Өкмөт 24-июнда жашоого өтө зарыл дары-дармектерди Кыргызстанга каттоосуз алып келүүгө берилген уруксатты дагы алты айга узарткан токтом чыгарды. Бул токтом коомдо талаш пикирди жаратууда. Өкмөт дары-дармектердин таңкыстыгынын алдын алып жатканын айтса, бир катар эксперттер өлкөгө сапатсыз дарылардын агымы күчөйт деп эсептейт.
Министрлер кабинетинин 24-июнда чыккан бул токтому азырынча расмий булактарда жарыялана элек. Тармактагы адистер кандай дары-дармектерге уруксат берилип жатканы белгисиз экенин, анткени андай тизме токтомго тиркелбегенин айтышууда.
Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти жашоого өтө зарыл дары-дармектердин баарына уруксат берилгенин билдирүүдө. 2018-жылы акыркы жолу жаңыртылган тизмеде 432 дарынын аталышы бар.
Бейтаптар уюмдарынын бирлигинин төрайымы Гүлмира Абдыразакова Министрлер кабинетинин токтомуна караманча каршы болууда. Ал уруксаттын айынан өлкөгө сапаты начар, өндүрүшү күмөндүү дарылар арзан баада кирип, алар бейтаптардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатат деп эсептейт.
"Мен ал токтомго жүз пайыз каршымын. Ушул дарыны сунуштаган адамдар, адистер деп коёюнчу, "мамлекетке азыр дары-дармек кирбейт, көп дары-дармектин жоктугунан ушул токтомду киргизиш керек" деп айтып жатышат.
Макул, ушундай маселе турса, кайсы дарылар келбей жатат, кайсыларды биз сатып ала албайбыз - изилдедиби, санадыбы? Кайсы дары-дармектер келбейт – тизмеси түзүлдүбү, кайсы мекемелер ошол дарыларды сатып албаганы боюнча тизме барбы? Жок! 2020-жылы бардык мамлекеттер кыйналды, аны тим коёлу. Жок дегенде 2021-жылды талдадыбы? Жок! Анан ушул дарылардын пайдасы тиерине ким кепилдик бере алат? Жоктон жогору деген болбойт да. Алса алат, албаса жок дегендей бул тамак-аш же жөн эле шайман эмес. Анын баары тендерге кирет. Тендерге киргенден кийин бүт аймактык ооруканалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ошондон алат. Кайсы дарыларды алып жаткандыгы белгисиз болууда".
Абдыразакованын айтымында, бейтаптар коомунун аталган токтомду токтото туруу же өтө зарыл айрым дарыларды атайын тизмеге киргизүү, сапаты начар, өндүрүшү күмөндүү дарыларды киргизбей, өнүккөн өлкөлөрдүн дарыларына гана уруксат берүү сунушуна министрлик макул болгон жок.
Дагы караңыз "Дарыга байланган баңгилик": Өспүрүм тагдырын талкалаган азгырыкМындан улам ал дары-дармектерди Кыргызстанга каттоосуз алып кирүүгө айрым фармкомпаниялар кызыкдар экенин белгиледи.
