Санарип жана интернет дүйнөсүндөгү URL ж.б. көйгөйлөр

КТМУда санарип жана интернет маселелерин талкуу кылуу маалы. Чоробек Сааданбек. 30.3.2011.

Интернеттеги кыргызча ресурстарды калыптандыруу маалында келип чыккан айрым жөнөкөй көрүнгөн, бирок олуттуу өксүк жагдайлар тууралуу блог.

Үстүбүздөгү кылымдын алгачкы жылдары иши кылып кыргыз тилинде текст жарыяланганын көрүп, маашырланып калаар элек. Эми чейрек кылым өтүп-өтпөй жатып, интернеттин кыргызча материалынын мазмунунун жогорку сапаты үчүн күрөшүп калдык.

Айрымдар элес албай жаткан жана калпыстыктарга жол коюлуп жаткан бир катар өңүттөр бар.

Алардын кээ бирлерине токтоло кетүүпү эп көрдүк.

Кыргыз тилинде бир катар компютердик программаларды чыгарган Эмил Асанов, Бишкек, 30.3.2011.

URL деген эмне?

Кыргызча “Википедияда” бул жаатта мындайча кыска маалымат берилген:

“Бирдиктүү орундарды аныктоочу (англ. Uniform Resource Locator (URL) - орус. Единый указатель ресурсов) – кайсы бир интернет-ресурска шилтеме боло алган конкреттүү символдор сабы. Ал тармак барагын издеп табат жана ал дарек Интернеттеги атайын ресурсту көрсөтөт. Ал URL http:// менен башталып, тармак барагын камтыган документтин бөлүгүнө чейинки даректи камтыйт...”

Мында маалымат булагы катары төмөнкү китеп көрсөтүлгөн: Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы / У.Н.Бримкулов, А.С.Өмүралиев, В.Ф.Бабак. – 2004. – ISBN 9967-14-014-3.

Балким, “Uniform Resource Locator” терминин “бирдиктүү орун аныктагыч” (шарттуу кыскартканда: БОА) деп которууга болоор.

Кандай болсо да, бул жана башка интернеттик технологияга таандык түшүнүктөр кыргыз тилинде сыпатталгандыгы үчүн жогорудагы сөздүк ээлерине алкыш айтабыз.

Дагы караңыз Коворкинг: санарип көчмөндөрдүн ордосу

БОА латын тамгалары менен терилгени алгылыктуу

Бул өңүт дагы өтө маанилүү жагдай. Бул http:// менен башталчу (www чекиттен соң да аныктоочу аталыштар латын тамгасында берилчү) интернеттик даректин андан аркы “куйругун” Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү бир катар интернеттик корлор (ресурстар) кирил жазмасында толтуруп койгон учурлар арбын.

Негизи, бул “куйруктар” деле латын тамгасында жазылгандыгы туура, анткени кирил жазмасында болгондо анын БОА аталышы жасалма түрдө өтө узун болуп калмак.

Мисалы, Википедиядагы “Конституциялык сот” деген макаланын “Конституциялык_сот” деген (18 тамгалык орундан турган) кирилче куйругу мындайча жасалма узартылып окулуп калат: https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D0%BE%D0%BD%D1%81%D1%82%D0%B8%D1%82%D1%83%D1%86%D0%B8%D1%8F%D0%BB%D1%8B%D0%BA_%D1%81%D0%BE%D1%82

Бул кырдаалды көбүртүп-жабыртып элестеткенде, бир саржандык чылбырдын ордуна бир жарым чакырымдык чылбыр алып, ат жетелегендей эле кеп болот.

Чоробек Сааданбек

Белгилүү журналист, публицист Чоробек Сааданбек негиздеген кыргызча “www.bizdin.kg” интернет барагы да файл дарегинин “куйругун” бир катар жылдар бою жогорудагыдай усулда кирил тамгалары менен толтуруп келди, кийинчерээк ал бардык маалыматтарынын БОА аталышын латын алфавитинин тамгаларына которду да, барактын жаңы аталышы “new.bizdin.kg” деп аталып калды.

Бул өзгөртүүнүн аркасында интернет барагында БОА дарегин көрүү жана көчүрүү жааты жакшырды.

Мисалы: https://new.bizdin.kg/knigi/category/tarykh-boyuncha-makalalar

Бирок бул интернет барагы да өзүнүн айрым барактарындагы БОАнын бөлүгүн кирил афавитинин тамгаларында калтыргандыгы байкалат.

Мисалы, ачык кол жазмалар (“открытые рукописи”) деген аныктамасы бар баракчаны алалык: https://manuscript.bizdin.kg/%D0%BE%D1%82%D0%BA%D1%80%D1%8B%D1%82%D1%8B%D0%B5-%D1%80%D1%83%D0%BA%D0%BE%D0%BF%D0%B8%D1%81%D0%B8/

(Анын так түрү: https://manuscript.bizdin.kg/открытые-рукописи/)

Балким, new.bizdin.kg барагынын корундагы маалыматтарды латын арибиндеги БОА аталышына которуу – жайбаракат жүзөгө ашырылчу жүрүмдүр?

