шийиттик режимди ачык колдоп чыгышы Жакынкы Чыгыштагы тең салмактуулукту бузуу коркунучун жараткан. Андыктан аймакта Ирандын таасиринин өсүшүнөн жана андагы шийиттик бийлик режимдеринин күч алуусунан чочулаган Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөр жаңы аскерий союз аркылуу ага каршы турууга белсениши мүмкүн.
Москванын шийиттер менен союздаштыгы эмнеге алып келет?
Орусиялык саясат талдоочу Андрей Пионтковский бул жагдайда Москванын курамына Асад режими, Иран, “Хезболлах” уюму жана расмий Багдад кирген шийиттик коалицияны жетектегенин опурталдуу “оюн” деп баалады:
- Баарынан жаманы мына ошолордун бардыгы радикал шийиттик багытты кармангандар. Биз болсо азыр мына ошол шийитик багытта түзүлгөн бул коалицияны башкарып алып, сунниттик радикалдарга каршы күрөш жарыялап жатабыз. Мындайча айтканда биз мында орто кылымдагы диний араздашуунун ордосуна кирбестен, ага түрткү берип, от жагып жатабыз. Мындай жагдайда буга карата сунниттик жихадчылардын жообу өтө эле тез болобу деп корком.
Бул көз карашты колдогон экинчи бир орусиялык эксперт Сергей Цыпляев учурда Москва Сириядагы операциясы аркылуу Асадды колдоп ислам дүйнөсүндөгү экинчи бир чоң тарапты өзүнө каршы коюп алды деп белгиледи. Сергей Цыпляев бул саясаттын кесепети бара-бара Орусиянын өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн экенин эскертти:
- Биз шийиттер менен бирге коалиция түздүк. Ал негизинен Перси улуту жана ага тектеш элдерден турат. Бирок биз сунниттерди өзүбүзгө каршы коюп алган жокпузбу? Бул деген Сауд Арабия, Египет, Түркия жана бүтүндөй Борбор Азия. Ошондой эле Орусиянын курамындагы республикалар жана мусулман коомчулугу. Биз алардын келишкис каршылаштары менен коалицияга кантип кирип алганыбызды эми Дагестандагы, Ингушетиядагы ошол элдерге түшүндүрүшүбүз керек. Бул деген протестанттардын католиктерге каршы отуз жылдык согушуна аралашып алганга окшош нерсе да.
Ошол эле кезде жаңыдан түзүлгөн аскерий коалициянын келечегинен күмөн санагандар да арбын. Анткени ага кирген өлкөлөрдүн ички карама-каршылыктары террорчулукка каршы бирге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк береби деген суроо турат. Мисалы, “Ислам мамлекети” тобу үстөмдүк абалдагы Ливияны азыр эки өкмөт башкарууда. Алардын бирин Түркия менен Катар, экинчисин Сауд Арабия менен Египет колдойт. Эми алар бир коалицияга кирүүгө макулдашты. Бирок эксперттер мында аймактык державалардын кызыкчылыгынын кагылышуусу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт. Ал арада жаңыдан түзүлгөн бул коалициянын ишмердиги кагаз жүзүндө гана калбайбы деген күмөн саноолор да бар.