"Алар жашоого өтө зарыл дары-дармектердин тизмесине такап атышат. Ал жакта бүт баары бар да. Мамлекеттик сатып алууга кирген, клиникалык протоколдогу бардык дарылар бар. Ошондо бүт дарыларды алып келсе болот турбайбы. Сапаты жакшы, оригиналдуу дарылар катыша албай калат. Анткени каттоосу жок болсо да беркилер кире берет. Алар, албетте, оригиналга караганда акчасын азайтат. Макул, арзан алат экенбиз, бирок дарылоо жагынан пайдасы болобу? Аны эч ким айта албай жатпайбы, пайдасы болоруна жана зыяны жоктугуна эч ким кепилдик бере албайт. Мамлекет өзүнүн чечимин чыгарып койду. Азабын ким тартат? Бейтап жана дарыгер. Биз азыр юристтер менен сүйлөшүп атабыз, алар кайсы жерде мыйзам бузуу болуп жатканы боюнча өзүнүн баасын берсин. "Дарыны колдонуу жөнүндө" мыйзам бар да. Ал жакта "дарыларды каттоо күбөлүгү менен гана киргизүүгө болот" деп жазылып турат. Ал мыйзам бузулуп атабы? "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамда дары-дармектерди сатып алууда «каттоо күбөлүгү бар болсо гана» деп жазылып турат. Ал мыйзам да бузулуп атабы? Ал жакта "дары коопсуз, эффективдүү болгондо гана алыныш керек" деп жазылып турат. Биз аны да бузуп атабыз. Азыр токтом эки мыйзамга каршы келет. Эмнегедир аны кулакка илбей жатышат. Мен коммерциялык лобби болуп жатат деп ойлоп атам. Кээ бир жеткирүүчүлөр ошондой бир лоббилик аракеттерди кылып атышат".
2020-жылдын сентябрь айында өкмөттүн жашоого өтө зарыл дары-дармектердин айрымдарын Кыргызстанга каттоосуз алып кирүүгө уруксат берген №178 токтому чыккан. Токтом боюнча ал тизмеге алгач 30, кийин дагы 39 дары-дармек киргизилген.
Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин фармацевтикалык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов бул жолку токтомдо өтө зарыл дары-дармектердин тизмесиндеги дарыларга уруксат берилгенин билдирди.
"405 же 408 эл аралык аталыштагы дары-дармектер бар. Ошолордун баарына уруксат берилди. Жашоого маанилүү дары-дармектердин тизмеси атайын эксперттер менен түзүлгөн. 2018-жылы түзүлгөн тизмедеги дарыларды гана каттоосуз алып киргенге уруксат бердик. Биринчи талап - мамлекеттик каттоодон өтүш керек. Экинчи талап - сапат жагынан жооп бере турган керектүү документтери болушу зарыл. Ошол эле учурда биздин лабораториялык тараптан алардын сапатын дайыма аныктап турабыз. Андан кийин гана алып келгенге уруксат берилет".
Саламаттык сактоо жаатындагы айрым адистердин пикиринде, 2020-жылы жалпысынан 69 дарыга уруксат берилгени менен, ал токтомдо айлакерлик колдонулуп, аны айрым фармацевтикалык компаниялар өз кызыкчылыгына пайдаланып турушкан. Маселен, белгисиз себептер менен токтомдо «жана/же» деген сөз кошулуп, ага таянган компаниялар тизмеде жок, сапаты күмөндүү дарыларды да алып кирип, тендерге катыштырганга аракеттенген учурлар болгон.
Дагы караңыз "Украинадан арзан келчү". Дары издеген бейтаптарОнкологиялык бейтапканада өткөн тендерде ошондой учур катталып, айрым мүчөлөрдүн каршылыгынан улам комиссия ал дарылардын бирин четке кагууга мажбур болгон. Каршылыкка карабай дагы бир катары сынактан өтүп кеткен.
Кыргызстандын мурдагы башкы фармакологу, Кыргыз-Орус Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Аида Зурдинова бүгүнкү абал 2020-жылдагыдай оор эмес, дары-дармек жеткиликтүү деген пикирде.
Ал дары-дармек менен камсыздоо департаменти айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгы үчүн өз милдетин аткаруудан оолактап жатканын боолгойт.