Демек, интернетте жаңы барак ачып жаткандар негизделген көз ирмемден тартып эле барактын БОА дарегин латын тамгалары менен чагылдыруусу керектигин башында эле эске алышы абзел.

Бахтияр Шаршеев (Бахти Брати) сунуштаган кыргыз жана түрк битик (руна сымал) алфавитинин орусча жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.

БОАда ток этээрин жазуу зарыл

БОАга таандык кошумча аныктоочу сөздөр латын тамгаларында берилгендиги – бир маселе. Арийне, текст кыргызча жазылса да, БОАдагы терминдер орус тилинене алынган учурлар таң калтырбай койбойт. Баары бир ал файлды кыргызча гана бирңлген окурман ачууга тийиш эмеспи.

Айтканым түшүнүктүү болсун үчүн мисалга өтөйүн.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бир жарыясында көзгө дароо көрүнгөн бир жагдайбар: эмнегедир бүтүндөй кыргызча жазылган текст жарыяланган макаланын интернеттик дарегинде БОА (URL) аталышынын “куйругу” орус тилинде жазылыптыр:

russkij-press-reliz-po-delu-o-proverke-konstituczionnosti-normativnyh-polozhenij-vyrazhennyh-slovami-otchestvo-prisvaivaetsya-po-imeni-otcza-peremena-otchestva-osushhestvlyaetsya/

(Толугу менен: https://constsot.kg/kg/press/russkij-press-reliz-po-delu-o-proverke-konstituczionnosti-normativnyh-polozhenij-vyrazhennyh-slovami-otchestvo-prisvaivaetsya-po-imeni-otcza-peremena-otchestva-osushhestvlyaetsya/)

Мында "эки чакырымдык арканды чылбыр катары колдонуу" жаатын мындай коёлу, эмне үчүн мамлекеттик тилде жазылган текстти ачуу үчүн БОАнын куйрук жагы латын тамгаларында, бирок орус тилинде “русский-пресс-релиз-по-делу-о-проверке-конституционности-нормативных-положений-выраженных-словами-отчество-присваивается-по-имени-отца-перемена-отчества-осуществляется” деп чубалжытып жазылган экен.

(“Биротоло компүтерчи да өз ысымын кошуп койсо болмок экен”, деп аргасыз жылмайбай коё албайсыз!)

Дагы караңыз БАЭдеги Аал-Нахйаан жана кыргызча терминология көйгөйү

Кыскараак жазуу өрнөгүнө келсек...

Ушул саптар да орун алган блогдун БОА "куйругу" латынча төмөнкүдөй сунушталды: sanarip_kyrgyzcha_url_2023_chorotegin

Мындагы 2023 деген маалымат тиешелүү блог 2023-жылы жазылгандыгын көрсөтөт. Ал эми мындагы sanarip_kyrgyzcha_url деген ачкыч сөз бул макаланын кайсы маселеге арналгандыгын кыска-нуска чагылдырат.

Айрым учурларда БОАнын “куйругу” катары сандар гана сунушталып келет.

Маселен: https://www.azattyk.org/a/32495550.html

Жыйын катышуучулары Кыргыз –Түрк “Манас” университетинде кыргызча Википедияга арналган баяндаманы угууда. Бишкек. 30.3.2011.

Кыска тыянак жана сунуш

Эми санарип жана интернет дүйнөсүнөн эне тилибизди обочодо кармап тура албайбыз.

Кыргыз тилиндеги кирил жазмасындагы интернеттик маалыматтарды чагылдыруу, албетте, улам жаңы сереге бийиктеп чыга берээри бышык.

Дагы караңыз Жумакунова: Жаңы кыргыз латын алфавити – тарыхый зарылчылык

Уучубуз куру эмес. Бир учурда бир нече алфавитте кыргыз тилин “жашаткан” интернет барактардын бирин, маселен, Бахтияр Шаршеев сунуштоодо.

Караңыз: https://www.qyrgyz.com/alphabet-cyrillic

Арийне, айрым тараптар өз катасын өз алдынча гана талдап, улам жекече мүнөздө оңдоп, алдыга ташбаканын арымында илгерилегенден көрө, тийешелүү бийлик мекемелери, Кыргызстандын УИАсы жана башка илимий жана агартуу мекемелери, Мамлекеттик тил боюнча комиссия, медиа өкүлдөрү жана санарип адистери маал-маалы менен орток айдыңдык (терминологиялык ж.б.) курултайларга баш кошуп, кыргыз тилинин интернет жана санарип дүйнөсүнө ыңгайлашуу көйгөйлөрүн ачык талкуулап турушса жана өздөрүнүн орток чечимдерин калайыкка тез арада шардана кылып турушса, албетте, сонун иш болоор эле.

Айтор, айдыңдык жана санариптик улуу көчтүн жүрүшүндө байкалган кээ бир өксүктөрүн чогуу-чаран талдообуз жана түздөөбүз керек.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.