Сапаты санааркаткан Ош-Ноокат жолу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңыдан асфальт төшөлгөн Ош-Ноокат жолу кайрадан коомдун талкуусуна түштү. Асфальттын биринчи катмары басылып бүткөндөн бир жума өтпөй жолдун айрым жерлери чөгө баштаган. Ноокат районунун тургундары жолдун сапатынан шек санап турат.