"Азыр каттоосуз киргизгенге муктаждык жок. Рынокто дары-дармек жетиштүү, ал дарылар анчалык тартыш эмес. Каттоосуз киргизсе департамент дарылардын сапатын кантип текшерет? Директор сапатын текшеребиз деп айтып жатат, кантип текшерет? Досьеси жок, кандайдыр бир терс жактары болуп калса, так ошол каттоосуз келген дарылардан болгонун каяктан билишет? Департаменттин иши каттоого алуу, ар бир дары өлкөгө киргенде каттоочу досье тапшырылышы керек. Тизме боюнча бизге кайсы өндүрүүчүлөр, кайсы дарылар менен кирип жатат? Бул тууралуу маалымат жок болуп атпайбы. Мисалы, департаменттин сайтында маалымат жок. Кайсы дарыларды каттоосуз киргизгенин жазышпайбы. Өңдүрүүчүсү кайсы фирма экен? Департаменттин эң негизги иши ошол да, каттоого алып, сапаттуу дарыларды киргизиш керек. Сапаты жок дарылардын баарын киргизе бербей".
Эреже боюнча Кыргызстандын аймагына кирип жаткан дары-дармектерди текшерүүдө алардын досьеси жана сапаты тыкыр текшерүүдөн өтөт. Тендер учурунда бааларга мониторинг жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо боюнча эксперт, "Өнөктөштүк тармагы" уюмунун жетекчиси Айбар Султангазиев жашоого өтө зарыл дары-дармектерди каттоосуз киргизүүгө берилген уруксатты узартуу боюнча атайын адвокациялык иштерди жүргүзүшкөнүн билдирди. Анын себебин эксперт мындайча түшүндүрөт.
"№178 токтом декабрга чейин убактылуу узартылды. Мен муну азыраак деп ойлойм. Эмне себептен? Биринчиден, ушул токтомдун арты менен ковид учурунда дары-дармектер жетиштүү болуп калды. Экинчиден, азыр башка абал, Орусияга салынган санкциялардан улам бизге дары-дармек алып келгенге оорураак болот. Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан бери бирдиктүү дары саясаты деген кирген да. Былтыртан баштап, бизде дарылар аз катталууда, мурда жыл сайын 300дөн 500го чейин катталса, акыркы эки жыл ичинде болгону үч эле дары катталды. Жаңы дарылар келбей калды, эски дарылардын каттоо убактысы бүтүп баратат. Дары тартыштыгына алып келген эки негизги себеп бар. Бул токтом дары-дармектин тартыштыгын болтурбоого жардам берет".
Медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова өкмөттүн 2020-жылы чыгарган №178 токтому пандемия учурунда дары-дармектердин тартыштыгынан сактай алган жок деген пикирде.
"Ал токтом «каралуу июлдан» сактай алган жок да. Ал кезде дарылардын баасы 800-1000% кымбаттап кетпеди беле? Көп дарылар табылбай калган. Көбү көмүскө базарда абдан кымбат сатылды. Гуманитардык жардам катары таркатылып жатты. Баары бир тартыштык болду. 300-500 сомдук дарылардын баасы 25 миң сомго чейин өсүп кеткен. Ушул токтом ошондой абалдын алдын алышы керек болчу. Бирок анте алган жок. Эч ким жоопкерчилик тартпады. Дары каражаттарынын тартыштыгы мурда-кийин анчалык болгон эмес. Ага карабай токтомду эки жылда төрт жолу узартышты. Акыркы бир нече жумадан бери Саламаттык сактоо министрлиги ковиддин айынан өлүмгө учураган фактыларды каттаган жок. Жугузгандар да абдан аз. Ошондуктан, министрлик ковид боюнча маалымат жарыялаганды токтотуп койду. Анда эмне үчүн бул токтомду узартуу керек?".
Кыргызстанда дары-дармектердин 1100 товардык аталышы катталган. Фармацевтикалык бирликтин талдоосу боюнча, болжол менен 400 товардык аталыш жетишпейт. Булар дары каражаттарын өндүргөн заводдор Кыргызстанда катталган эмес. Бирок суроо-талапка жараша алардын продукциясы кандайдыр бир айланма жолдор менен келет. Маселен, 2020-жылдагы дарыларды каттоосуз алып кирүүгө берилген уруксатка байланыштуу жеке жактар аларды өздөрү алып келүүдө.