Крым: Орусиянын согушка даярдыгы

Орусия оккуппациялап алган Крымдын Медведевка айылындагы аскердик чептердин спутниктен тартылган сүрөтү, 3-январь, 2023-жыл.

Спутниктен тартылган сүрөттөр Москва Украинанын жазгы контрчабуулун утурлай Крым жарым аралын коргоого даярданганын көрсөтүп турат.

Крымдын түндүгүндөгү Маслово айылындагы танктарга каршы (ажыдардын тиши) коргонуу.

Январь-март айынын аралыгында спутниктен тартылган сүрөттөр орус аскерлери Крымдын бир нече районунда даярдык көргөнүн тастыктайт.

Бул болсо Медведевка айылындагы танкка каршы коргонуу жайлары, 11-февраль, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-апрелде украиналык мусулман жоокерлер менен ооз ачып, крым татарларынын тарыхый жери делген Крым жарым аралын кайтарууну убадалаган.

Медведевканын айланасындагы окоптор.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-апрелде украиналык мусулман жоокерлер менен ооз ачып, крым татарларынын тарыхый жери делген Крым жарым аралын кайтарууну убадалаган.

Медведевка айылындагы Орусиянын танктары жана артиллериясы.

Москва дайындаган Крымдын лидери Сергей Аксёнов 11-апрелде журналисттерге жарым аралда заманбап, терең коргонуу даярдалганын билдирген. Анын айтымында, Орусияда Украинанын чабуулуна туруштук бере ала турган аскер, техника жетиштүү.  
 

Медведевкадагы база.

Аксёнов башында Крымдагы коргонууну бекемдөө ноябрь айында башталганын айтып, бирок деталдарына токтолгон эмес. Ал эми февралдагы Орусиянын президенти Владимир Путин төрагалык кылган коопсуздук боюнча кеңеште даярдыктар апрель айында аяктай турганын айткан.  

Армянск шаарынын түндүк тарабындагы аскер техникалары жана окоптор. 16-февраль, 2023-жыл.

Украинанын аскер жетекчилери өнөктөштөрү берген танктар, курал-жарактар жана Батыштан окуп келген жоокерлер менен контрчабуул жасай турган күн алыс эместигин айтып келет.  

Евпатория шаарынын түштүк-батышында деңиз жээгиндеги "ажыдар тиши" жана окоптор. Сүрөт 12-мартта тартылган.

Украина Крымдан орус күчтөрүн сүрүп чыгууда катуу каршылыкка туш болчудай. Анткени аскерлери мина талааларынан, танктарга каршы аңдардан жана башка тоскоолдуктардан өтүш керек.


 

Деңиз жээгине жайгаштырылган артиллериядан да өтүү оор болот. Сүрөттө жарым аралдын батыш тарабындагы Витино айылына жайгаштырылган артиллерия куралдары.
 

 

Maxar компаниясы спутниктен тарткан Крымдын сүрөттөрүнөн Орусиянын чептери жана окоптору көрүнүп турат. Эксперттер жарым аралдан орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу украин аскерлери үчүн кыйынга турарын эскертүүдө. Киев бийлиги Москва 2014-жылы аннексиялап алган Крымды кайтарып алууну убадалап келет.